ООРУКАНАДАН КАЧЫП ЧЫГЫП, АДАМ ӨЛТҮРДҮ

Өткөн ишемби күнү Бишкек шаарынын милициясы шашылыш кабар таратты. Көрсө, борбор калаабыздын 3-кичирайонунда бирөөнү өлтүрүп, дагы бирин оор жаракатка кабылткан кылмышкерди издешиптир. Бул убакыт аралыгында эл ичинде “шаарда маньяк пайда болуптур” деген кабар тарап, элдин үрөйү учуп баштаган эле.

ПЕНСИОНЕРЛЕР БУТАГА АЙЛАНЫП...
Тергөөнүн версиясына таянуу менен окуяны төмөндөгүдөй баяндайлы. 14-апрелде кечки саат алтыларда Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 3-кичирайондогу бир үйдүн жанынан бычактан каза болгон кишинин денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондун прокурору орун басары менен жана РИИБдин жетекчилиги барышкан. Каза болгон кишинин өздүгү аныкталып, ал Бишкек шаарынын 70 жаштагы тургуну Владимир Федосин экендиги билинген. Кылмышкер бир нече жолу бычактагандыктан, абышка ошол эле жерден каза болгон. Дагы жарым сааттан кийин кылмышкер аталган кичирайондогу башка үйдүн тепкичинде дагы бир пенсионерге кол салган. 74 жаштагы Геннадий Журавлёв 4-кабаттагы үйүнө кире берерде кылмышкер көкүрөгүнө бычак сайган. Жабырлануучу Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген.
Ал ортодо окуянын күбөлөрү да чыгып, 30-35 жаштардагы европалык түспөл адам бычактагандыгын айтып беришкен. Эки кылмышта тең кылмышкердин сырткы түспөлү, жашы жана кийимдери дал келип, анын фотороботу жасалып, бүт шаар жана Чүй облусу боюнча издөө башталган. Ал эми кылмышкер түн ортосунда кан болгон кийимдери менен супермаркеттердин биринде пайда болгон.
Ошол эле түнү Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын Панфилов көчөсүндөгү супермаркетте белгисиз адам спирт ичимдиктерин уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшөт. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, Октябрь РИИБине жеткирип беришет.
Ал Чүй облусунун Москва районунун 23 жаштагы Сергей Байдуков аттуу тургуну болуп чыгат. Текшерүү учурунда Сергей Байдуковдун ошол эле күнү кечки саат бештерде Республикалык психикалык ден соолук борборунда дарыланып жаткан жеринен качып чыккандыгы билинген. Анын шизофрениядан жабыркай турганы дайын болду.

“УБАГЫНДА КАРМАБАСАК, ДАЛАЙ ӨМҮР СООЛУМАК”
Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин башчысы Рафик Мамбеталиев оорукананын кызматкерлеринин да күнөөсү бар деп эсептейт.
– Киши өлтүрүү боюнча маалымат түшөр замат окуя болгон жерге оперативдүү топ менен чогуу бардым. Жарым сааттан кийин ушул эле кишиге окшош бирөө дагы бир адамга кол салгандыгы жөнүндө маалымат түштү. Түспөлү, кийген кийими жана анын аксап басканы окшошту. Ал Москва районунун 1989-жылы туулган тургуну Сергей Байдуков экендиги билинип, бир топ Москва районуна жөнөп кетти. Көрсө, Байдуков мындан эки жыл мурун жол кырсыгына кабылып, оорукчан болуп калган экен. Кишини көргөндө жинденип калчу дешет. Жаз келгенде оорусу күчөп, эки күн мурун апасы Республикалык психикалык ден соолук борборуна дарылатканы алып келиптир.
Ал ооруканадан качып чыгып, алдынан чыкканын эле бычактаптыр. Биз убагында кармап калдык деп эсептейм, болбосо ал дагы канча адамдын убалына калмак да. Учурда Байдуков убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) жана 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Байдуковдун ооруканадан кантип качканы, бычакты кайдан алганы да иликтенип жатат. Коомчулукка коркунуч туудуруучу оорулууну жакшылап кайтарыш керек эле. Аны качырып жиберишкени үчүн оорукананын тиешелүү кызматкерлерине да юридикалык баа берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Республикалык психикалык ден соолук борборунда оорулуу Сергей Байдуковдун кантип качып кетип калганынын себеби иликтенип жатат. Алардын маалыматына караганда, Сергей Байдуковго "инсандын психикасынын бузулушу" ("органическое расстройство личности") деген диагноз коюлган.

ИЗДӨӨ САЛЫНАТ!

Оор кылмышка (зордуктоо) шектелип Сокулук районундагы Жыламыш айылынын 1975-жылы туулган тургуну Жүндүбаев Гапал Асылбекович изделип жатат.
Бою – 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы, көздөрү кара. Бул сүрөттөгү киши тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
(3134) 5-33-80, 0550 21-26-14, 0555 41-01-65, 0558 10-01-75

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ооруканадан качып чыгып, адам өлтүрдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Chynyshka
2012-04-23 16:28:05
дагы шериги бар экен деген миш болуп жататко???
0
Love_kg
2012-04-24 14:06:43
Кудай сактасын!!!
0
Kroxa
2012-04-24 20:32:29
шумдук!!!
0
T-1000
2012-04-25 16:19:16
Ушул окуя мен жашаган жакта болуп жаман журокту тушурду,ээй!
0
Omur
2012-04-25 17:59:25
Качырбай жакшы караса болмок
0
Severim
2012-04-26 10:55:44
yooooo, uwintip korkup jawap kalabizby?
0
Aksandyk
2012-04-26 12:57:10
Ушунун баары бийликтекилердин шалакалыгынан,бул колго тушкону,жинди каанадан качып дайынын таппай жургондору канча,чондорду жоопко тартыш керек,кантип астына чыкканды бычактап кете берсин ,чондордун бироолору неге андайга туш болбойт таан калам,согуш,пикеттердеда алардын тууган уругу корунбойт,карасан эле бей бечаралар
0
JannatJana
2012-04-27 11:35:33
Ой бай шумдук, булар не деген адамдар, ужас!
0
kirpik
2012-04-27 11:53:58
тимеле кокон ханга окшоп отурбай интервью бериштен алдын ала караса болмок баары буткондон кийин эми да кеч эмес тезираак иштегиле силерди иштесин деп отургузган ошол жерге канча адамдын омуру кете электе
0
ms-23
2012-04-28 21:26:19
оорукана кызматкерлери оорууларга жакшы караш керек болчу. Ал эми кылмышкерди жазалаш керек
0
antivir
2012-04-29 10:46:11
"убагында кармадык" дегенди айткандан уялсан
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан