– Апа, бизге конок келеби?
– Ии, Али байкең келет эмеспи.
– Аа.
Башымды кайдигер ийкеп коюп өз бөлмөмө өтүп кеттим. “Байке имиш...” деп өзүмчө ачууланып, мектепке кийчү формамды чечип, туш келди ыргытып жибердим. Али байке биздин, тагыраак айтканда, апамдын жашоосунда жарым жылдай мурун пайда болду. Алгач апамды жумуштан кийин жеткирип гана жүрчү (экөө райондук ооруканада иштешет). Кийин эшик алдында бир топ кобурашканга, чай ичкенге, кээде жарым түнгө чейин биздин үйдө аны-мунуну кармалашып жүрө бергенге өттү. Уф, тим эле жинимдин кашайганычы!
Азыр да ошол жоругумду аягына чейин түшүнө албайм. Балалык дүйнөм менен мен гана ээлеп келген апамдын жүрөгүндө башка адамга болгон сезим жашай баштаганына капа болсом керек. Апамдын менден башка балдары болсо, мен анда... Стоп! Мен мындайга жол бере албайм!
Апам бөлмөмө кирип:
– Жүрү, чай ичели.
– Ичпейм, иче бер жанагың менен!- деп бурк эттим.
Кыялымды көрсөткөндө апам адатынча асты-үстүмө түшүп, эркелетип жиберчү. Бул жолу үн катпай акырын чыгып, эшикти жаап койду. Мына сага тамаша, тие электе эле мени көңүлүнөн тышкары калтырып жатса...
Али байке – узун бойлуу, сымбаттуу, жумшак сүйлөгөн, бир мүнөз адам. Бирок мага караманча жакчу эмес. Апамдан көзүн албай тиктеп калганда тим эле түртүп жибергим келет. Ачка болгонумдан акырын ашканага баратсам, апам сөз баштап калды.
– Мен бүгүн сени менен сүйлөшөйүн дегем, кызым. Атаң тирүү болсо...
– Эми атам экөөбүздү ойлобой деле койсоң болот.
– Жанымды кашайтпачы, Эля!
Демейде жумшак сүйлөгөн апамдын үнү катаал чыкты. Ордумдан ыргып туруп, титирей кыйкырып жибердим.
– Эгерде турмушка чыгам десең, анда мени көрбөйсүң, апа! Чын айтам, көрбөйсүң!
– Кызым, эмне деп жатасың? Кайда бармакчысың?
– Өлөм! Асынып, балким, атынып (атамдын мергенчилик мылтыгын эстей салдым)!
– Эмне-е?!
– Же чоң апамдыкына кетем. Ал мени канчадан бери чакырып жүргөн,- дедим ашырып.
Мынчалык жумшак мүнөздү кайдан алды экен бечара апам же апалардын бардыгы эле ушундайбы? Урушуп, тилдеп койсо го...
Ошол күнү тамак ичпей, бөлмөмдөн чыкпай койдум. Оюма бир нерсе кылт дей түшүп, кийимдеримди жыйнадым да, алакандай баракка чиймеледим. “Мен силер менен жашай албайм. Издебегиле” деп салдым. Билдирүүмдү окушканда экөө кандай абалда болушарын элестетип алып бир саамга табам кана жылмайып алдым. Кыйратып салгансып рюкзагыма одеяло (сыртта бир түн түнөгөнгө туура келет да) салып, жылуу кийимдеримди кийдим да, терезеден акырын секирип түштүм.
Коңшу айылда жашаган чоң апамдын үйүн түн ичинде таба албай адашып калдым. Иттерден коркуп, эч ким жашабаган тамда отуруп таң атырганымды эстесем, азыр да күлкүм келет. Таң атканда көзүм илинип кеткен экен, адамдардын добушунан ойгондум.
– Апей, мына! Таптым, жеңе, бул жерде тура!- деп кыйкырып жиберди кошунабыз Айжан.
– Сизби?
– Сизби деп коёт дагы. Мен эле эмес, бир айыл адам издеп жүрөт сени.
Ары жактан апам чуркап келип мени басып жыгылды.
– Бул эмне кылганың, кызым? Мени өлтүрүп коё жаздабадыңбы?
Апам мени кучактап, бооруна кысып ыйлап жатты.
– Жиндим менин, эч качан сени таштабайм! Дүйнөдө сенден артык кымбат нерсе бар бекен мен үчүн? Мен куруюн, баары сен каалагандай болот.
Баары мен каалагандай болгону үчүн алгачкы күндөрү чексиз бактылуу элем. Апам менен Али байкенин ортосунда эмне сөз болгонун билбейм, бирок ошол боюнча ал биздин үйгө келген жок. Бирок апам... Ошол күндөн кийин апамдын карегиндеги жанган от өчүп калды. Машинанын үнү угулса эле иштеп жаткан ишин унутуп селее түшүп, ал биздин үйүбүзгө токтобой өтүп кетсе ичтен сыза улутунуп алчу. Учуп чыкчудай умтула сыртка жүткүнүп, анан ындыны өчө шалдая калчу. Бир күнү сабактан көңүлсүз кайтып келе жаткам, жаныма машина токтоп калды. Элтейип тиктеп турсам, ичинен Али байке түштү.
– Кандайсың, Эля?
– Жакшы...
– Апаң... Апаң жакшы жүрөбү?
Эрдимди кесе тиштеп, ийинимди куушуруп койдум. Башка эмне дейт элем?
– Макул, салам айт. Мен бул райондон борборго биротоло кеткени жатам. Баса, апаң менен коштошо кетейин дегем. Бирок ишке чыкпаптыр. Муну сен берип кой, ээ,- деп машинасынан бир кучак роза алып сунду.
– Эстүү кыз бол. Апаңды ук,- деди муңайым. Машинасына отуруп жөнөп жатканда чыдабай чуркап жетип бардым.
– Али байке, кетпеңиз. Апам... апам,- деп барып ыйлап жибердим. Солкулдап ыйлап жаткан мени бооруна кысып, чачымдан сылап жатты... Үйгө жетип, бутумду чечпестен, кире бериштен апалап кыйкырып жаттым.
– Эмне болуп кетти деги?- деп колун майлыкка аарчып чыга калган апам босогодо бир кучак гүл көтөрүп, мени жетелеп турган Али байкени көрүп таң кала түштү.
– Сен кайдан?
– Мени Эля алып келди,- деди ал апамды кучагына тарта берип.
Апамдын каректерине кайрадан бакыт кайтып келди ошол күнү. Эч бир апанын көздөрү муңайбасынчы!
Элнура
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg