КЫРГЫЗСТАНДА 1 ЖЫЛДА 18 МИҢДЕЙ АДАМ ЖҮРӨК ООРУСУНАН КАЗА ТАБАТ

Акыркы кезде өлкөбүздө жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендердин саны өсүүдө. Ушундан улам 2012-жыл Жүрөк жылы деп жарыяланган. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшү эмнеден улам болууда? Бул суроонун түйүнүн М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары Акпай Сарыбаев чечип бермекчи.

СТАТИСТИКА

  • Дүйнө боюнча жүрөк оорулары жыл сайын 17,5 миллион адамдын өмүрүн алып кетет. 2030-жылы бул көрсөткүч 23,6 миллионго жетиши мүмкүн.
  • Кыргызстанда оорудан каза тапкандардын 48,8 пайызын жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандар түзөт.
  • Жыл сайын өлкөдө жүрөк оорусунан 18 миңден ашык адам, ал эми күн сайын 50дөй адам көз жумат.
  • Кыргызстанда 18 жаштан өйдөкү ар бир 2-3-адам жогорку кан басым оорусунан жапа чегет.
  • Ар бир үчүнчү жашоочу тамеки чегет.

– Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорусунан "ары карап" кеткендердин кээлери ишке жарамдуу курактагы, социалдык активдүү жашоо образын карманган, чыгармачыл, жогорку интеллектуалдуу, журтка башы көрүнгөн адамдар. Ошондуктан сизге бергим келген суроо жүрөк- кан тамыр оорусуна кайсы оорулар кирет жана алар эмнеден келип чыгат?
– Жүрөк-кан тамыр ооруларынын түрлөрү абдан көп. Эң көп кездешкендери гипертония (жогорку кан басым оорусу), кан тамырлардын атеросклероз оорусу, мунун ичинде миокарддын инфаркты, мээнин инсульту, цереброваскулярдык оорулары (мээнин кан тамыр оорулары). Дал ушул оорулар ооругандардын көпчүлүгүнүн каза болуусунун башкы себепкери. Инфаркт, инсульт акырындан пайда болуп, узакка билинбей жүрүп анан курчуй баштайт. Белгилери да анча байкала бербейт. Ушул себептүү медиктер "жүрөк-кан тамыр оорулары – тынч, үн-сөзсүз өлтүргүчтөр" деп бекеринен айтышпайт.
Жогоруда аталган оорулардын келип чыгуусун көп нерселер шарттайт. Алардын ичинен эң негизгилери – кан басымдын жогорулашы, канда холестерин менен канттын өлчөмүнүн көп болушу, тамеки тартуу, аз кыймылдоо, ичкиликти көп ичүү, семирүү, туура тамактанбоо, стресстер.

КАН БАСЫМЫ
Дени сак адам оорубаса деле 1 жылда 1 жолу дарыгерге көрүнүп, кан басымын өлчөп турушу керек. Нормада кан басымы 140/90 миллиметрден (тонометрдеги сымап мамычасы боюнча) ылдый болушу кажет.

ТАМЕКИ ТАРТУУ
Тамеки тарткан адамдар чылым чекпеген адамдарга салыштырмалуу 12 эсе көп инфаркт, инсульт жана гипертония оорусу менен ооруйт. Күн сайын тамеки тартуу атеросклероз оорусунун пайда болушун 3 эсе ылдамдатат. Канды коюулантып, кандын уюшун күчөтүп, кан тамырдын ичине уюган кандын пайда болушуна алып келет, кан тамырлардын иштөөсүн бузат. Ошондуктан тамеки тартуудан алыс болуу кажет.

ТУУРА ТАМАКТАНБОО, СЕМИРҮҮ
Бат даярдалуучу жана калориялуу тамак-аштарды, өзгөчө куйрук-боор, чучук, малдын майы дегендерди колдонуудан качуу керек. Булардан улам кандагы холестериндин өлчөмү көбөйөт. Алар кан тамырларды бүтөп калып, андан ары жакка кан менен кошо кычкылтек жетпей, ткандар өлө баштайт. Мисалы, жүрөктүн миокардынын инфаркты ушундан болот.
Курсакта пайда болгон 1 килограмм ашыкча май узундугу 1 чакырымга жете турган капиллярдык кан тамырдын пайда болуусуна алып келет. Бул, албетте, жүрөктүн иштешине күч келтирип, ооруларды жаратат. Андыктан салмакты көзөмөлдөп, өсүмдүк майынан жасалган, куурулбаган тамактарга басым жасап, жашылча-жемишти жеш кажет. Жашылча-жемиш кандагы холестериндин өлчөмүн азайтууга шарт түзөт. Чоң эркектердин белинин өлчөмү 94 сантиметрден, аялдардыкы 80 сантиметрден ашпоосу кажет. Мындан ашса, жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылуу коркунучу көбөйөт.

ФИЗИКАЛЫК АКТИВДҮҮЛҮКТҮН НАЧАРДЫГЫ
Офисте отуруп иштегендер аз кыймылдашат. Андыктан жок дегенде күнүгө 40 мүнөт ылдам жөө басуусу, болбосо 30-40 мүнөт чуркоо кажет. Бул зат жана кан алмашууну жакшыртып, кан тамырлардын серпилгичтигин жоготпой ийкемдүү кылып турат. Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Күн сайын 30-40 мүнөт тынбай жөө басуу инфаркт менен инсульттун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн 18-20 пайызга азайтат.

КАНТ ДИАБЕТИ, СТРЕССТЕР
Кант диабети да, негизинен, семирүүдөн жана стресстерден келип чыгат. Андыктан стресстерден өз убагында кутулуу, кант диабети оорусу бар болсо дайыма врачтын көзөмөлүндө болуп, дарыларын үзбөй кабыл алып туруу кажет. Стресстен чыгуу үчүн хобби менен алаксып, мисалы, сүрөт тартып же балык уулап, таза болбосо жакын достор менен көңүлдүү маектешүү зарыл. Учурда стресстер жумуштун жоктугунан, айлыктын аздыгынан да келип чыгууда. Мындай маселелерди өлкө башчылары кандайдыр бир деңгээлде чечип, элдин саламаттыгын да ойлоолору керек.

ИЧКИЛИК ИЧҮҮ
Көп ичкилик ичүү кан басымды жогорулатып, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Кээ бирлер катуу иштеп, кечкисин алкоголь ичсем гана чарчоону жакшы жазам деп туура эмес ойлошот да, көбүрөөк ичишет. Бул өзүнө оору тилегендик да. Ичкилик ичкенде дозадан ашырбай ичүү кажет (эркектер 100 грамм арак же 200-300 грамм шарап, аялдар 50 грамм арак же 150 грамм шарап).

– Жайкы ысык келатат. Мындай кезде жүрөк-кан тамыр оорусу барлар өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керек?
– Пахтадан тигилген ак түстөгү кийим жана баш кийим кийип, жанына сөзсүз суу алып жүрүүлөрү зарыл. Күн ысыкта кан басым көтөрүлүп, инфаркт, инсульт коркунучу күчөйт. Тиричиликти эртең менен жана кечки салкында жасоого көнүш керек. Мындайга шарт болбосо, анда убак-убагы менен көлөкөдө эс алып, таза суудан бат-баттан ичүү сунушталат. Оорусу барлар врачтын көзөмөлүндө болуп, жазып берген дары-дармектерди үзбөй ичүүсү кажет.

– Тоолуу климат да жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралышын шарттайт делет...
–Бийик тоолуу аймактарда жашагандардын көбү жүрөк ооруларынан, анын ичинде балдар да, чоңдор да жүрөк кемтигинен (порок сердца) жапа чегет. Эмне үчүн? Анткени жерден канчалык бийиктеген сайын кычкылтек азаят. Кычкылтектин жетишпестиги түз эле жатындагы балага таасир этет. Экинчиден, төрөлгөндөн кийин өпкөдөгү кан басымды жогорулатып, төрөлгөндөн кийин өзү бүтүп кала турган жүрөктөгү кемтиктердин бүтпөшүнө себепчи болот. Болочок наристе жүрөк кемтиги менен төрөлбөөсү үчүн кош бойлуу аял көп иш кылбай өзүн кароосу кажет. Анткени иш кылып катуу кыймылдаганда аба көп жетишпей кыйналат.

– Магниттик бороон ооруларды канчалык козгойт?
– Магниттик бороонду ар ким организмине жараша көтөрөт. Кээ бирлер сезбейт деле. Айрымдарынын өнөкөт оорулары курчуса, башкаларынын жүрөгү ооруйт, үчүнчүлөрүндө шакый (баш оору) башталат, төртүнчүлөрү депрессия абалына түшүшөт. Магниттик бороон кезинде жүрөк инфарктынын саны 3,5 эсе, инсульт 2 эсеге көбөйөт. Мындай кезде врач жазып берген дарыларды ичип, ачууланбаганга жана жумушту көп жасабаганга аракет кылуу кажет. Адам жанына магнитометр алып жүргөнү жакшы. Болбосо аба ырайы тууралуу маалыматтан кабардар болуп туруу кажет жана ошого жараша иш кылуу керек.

– Элге кайрылууңуз...
– Элин сергек жашоо образына үндөө менен чет өлкөлөрдүн көбү жүрөк-кан тамыр ооруларын 30-40 пайызга азайтты. Биз да ошондой көрсөткүчкө жетүүбүз зарыл. Адамдын ден соолугунун 50-60 пайызы өзүнүн, 20 пайызы врачтардын колунда. Калганы экологиядан жана адамдын тукумунан көз каранды экендигин унутпашыбыз керек.

Маектешкен соң Өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнө кайрылып, пациенттер менен баарлаштык.

Хабибулла Мамадалиев, 50 жашта, Сокулуктан.
Сот: – Жогорку кан басым оорусунан 5-6 жылдан бери жапа чегем. Оорум катуу кармаганда мурдумдан кан кетип, аны токтотуу үчүн тыгын салсам, оозумдан да кан агып айламды кетирет. Ооруну ишиме байланыштуу стресстерге кабылып жүрүп таптым деп ойлойм. Азыр убак-убагы менен дарыланып турам.





Тамара Койчуманова,
50 жашта, Бишкектен. Мугалим:
– Жогорку кан басым оорусунан 6 жылдан бери жабыркайм. Оорум кармаганда келип дарылануу адатым.
Негизи, адамдар, жогорку кан басым оорусун стресстерден, жетишпеген жашоодон табат экенбиз. Стресс менен күрөшүү жолдорун билип, оптимисттик маанайда жашасак дейм. Өкмөт, албетте, элдин жашоосун жакшыртуусу кажет.




ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНАН ЖАКЫНКЫ ЖЫЛДАРЫ КАЗА ТАПКАН БЕЛГИЛҮҮ АДАМДАР:

  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коомдук ишмер Шамшыбек Өтөбаев


  • “Ата Мекен” партиясынын активисти Асылбек Текебаев


  • Кыргызстандын Саясат таануучулар ассоциациясынын президенти, белгилүү саясат таануучу Нур Омаров


  • Атактуу манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев


  • Белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимканов


  • ММКларды колдоо борборунун директору Андрей Миясаров жана башкалар

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
GUMU
2012-04-23 14:08:31
бул оорунун айынан атам менен кош айтыштык. Бирок эн окунучтуусу, тез жардамчылардын кайдыгерлиги болду. Биз скорой чакыртканда акыбалы жакшыраак эле, 10минутада келчу жерге 45-50 минутада келишти, анысы аз келгенсип, келип алып документ толтурчубуз деп 10-15 минут жай баракат отуруп алышты, биз алардан жардам корсотуп анан докум.н толтуруусун сурандык. Бирок алар качан дем албай калганда аран укол, салып дем алдырымыш болуп жардам бере албай калдык деп басып кете беришти :((((((
0
tea23
2012-04-23 17:53:33
Bizde ayabay kuiruk menen Maydi kop jeshet. Kunumduk tamaktar sossuz mayluu jasalat. Mailuu emes bolso ushul da tamak bolmokpu dep jebey koyobuz. Bolnitsaga barsan baary ele ot, boor, boirok, jurok, davlenie, diabet m-n oorugandar. Besh barmak mantyny koi daje obychnyi kuurulgan tamaktarga dele jarym litrdey maydi ishtetebiz. Jurogu oorugandardyn kobu ele tolup ketkender.
0
Kroxa
2012-04-24 21:05:16
даа..ооруну озубуз тилейбиз эт майсыз жашоо жок..бизде 80-90го чыккан адам аз москвада 86 жаштагы кемпир поликлиникада санитарка болуп иштеп журот.аттин биздин энелер оорубай 80-90 до балпайып тордо отурса дейм...
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан