БАЯМАН ЖӨНҮНДӨ БАЯН

Малик Осмонов, Баяман Эркинбаевдин машыктыруучусу: “МЕНИ АТА ДЕЧҮ”

Малик мырза учурда ЖКнын депутаты. “Менчелик Баяманды эч ким билбесе керек” деп маркум палван тууралуу эксклюзивдүү маегин баштады.
– Алгач кантип экөөңүздөрдүн таанышып калганыңызды айтып берсеңиз?
– Жаш кезимден самбо менен машыккан кишимин. Ортодо армияга кетип, ал жактан келерим менен тамак ичпей, залга шашыла жөнөдүм. Кесиптештер, достор менен учурашып, машыгып жаткан 7-8-класстын балдарын карап отурдум. Анын арасынан кара тору, сымбаттуу, көздөрү оттой жанып турган балага назарым түшүп калды. Япондордун кепкасын баса кийип алыптыр. Ошол Баяман экен.

– Сиз ага машыктыруучу болуп калдыңызбы?
– Ооба. Ал мени, мен аны тандап калдык. Өзүм күрөшчү болсом да, ушул баланы ээрчитким келди. Союз мезгилинде Борбор Азияда жайгашкан бардык өлкөлөрдө кыргыздын улуттук күрөшү атагына жетип турган учур. 20-30 миң элди чогулткан чоң күрөштөргө катыша баштадык. Баяманды Кыргызстан тааный электе Өзбекстан, Тажикстан анын күйөрманына айланды. 10-классты бүткөн курагында Баяман бүтүндөй Орто Азияга белгилүү палван болуп чыга келди. Аны жыга турганы да калбады.

– Устаты катары күрөшкө чыккан кезин көп эстесеңиз керек...
– Мен аны Курманбек баатырга көп окшотом. Ал 15 жашында калмактардын империясынын акыркы калдыктарын кууп чыккан. Күрөштө өзбеги, тажиги дебей «Баяман утса экен» деп тиленип отурушчу. Элди өзүнө тартуу үчүн сулуулук да керек экен. Көздөрү оттой жанган, моюну узун, арык, жылдыздуу, 70 килограмм салмагы бар Баяман 120-150 килограммдык дөөдөй, төөдөй болгон балбандарды жыгып койгондо күйөрмандары сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберген учурларын да көргөнбүз.

– Мектепти аяктагандан кийин спортту уланттыбы?
– Оштогу Терешкова жатак окуу жайын бүтүргөндөн кийин Баяман «Бишкекте окуйм» деп калды. Мен макул болбой, аны Ташкенттеги токой чарбасына тапшыртып, өткөрдүм.
Өзү чал-кемпирдин уулу, апасы аны 47 жашында төрөсө, атасы ал кезде 60тын тегерегинде экен. Баяман чоңойгондо атасы 80ге барып калган аксакал эле. Орто оокаттуу, бир аты, бир ую бар болчу. Эжелери көп, эки агасы тең оорукчан эле.
Ташкентте окуп калганда Баямандын атагы ого бетер ашты. Өзбекстандын беш жолку чемпиону болуп, дзюдо менен самбо боюнча СССРдин спорт боюнча чебердигин толтурду.

– Союз кулаганда бүтүндөй постсоветтик мейкиндикте спорттун өкүлдөрү көбүнесе кримчөйрөгө аралашып кеткени белгилүү. Шакиртиңиз эмне менен алек болду?
– Замандын агымы менен ал да соодага өттү. Бат эле бай кишиге айланды. Эч ким анын колунан алууга жутунбай, баары карматып турчу. Даңкы да жардам берди окшойт. Өзү табиятынан жолдуу, акжолтой бала эле. Фергана өрөөнүндөгү кримдүйнөгө да белгилүү болчу. Криминалдар өзүнүн каршылаштарын өлтүрүп аты чыгат, Баяман мечит менен көпүрө салып атагы чыкты. Эч качан үстөмдүк кылчу эмес.
27 жашында депутаттыкка коюп, үч жолу эл өкүлү болду. Кийин үйлөнүп-жайланып, тойлорунда отурдук.
Баяман мен үчүн чоң илимдин ачылышы сыяктуу. Жалал-Абад, Ош, Баткен, бул жагы Өзбекстандын биз менен чектешкен облустарына чейин анын айтканы айткан болуп турган.

– 90-жылдагы Ош окуясында сиз Баяман менен чогуу жүрдүңүзбү?
– Ал кезде Баяман студент, Ташкенттен келди. Анда өзбектердин кыштактарына эл тааныган, башы көрүнгөн адамдар гана кирип калган. Өзбекстандан ырчы Шерали Жураевди чакыртып, калк жыш жайгашкан 20-30 жерде мал союп, эки улутту элдештирүү максатында чоң салтанаттарды уюштурду.

– Саясатка аралашып кеткенин кандай кабыл алдыңыз?
– Март революциясында Баямандын эмгеги зор. Аскар Акаев илим-билимдүү киши экенине, Баямандын үч жолу депутат болгонуна карабай аны бир да жолу кабыл алып, сүйлөшпөптүр. Ошон үчүн президентти жаман көрүп жүрчү. “Эгерде Акаев болбосо, сен Баяман болбойт элең. Ал тактан кетсе, тазалоону биринчи сенден башташат” деп айтып да жүрдүм. Мунун айынан кер-мур да болгонбуз. Баатыр киши өсө берди, аны тизгиндеп, түшүндүрүп туруу күндөн күнгө оорлой берди.
Айтканымдай эле болду. Бакиевдин бийлигинен куугунтук жеп, бийлик жан сакчыларынан бери тартып ала баштаганда гана мага келип, “сиз айткандай болду” деди. “Кудаяр хан деле үч жолу качкан, сен да качып кутул” десем, “Баяман качты” деген сөз менин өмүр баяныма жазылбашы керек. Өлсөм өлөм, бирок эч кайда кетпейм” деп койду.

– Он беш жашынан баштап билет экенсиз, байлык, бийликтен улам мүнөзү өзгөрдүбү?
– Жибектей созулган жигит деп айтпадымбы, той-топурларда тост беришсе, ичимден адашып же апкаарып кетпесе экен деп турчумун. Бара-бара Баяман миңдеген элди күлдүрүп, анча-мынча адамды сүрү менен алдастатып койгонго жетишти. Орусча сүйлөгөндө акценти байкалса да, жалтанбай, тартынбай, өткүр сүйлөп койчу. Арстан чалган нерсесин карабай алдыга кете берет эмеспи. Ал да кылган ишин оозанчу эмес, жеңишин айтсаң да, астейдил башын ийкегилеп тим болчу. Мактануу эмес, сөздүн ачыгы ушундай.

– Соңку жолу качан кезиктиңиз?
– Өлөрүнө бир ай калганда. Ошондо “президент Бакиев менен жакшысыңбы?” деп сурасам, “жакшымын, жакында эле алдына кирип чыккам” деди. Баатыр киши көп нерсени байкабайт. Мен дайыма “Бакиев менен бир жерденбиз” деп айтчумун. Бирок Баяман Бакиев тууралуу “президент ким болсо боло берсин, бирок бул киши эмес” деп көшөрүп туруп алган эле. Билгени бардыр, бирок мага ооз ачпады. Президенттикке чыкканда да Жаныш менен сүйлөшүп, ортого түшүп талапкерлигин мен алдырткам. Алдыргандан соң деле жандары тынчыбай, баары бир тынчытышты.
Бир күнү атып кетсе керек деп сезип эле жүрдүм. Анан кабар келип калды. Көпчүлүк сыяктуу мен да аны эч өлүмгө кыя албадым. Азыр деле “Баяман тирүү, Араб өлкөлөрүнүн биринде жашайт” деп жүрүшпөйбү... Өлтүргөндөр Баяманды эмес, кыргыз элинин келечегин жок кылышты.

– Жоготуу сизди канчалык майыштырды?
– Тапкан эмгегим бир күндө талкаланып, чачылып, күйүп кетти. Баяман деген дүйнөнүн ээси элем да. Мээнетимден айрылып отуруп калдым. Канча деген убакыт-саатым, күч-алым жумшалган болчу.
Ушул күнгө чейин эл арасынан ага түспөлдөш адамды издеп келем. Барган жерибиз майрамга айланып, колуна баласын кармап, «сиздей болсун, оозуна түкүрүп коюңуз» дегендер кезекке тизилишчү. Азыр түштүк аймагында миңдеген балдардын ысымы Баяман. Жаркылдап күлгөн бойдон түшүмө да кирип калат.
Даңктын жогу деле жакшы экен деп калдым. Аны менен чогуу жүргөн достору азыр аман-эсен, тирүү. Ооба, андай атактуулугу, акчасы, мансабы деле жок.

– Кайрадан шакирт алып, тарбиялагыңыз келеби?
– Кездештирбедим андайды. Анын үстүнө энергия да, каалоо да жок. Устатым деп катуу сыйлап турчу. Бир жерге барып, кайра чыгарыбызда чуркап барып бут
кийимимди мага каратып оңдоп койчу да, өзү мындай четке жылып күтүп турар эле. Ушул сапаты эле мен үчүн чоң баалуулук болуп берди.
Бизнесте шериктеш болбодум. Алам деген жеримди алып бермек. Мен өзүм каалабадым. «Депутат болосузбу?» деп жүрдү, ага да ынабадым. Ал кеткенден кийин депутат болуп келдим.

– Атасынан кем болбопсуз анда...
– Ооба, мени Баяман ата деп турчу. Жакшы күндөр өттү. «Кыргыздын улуттук күрөшүн ааламга таанытам, олимпиадалык оюндарга кошом» деген максат койду. Айтканы ишке ашып кетчү. Улуттук күрөштү өзбек, уйгур, тажик, казак, түркмөн, азербайжан, түрк, иран, татарлар күрөш дешет. Ушулардын бардыгы дүйнөгө алып чыгуу үчүн аракет кылышты, бирок Баяман бир жыл мурун аткарып койду. Англияга барып, каттоодон өткөрдү. Кыргызстанда дүйнөлүк чемпиондук өттү. 40тан ашуун мамлекет келди Ошко. Баяман тирүү болгондо олимпиадалык оюндардын катарына кирмек беле?

– Баяман мырзанын балдары менен катышып турасызбы?
– Ооба, алар Москвада окушат эмеспи. Келген сайын учурашып турушат. Айрыкча улуусу атасына окшош. Менин үч уулум спорттон алыс болуп калды.

– Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат.
– «Жакшы өлсө күйүнбө, дагы жакшы төрөлөт. Жаман өлсө сүйүнбө, андан он эсе көп төрөлөт» деген сөз бар. Баяманды жүз жылда бир жаралчуларга кошом. Бирок баары бир ошондой адам туулат. Эсиме келгени, оюма түшкөнү ушул болду. Ал адам тууралуу айтчу сөздөр көп.

Алиярбек Абжалиев, Баяман Эркинбаевдин жакын досу: “ДОСУМ ТИРҮҮ ТУРГАНДА КЕЧЭЭКИ ОШ ОКУЯСЫ БОЛБОЙ КАЛАТ БЕЛЕ?”

“ИЧИНДЕ КИРИ ЖОК АДАМ БОЛЧУ”
– Баяман экөөбүз кичинебизден достоштук. Ош шаарындагы Терешкова атындагы жатак-мектебинен таанышып, достошуп, жатак-мектептин бир бөлмөсүндө жарым жылдан ашуун бирге жашадык. Кийин мен Бишкекке которулуп кетип, ортодо достугубуз калды. Ал окууну бүтүп Ташкентте, мен Бишкекте университетте окуп калдым. Студенттик жылдарда деле катышыбыз үзүлгөн жок. Кийин окууну бүтүп, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болуп калганда, өмүрүнүн акырына чейин мамилебиз уланды. Баяман кичинесинен эле тырышчаак, өзүнүн аракети менен окуп, эч кимге таянбай маселе чечкенди жактырчу. Эгерде “жакшы адам кандай болушу керек?” десе, мен коркпой эле Баяманды көрсөтүп “жакшы адам ушундай болушу керек” демекмин. Досумдун ашкере жаман сапатын көргөн жокмун. Ооба, ачуусу чукул болчу. Бирок бат ачууланганы менен, ичине кек сактачу эмес. Дардаңдаган, палван жигит эле. Аябай патриот, кыргыздын башынан өткөн оор күндөрдө эл ичинде жүрдү. Балким, Баяман тирүү болгондо 2010-жылы Ошто кайгылуу окуялар болбой калышы мүмкүн беле деп ойлой берем.

“БАЛДАРГА БАЙ МАМЛЕКЕТ КАЛСЫН”
– Депутат болуп турганда элге тегиз мамиле кылып, “кыргыз өлкөсү өсүп-өнүгүп, мага буюрбаса да, балдарыма, келечек урпактарга бай, дөөлөттүү мамлекетти калтырышым керек” деп көп айтар эле. Ошол ойлорун ишке ашырып келе жатканда жанагыдай күтүүсүз кырсыктан ажал таппадыбы. Кээ бир биздин “чоң” сөрөйлөр ушундай мыкты жигиттердин алдыга суурулуп чыгышын жактырбай, өзүнө атаандаш көрүп ушундай каргаша болду. Андан айрылганыма азыркыга чейин ичим ачышат.

“КЫРГЫЗ КҮРӨШҮН БИЙИККЕ КӨТӨРДҮ”
– Кыргыз күрөшүн даңазалап эл аралык деңгээлге алып чыгып, өлкө желегин бир топ желбиреткен ушул Баяман. Алдына койгон өтө чоң максаттары бар болчу досумдун. “Күрөштүн бул түрүн кийин олимпиадалык оюндардын катарына кошом” деген максатына жетпей калды.

“ЭКӨӨБҮЗ КӨП СӨГҮШЧҮБҮЗ”
– Чыныгы теңтуш жигиттерче экөөбүз көп сөгүшчү элек. Ал кол алдында иштегендерди да жинине тийгенде сөгүп-сөгүп алып, кайра эле жаркылдап күлүп мурунку калыбына түшөр эле. Таарынып, сүйлөбөй калмай деген адаттан алыс, дегеле бирөөгө жамандык каалабаган пенде эле.

“КАРА-СУУ” БАЗАРЫН ТАРТЫП АЛБАГАН”
– Оштогу “Кара-Суу” базары азыркыдай чоң базар болгон эмес. Аны азыркы абалына алып келген Баяман болгон. Айрымдар айтып чыккандай, ал базарды Баяман эч качан басып алган эмес, менин билишимче. Албетте, мен ал иштин майда-чүйдөсүнө чейин киришип аралашкан эмесмин. Базарга байланыштуу иштерди ал мыйзамдуу жол менен эле жасаган.

“КРИМИНАЛГА АРАЛАШКАН ЭМЕС”
– Бизде бир мыкты спортчу чыкса, элдин баары криминал экен деп ойлошот. Баяман дагы ошондой сынга кабылып калды деп ойлойм. Кээ бирөөлөрдүн арам ойлору менен гана “криминалга катышы бар” деген түшүнүк калыптанып калды окшойт. Ооба, Баяман көптөгөн балдарды спортко алып келип, тарбиялаган. Ал чын-чынында балдарды улуттук, эл аралык деңгээлге алып чыгам деген максатты көздөгөн. Криминалга эч качан аралашкан эмес.

“ОК АРКЫЛУУ ЭСКЕРТҮҮ АЛГАН”
– “Эл аябай кыйналды, кыргыздар, ушинтип кыйналып жүрө беребизби?” деп элдик бийликти орнотууну көп айтчу. Бийликке тайманбай каяша айтып, каршы болгону үчүн жанагыдай октон жаракат алып, мурду талкаланган. Бул бийлик тарабынан алдын ала эскертүү болгон экен, көрсө. Бийликтин куугунтугу күчөп, жигиттерин камап, чынында шаштысын кетирип турган убак эле. Ушул окуядан кийин атам экөөбүз Баямандын үйүнө бардык. Атам: “Балам, сен убактылуу чет жерге же бир башка жакка кетип калсаңчы. Убакыт өтөт, мезгил өзгөрөт. Ошондо кайра келерсиң”,- десе, Баяман: “Аяш ата, менин балдарымды “муунтуп” жатышат. Элдин жашоосун караңыз, ушинтип кыйналып турганда качып кетмек белем? Турам ушул жерде, колумдан келишинче күрөшөм”,- деп болбой койгон. Эгер өз жанын гана ойлогон адам болгондо чет өлкөгө чыгып кетмек.

“БИР ЖОЛУ...”
– Баяман тамеки тартып, арак иччү эмес. Бир жолу Түркиядан эс алып келип “досум, кел, чай ичип кет” деп чакырып калды. Бардым, ошол жактан арак ала келген экен, “кичине 50 граммдан ичели” деди. “Кел, ичсе ичели” деп чөйчөктөргө куюп, анан баарыбыз көтөрүп жибердик. Баяман айткандай, 50 грамм эмес, көп ичтик. Экөөбүз катуу тамашалашчубуз да, баягы кыргызда кымызды кыстап ичиргендей кылып мен да кыстап отуруп биз менен теңме-тең ичирип салдым. Анан түн бир убак болуп, кетейин десем “балдар жеткирип койсун” деп туруп алды. Болбой койсом “анда сени мен жеткирем” деп көшөрөт. Өзү бутуна тура албай жатса, мени кантип жеткирсин? Достукка бекем, ишенимдүү жигит болчу, аттиң!

Адилет, Баяман Эркинбаевдин уулу: “АТАМА ӨЗГӨЧӨ ЖАКЫН ЭЛЕМ”

– Раматылык Баяман мырза “Адилет уулум Олимпиаданын чемпиону болот” дечү экен. Ал үмүт акталабы?
– Кичинекей кезимден эле эркин күрөшкө катышып жүрдүм. Кийин атамдын көзү өтүп кетип, апам жалгыз калбадыбы. Бирок атамдын иштерин уланта турганымды айткым келет.
Өзүм учурда Орусиялык элдер достугу университетинин юридикалык бөлүмүндө окуйм.

– Москвада окуу менен катар күрөш боюнча мелдештерди өткөрөт экенсиң. Соңку турнир кандай болду?
– 25-мартта өткөрдүк. 800дөй киши, 200дөй спортчу катышты. Москвада жашоо оор эмеспи, кыргыздар бир күн баш бириктирип, күрөш оюну менен чер жазып алышты. Орусияда акча таап жүргөн балбандар да келишти. Биринчи турнир былтыркы жылы кышында болгон эле.

– Кадамжайга барганыңда аксакалдар сени атаңа окшоштуруп, бир сыйра жашып алышыптыр. Атанын жүгү сен үчүн оор сезилбейби?
– Мен бул тууралуу көп ойлоном. Үйдүн улуусумун, иним, карындашым бар. Буюрса, бардык оорчулуктан өтөбүз.

– Атаңа байланыштуу кайсы окуяларды көп эстейсиң?
– Мен атама өзгөчө жакын болдум. Таң эрте чогуу чуркап, кечинде залга барчубуз. Мектепте бир жолу терезенин айнегин сындырып алып, апамдын урушунан коркуп, атамды дарбазанын жанынан жумушунан келгенче күткөм, үйгө чогуу кирейин деп. Негизи эле тентектигимдин кесепетинен антип атамды карап отурмай көп болор эле. Анан атам келгенде апаман коркпой-этпей, ээн-эркин үйгө кирип кетер элем. Дагы үйдө экөөбүздүн кечке күрөшө бергенибизди көп эстейм.

Чолпон Султанбекова, Баяман Эркинбаевдин жубайы: “БАЯМАН ТУРГАНДА БИР ДА ДОБУШ АЛА АЛБАЙСЫҢ ДЕШИПТИР”

– Жолдошуңуз Баяман мырза саясатка аттанып киргенде кооптонуу болгон эмеспи?
– Легендарлуу парламенттин биринчи жаш депутаты болуп, 27 жашында шайланды. Мен деле жаш экем, азыр ойлосом. Саясат дүйнөсүнүн коркунучун билген эмеспиз. Кээ бирлер «өмүр бою депутат же министр болсом экен» деп алдыга максат коёт эмеспи. Ал “эмне кылам депутат болуп?” деди. Мен “депутат болосуң, галстук тагынасың” деп чыктым. Биринчи Сузак округунан, кийин Баткен, анан Кадамжайдан койду. Үчүнчү жолкусунда 96 пайыз менен өттү.
Акаев кетип, Бакиев бийликке келгенде эң башкы маселелерибиз чыкты. Бакиевдердин эң кыйын кыйтырлыгы – Баяманды жаман көргөн адамдарды чогултушуп, ошолорду пайдалангандыгы болду. «Кара-Суу» базарын басып алгандардын бирөөсү депутат, экинчиси түштүктө чоң чиновник болуп отурат. Ысымдарын атабай эле коёюн, бирок ошолор Баямандын башын жегендердин катарында.

– Март революциясы Баяман мырзанын тагдырында чечүүчү роль ойноп койгон экен...
– Ош облустук администрациясында аялдарды сабап башташканда гана чыдай албай калды. Карапайым элди бийлик токмоктогон күндөр күч алган эле. “Уруша турган болсоң, өзүңө күчү тең адамды таап тытыш” деп көп айткан Баяман революцияга аралашып кетти. Бакиевдер бул бийликке келбейт болчу. Баямандын күчү болбогондо революция да болбойт эле.

– Куугунтук башталганда көбү кач дептир. Сизчи?
– Ошондо Баяман Бишкекте, мен Ошто калдым. «Кара-Суу» базарыбызды алышты, Баяман «алсаңар алгыла» деди. Базар ушул күнгө дейре эч кимге буюрбады, өзү да кандуу. Таштак жерден чоң базарга айланткан элек. Эртеси «Алай» деген мейманканабызды келип аткылашты. Мен көгөрүп отуруп бербей койгом. Анан телевизордон “мочиловка” башталды. Үйгө милиция келип, тинтүү жүргүзүштү. Ич кийимимден өйдө казышкан. Актка «үй таза» деп жазышып, кеч курун «Баямандын үйүн тинтүү учурунда» деп туруп,
ШИИБдин бүт арсеналын көрсөтүп жатышпайбы. Кийин билгеним боюнча, Бакиевге “президент болуп келсең, Баяман турганда бир добуш да ала албайсың” дешиптир.
Мурдуна атышканда Баяманга “кет, жогол, көзүмө көрүнбө” дегенге чейин баргам. Менин аркам бар, ички туюмум күчтүү, көп иштерди алдын ала сезип турам. Түркия, Ирандагы достору чалышты, бирок кетпей койду. Азыркыга чейин ойлой берем, кетсе, балким, тирүү калмак беле? Өлүмдүн артынан арман болот экен. Чолпон өмүр бою арман кылып жүрсүн дедиби, кетпей койду. Каалаган нерсесин алса ала берсин, өзүн аман калтырышса болмок. Мүлктү дагы деле таап алат элек. Азыркыга чейин арман кылам.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баяман тирүү болсо, Ош окуясы болмок эмес... (1-бөлүк)
Баяман тирүү болсо, Ош окуясы болмок эмес... (2-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
mamatkerim
2012-04-25 15:26:34
Баяман качты деген соз омур баянына кошулса да тируу болсо элине канчалык пайдасы тиерин ойлогондо не аттин
0
Аида
2012-04-25 20:48:23
Баямандын уулу Имардын эле озу го.
0
Oimo
2012-04-25 22:04:40
Сураныч Суперинфо Раатбек ,Рысбек жонундо да макала жазгылачы?
0
Shekerbek
2012-04-26 11:33:15
Баяман, Раатбек, Рысбек, Санжар кандай гана мыкты патриот жигиттер эле! Ээх!!! тагдырдын жазганы да эмне гана колубуздан келет эле !!!
0
maradona
2012-04-27 11:57:41
М.Бакиев озунун созу отпогондорду ушинтип жок кылган. Атасы кан менен баштап кан менен кетти. Эх аттин арман! Рысбек,Баяман,Раатбек ушул сыяктуу Кыргызымдын патриот жигиттери арабызда жок экени бизге дагы арман!
0
Aziz-87
2012-04-27 18:26:58
эх баяман бир келдин, кеттин, аттин сен болгондо кыргыз эли кучтуу,кайраттуу болот эле, бирок ишенбей кетем олгонуно,келет келет деп умут кылам, Ош баяман менен ош эле, бейиштен насип этсин Аллахым!
0
NukeBrat
2012-04-27 21:37:29
Улутбек туптуура айтасын, азаматсын! Сага кошулам! Супер Инфо сураныч, Рысбек Акматбаев жонундо да жазып койгулачы!
0
Venita
2012-04-27 23:58:32
Жаткан жери жайлуу болсун
0
aftan
2012-04-28 00:08:11
видеоуну кантип кочурсо болот?
0
Mondur
2012-04-28 13:17:04
Супер инфо(кабарчылар Эльвира Караева, Автандил Добулбеков) сиздерге рахмат айткым келет, мыкты инсан туралуу макаланыздар аябай даана таасирлуу денгээлде жана кенен жазылгандыгы учун. Дайыма гезитибиздин беттерине кыргыздын чыгаан уулдарынын эмгектери жонундо жаза бергиле, даназалай бергиле..
0
1986a
2012-04-28 17:00:40
баяман баартыр
0
joysin77
2012-04-29 14:41:37
уважал и буду уважать
0
solnyshko
2012-04-29 14:48:15
эххх Баяман чынында оз элинин чыныгы патриот адамы эле...андай адам азыр Кыргызстанда жок!!!
0
koshmatov
2012-04-29 17:46:08
Чынында эгер Баяман мырза тируу болгондо ушул июнь тополону болбосо керек эле аттин ажал экен
0
wumida
2012-04-29 23:52:16
Баяман аке чынында кучтуу кармады озбектерди. Кынк демек турсун башын оодо которуп карай алчу эмес,кана дагы чыкса акебизге окшоп. Куттуп жашайбыз да чыгып калаттыр дагы бир улуу инсан,акебизди тарткан бироо.
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан