Нурзат Токтосунова: «ЭМИ БРАВОНУ» ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙМ»

– Нурзат, эфирден сырткары жүргөн бир жыл ичиндеги абалыңды айтып берсең?
– Алгачкы айларда аябай жаман болуп жүрдүм. Башка жумушта иштеп жүрсөм да оюмду «Хит-параддан» бөлө албай койдум. Бир жыл ичинде анча-мынча концерттерди, тойлорду алып барууга чакырыктар түшүп жаткандыктан, аларга жан-дилим менен барып жүрдүм. Кыскасы, артистер менен аралашып эле жүрдүм, бирок, баары бир бир нерсе жетпей жаткандай боло бердим.

– «Бравого» алып баруучу болуп келүүнү сага ким сунуш кылды?
– Эфирге чыгууну сагынып жүргөнүм менен кайрадан телеге келүү жөнүндө оюм жок болчу. Бир күнү Ассоль Молдокматова өзү телефон чалып, ушул телеберүүгө алып баруучу болушумду сунуш кылды. Бир чети Ассоль Молдокматованын сунушун четке кага албай, бир чети өзүмдүн каалоом ашып-ташып жатканга эч токтоосуз дароо эле макул болдум.

– Сен «Хит-параддан» ата-энең каршы болгон үчүн кеткениңди айткан элең. Эми кайра келишиңе макулдугун бериштиби?
– Мен былтыр эфирден кеткенден кийин ата-энеме көпчүлүгү «эмне чыгарып алдыңар? Биздин айыл эле эмес, жалпы Көлдүн эли Нурзат менен сыймыктанчубуз. Азыр «Хит-парадды» мурдагыдай кызыгып көрбөй калдык» деген сыяктуу сөздөрүн айтып жүрүшүптүр. Ушул сөздөрдөн улам ата-энем жоошуй түшкөнбү же менин мурунку жумушумду унута албай кыйналып жүргөнүмдү түшүнүштүбү, кыскасы, каршы болушкан жок. «Мейли, иштей бер, негизгиси, жумушуңа тоскоол болбосо болду» дешти.

– Чын эле эки жумуш бири-бирине тоскоолдугун тийгизбейт бекен?
– Фирмадагы жумушумдан азыр эс алуудамын. Ошондуктан, азыр тоскоол болгон-болбогону билинбей жатат. Бирок, байкашымча, тоскоолдугун тийгизет окшойт. Ошентсе да баарына жетишип, бири-бирине зыянын тийгизбегендей кылып иштегенге аракет кылам.

– Түз эфирге көптөн бери чыкпай көнбөй калсаң керек. Сүрдөдүңбү?
– Бир карасаң, баягы эле студия, ошол эле камера, ошол эле микрофон. Ошентсе да алгач аябай сүрдөдүм.

– Өзүңдүн алып барганыңа өзүң канааттанып жатасыңбы?
– Эмнегедир эфир жүз пайыз купулума толбой жатат. Анын үстүнө өнөктөш­төрүм да эфирге биринчи жолу чыккандык кылып көп учурда сөздөрүн унутуп коюп жатышат. Ал эми эфир бүткөндөн кийин тааныштарым телефон чалып куттуктап, билдирүүлөрдү жөнөтүшүп, маанайымды көтөрүп жатышат. Азыр мага тааныш чөйрөгө келип, өзүмдү аябай жакшы сезип жатам. Буюрса, эми «Бравону» эч качан таштабайм.

– Мындан башка дагы эмнелер менен алектенип жатасың?
– Учурда ди-джей болууга кызыгып жүрөм. Ошондуктан, жакында бир радиого үнүмдү жаздырдым. Андан тышкары машина айдаганды үйрөнүп, бий ийримине катышып, кыскасы, колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып калайын деп аракеттенип жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан