Өмүрбек Текебаев: «КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРДИ ДЕПУТАТТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИК МЕНЕН ЖАШЫРСАК, ЭЛДИН ИШЕНИМИНЕ ЭЭ БОЛО АЛБАЙБЫЗ»

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеш Исхак Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карай турган жыйында доклад менен чыкмакчы болгон. Тилекке каршы, андан бир күн мурун иниси жана санаалашы Асылбек Текебаев 51 жашында дүйнө салды. Ошентип, Өмүрбек Текебаев инисин акыркы сапарга узатууга кеткенде парламентте Башкы прокуратура тарабынан “кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке зыян келтирди” деп айыпталып жаткан Исхак Пирматовдун кол тийбестик тагдыры чечилди. Аны кол тийбестиктен ажыратууга 120 парламентарийдин 18и гана макул болуп, добуш берди. Балким, ушул доклад окулса, добуш берүүнүн жыйынтыгы башкача чыкмак беле?..

Бүгүн биз көтөргөн маселе бир депутаттын гана тагдыры туурасында эмес. Кеп бүтүндөй элдин, жалпы мамлекеттин тагдыры жөнүндө.
7-апрелде Кыргызстандагы экинчи революциянын 2 жылдыгын белгилейбиз. Бул кубанычтуу да, ары кайгылуу да күн. Эки жыл мурда Бишкекте жана Маевкада, Ошто жана Жалал-Абадда мекендештерибиз каза табышты. Бул трагедияга ким күнөөлүү? Акаевби? Бакиевби? Же Убактылуу өкмөтпү?
Адамдардын өлү­мүнө, күч органдарынын, соттор жана мамлекеттик аппараттын, медицина жана билим берүү, экономика жана маданият тармактарынын талкаланышына ким айыптуу экенин айтайын. Бул – коррупция. Коррупция чырмоок сымал коомду, анын бардык тармак жана чөйрөсүн чырмап алды. Бүгүн коррупцияга өкмөт менен Жогорку Кеңештен тарта билим берүү, медицинага чейинки мамлекеттин ар бир мекемеси кептелди.
Кыргызстанда адам акча чогултмай менен паракорчулукка мектепте, ал тургай бала бакчада эле тушугат. Балдар мектеп партасынан эле коррупциялашкан кызмат тепкичин самаганы таң каларлык эмес. Неге балдар сот, прокурор, бажыканачы, салыкчы болууга умтулушат? Анткени алар бул кесиптерди баюуга алпарчу оңой жол катары санашат. Коомдо жакшы менен жамандын, марттык менен пастыктын, адал менен арамдын, пайда менен зыяндын айырмасы жоголуп барат.
Мыйзамдар да кээде коррупционер тарапта. Бир кой уурдаган адам 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Арзыбаган айлыкка иштеген участкалык милиционер, кампа (склад) же айылдык клубдун башчысы аз гана парага 7-10 жылга чейин камалышы ыктымал. Ал эми жалпы элдин байлыгы болгон алтынды, мунайды, газ, суу, жерди саткан, “боз” схемалар менен бюджеттен миллиондорду уурдаган коррупционерге айып пул гана салынып же 3 жылга түрмөгө камалат. Анан калса анын кылмышы “анча оор эмес” деп саналат. Ошондуктан жыл сайын болчу мунапыска кабылууга анын мүмкүнчүлүгү чоң. Кыжырды кайнаткан акыйкатсыздык жана коррупционер менен катардагы жарандын мыйзам алдындагы теңсиздиги мыйзамдын өзү менен бекемделген.
Ошондуктан мамлекеттик үлүшү 30 жана андан жогорку пайыздагы ишканалардын жетекчилерин мамлекеттик кызматтагы адамдардын макамына теңөөгө шарт түзө турган мыйзам долбоорун сунуштайбыз. Бул алардын жеңил жаза жана кыска мөөнөт менен кутулушуна жол бербейт. Канчалык чириген бай болбосун, таасири канчалык күч, байланышы канчалык көп болбосун, уурунун орду түрмөдө.
Кыргызстанда коррупция күч, бирок бир да коррупционер жок.Кылмыштын бети ачылган күндө да, коррупционер же криминалдык авторитет кармалганда да аларды жазага тартуу мүмкүн эмес. Ага жердештери, достору, андан көз каранды адамдар дароо болушуп чыгышат. Алардын айтымдарында, ал кылмышкер спортзалга мат же машыгуучу жабдыктарды сатып берген, айылда майрам уюштуруп, мечитке килем белек кылган.
Анда эмне кылуу керек? Дыйкандарыбызды, мугалим, врач, пенсионер, студент, мүмкүнчүлүгү чектелген же ата-энесинен ажыраган балдарды миллиондогон долларга тоногон адамдын айыбын кечишибиз керекпи? Анда коррупционерлерди эки революцияны, жүздөгөн курмандыктарды жана миңдеген адамдардын майыптыкка кабылышына да карабай, кечирелиби? Бир кесим эт, бир чыны чай үчүн бүтүндөй өлкө трагедиясын унуталыбы?
Жеке сүйлөшүүдө адамдарга жакшы пикир калтыра билгени үчүн коррупционерди кечирип коёлубу?
Заманбап коррупционердин жүзү коркунучтуу эмес. Тескерисинче, сүйкүмдүү. Кыргыз заманбап коррупционери – жаш, билимдүү жана урмат-сыйга ээ. Берешен, баарлашууга ачык, алдыга умтулган жана заман талабынан артта калбаган адам. Ал журналисттер менен кызматташат. Ал тургай ММКга – гезит, журнал, сайт же телерадио компаниясына да ээлик кылат. Калк менен дайым баарлашып турат, өкмөттө, парламентте, күч органдарында жана сот корпусунда кеңири байланыштары бар.
Бул маселе бир гана депутаттын эмес, бүтүндөй мамлекеттин тагдыры туурасында. Эгер Кыргызстан тазаланууга эрк таба албаса, анда өлкөнү кайгылуу келечек күтөт. Азыр өлкө президенти коррупция улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп калганын моюнга алууга аргасыз. Ал террорчулуктан да, кылмыштуулук жана сырттагы жоодон да кооптуу. Анын азабынан мамлекет башка кооптуулук жана коркунучтар менен күрөшүүгө күчү жетпей келет.
Коррупционерлер бүт Кыргызстанды жеп бүтөт. Кыргызстанда булардан өткөн жамандык жок. Биз аларды жазалоого тийишпиз.Бүт өлкө билсин, ким кимдин тарабында экенин. Ошол себептен «мамлекеттин бюджетине ири зыян келтирген» деп шектелип жаткан депутат Исхак Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш берүү принципиалдуу жана фракциялык болушун талап кылам.
Шайлоочулар, кайсы фракция кандай добуш бергенин эстеп алгыла. Коррупциясыз, криминал жана төңкөрүшсүз коомду курууга ким тоскоол экенин да эске алып койгула. Дагы бир ирет жаңылбас үчүн көңүлгө түйүп койгула.
Исхак Пирматовду неге айыпташууда? Мамлекеттен миллиондорду уурдоого шарт жараткан коррупциялык схеманы түзгөндүгү үчүн айыпталууда. Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын байлыгы арзыбаган баага ар кыл схемалар аркылуу сатылып келген. Бүгүн прокуратура тарабынан мындай масштабдагы схема алгач ирет ачылып отурат.
“Кыргызнефтегаз” ААКсынын башкармалыгын жетектеп турган Исхак Пирматов аталган ишканага жана анын 85 пайыз акциясына ээлик кылган кыргыз мамлекетине миллиондогон зыян келтирген.
Башкы прокуратуранын сунуштамасында мындай айтылат: 2009-жылы Исхак Пирматовдун көрсөтмөсү менен “Кыргызнефтегаз” ААКсы А-80 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик майды сатууга атайын арзандатылган бааны бекиткен.
Кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн Мекемелер аралык комиссиянын баасында, “Кыргызнефтегаз” ААКсына келтирилген зыян
600 миллион сомду түзөт. Исхак Пирматовдон олчойгон жеңилдик алган бул эмне деген компания?
“Кыргыз мунай” ЖЧКсы В.В.Слесарев (ага 80 пайыз акция таандык) жана Д.М.Абышкаев (20 пайыз акцияга ээ) тарабынан 2009-жылы 29-январда түзүлөт. Жаңы ишкана түптөлгөндөн бир нече күн өтпөй эле Исхак Пирматов жетектеген “Кыргызнефтегаз” ал менен күйүүчү майды арзандатылган баада – литрине 9 сомдон сатуу боюнча келишим түзөт. Ал жылы “Газпром Нефть Азия” бензиндин литрин 23 сомдон (орточо баасы) сатчу.
Эмнеликтен И.Пирматов “Кыргыз мунайга” бензиндин ар бир литрин 14 сомго арзандатып саткан? Балким, “Кыргыз мунай” ЖЧКсынын эки негиздөөчүсү тең –
В.В.Слесарев жана Д.М.Абышкаев “Кыргызнефтегаз” ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгондугу үчүн болуп жүрбөсүн?..
Мамлекетти миллиондоп тоношту. Бардык далилдер бар!
1. Депутаттык комиссия Эсеп палатасынын инспекторлору М.Сакиев жана Т.Сыдыков түзгөн актыга таяп, “Кыргызнефтегаз” ААКсынын бензини өздүк наркынан жогору сатылган, анын өздүк баасы 5 сом 26 тыйындан болгон” деп белгилөөдө. Андай шартта “И.Пирматовдун аракеттери мамлекетке зыян алып келген эмес” деген бүтүм жаралат. Бирок анда эмнеге ушул эле ишкананын Пирматовго чейинки жана кийинки жетекчилери бензинди 2008-жылы литрин 9 сомдон эмес, 20,9 сомдон, ал эми 2010-жылы 25,29 сомдон сатып келишти? Алар эмне, Пирматовчолук акылдуу эмеспи? Жок, алар өздөрүнүн түз милдеттерин гана аткарышкан. Басымдуу пайызга ээлик кылган мамлекет ишкана жетекчисин неге дайындайт?
Ишканада чычканга кебек алдырбай, максималдуу пайда алып келсин деп кызматка коёт. Элдин байлыгын тааныштарына, туугандарына, досторуна арзан баада сатып, өзү байысын дебейт.
Экинчиден, И.Пирматовдун тарапкерлери 2009-жылы «Кыргызнефтегаздын» бензининин баасынын төмөндүгүн анын сапатына байланыштырат. Анда эмнеликтен ошол эле бензинди саткан «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунда мындай болгон эмес? Ошол эле учурда, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын бензини дүйнөдө ири суроо-талапка ээ болчу. Анын сатып алуучулары:

  • Baltimore Investe Inc. (Британдык Виргин аралдары);
  • Renset Enterprises Ltd. (Британдык Виргин аралдары);
  • Alvion Beiligungs und Handelsgessellschaft m.b.h. (Вена, Австрия);
  • Aoshengyuan International Trade Co Ltd. (СУАР, КЭР);
  • Delixy Energy Pte. Ltd. (Сингапур);
  • Smann Sa (Женева, Швейцария);
  • K62 S.R.L. (Бергамо, Италия).

Эмнеге И.Пирматов мындай эл аралык суроо-талапка ээ болгон «Кыргызнефтегаз» бензинин арзыбаган баада сатты?
2. Исхак Пирматов «Кыргыз мунай» ЖЧКсына болуп көрбөгөндөй арзан бензин менен эле эмес, болуп көрбөгөндөй төмөн пайыздагы насыя менен да көмөктөшкөн.
2010-жылдын 5-февралында «Кыргызнефтегаз» ААКсы Исхак Пирматовдун жетекчилигинде «Кыргыз мунай» ишканасына күрөөсүз (!) жылына 4 пайыздык төлөм менен 1 миллион долларды насыяга берген. Башка бардык банктарда эң төмөн ставка 20 пайыздын деңгээлинде турганда кайдан мындай берешендик?
7-апрелден кийин да алардын «эки тарапка тең пайдалуу кызматташуусу» токтогон эмес. Азыркы тапта Василий Слесарев Сотторду тандоо кеңешине «Республика» партиясынын квотасы аркылуу мүчө. Ал эми И.Пирматов аталган фракциядан депутат.
Ооба, Эсеп палатасынын инспекторлору И.Пирматовдун аракеттеринен мамлекетке зыян келтирилбегендигин таап жатышат. Бирок сурагым келет, акыркы 20 жылда Эсеп палатасы бир коррупциялык схеманы таап, атап чыктыбы? Мындай эч кимдин эсинде жок. Бирок бүт Кыргызстан «боз» схемалар аркылуу миллион жана миллиард долларлар уурдалгандыгын билет. Демек, Эсеп палатасына ишенсек, Кыргызстанда коррупция жок. Буга ким ишенет?
Ошондой эле депутаттык комиссия кылмыш курамы жеке коомдук айыптоо экенине карабастан, аталган ишканага ээлик кылган «Мамлекеттик мүлк» фондунан келтирилген зыян жана анын көлөмү туурасында тиешелүү органга арыз түшпөгөнүн белгилейт. Комиссия КРнын Кылмыш кодексинин 173-беренесине таянат. Анда «коммерциялык уюмга келтирилген зыян боюнча кылмыш иши ушул уюмдун же анын макулдугу менен козголот» деп көрсөтүлгөн.
Бирок комиссия ушул эле берененин «мындай иш башка уюмдардын, жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген болсо, кылмыш иши жалпы негиздерге таянуу менен жүргүзүлөт» деп белгиленген 3-пунктун эске албаган. И.Пирматовдун аракеттери «Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкы кожоюну болгон мамлекетке зыян келтирди, бул иш дал ушул пункт менен каралышы кажет.
Башка бир собол жаралат. «Республика» партиясынын өкүлү башкарган «Мамлекеттик мүлк» фонду эмнеге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылган жок?
Айтмакчы, ал кездеги премьер-министр А.Атамбаев башында турган өкмөт Башкы прокуратурага бул иш боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тыянагын жөнөткөн. Ишканага ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ААКсынын Директорлор кеңеши оозеки да, жазуу түрүндө да президентке, өкмөткө, Башкы прокуратурага бир канча ирет кайрылган.
3. Ошондой эле Башкы прокуратура бургулоочу жабдыкты алууда «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен «Юнитрейд компани» ЖЧКсынын (КЭР) ортосунда түзүлгөн келишимде да мамлекетке зыян келтирилгендигин белгилейт. 2011-жылдын 3-июнунда өкмөт тарабынан түзүлгөн Мекемелер аралык комиссиянын эсеби боюнча, аталган келишимди ишке ашырууда Кыргызстан 24 миллион АКШ долларына зыянга учураган. Башкы прокуратура бул келишим башка бир келишимди жашыруу аракетиндеги жасалма аракет экендигин көрсөтөт.
Чет өлкөлүк өңдөнгөн «Юнитрейд Компани» иш жүзүндө Жаныбек Атакозиев тарабынан түзүлгөндүгү аныкталды. Бул мырза Жалал-Абад облусунун азыркы губернатору, мурдагы «Ак жол» фракциясынын лидери жана бакиевдик парламенттин вице-спикери Азизбек Турсунбаевдин бир тууган агасы. «Эл аралык» ишкананын кеңсеси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Автобаза көчөсүндө №8-үйдө жайгашкан.
Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту И.Пирматовдун жетекчилигиндеги «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен Ж.Атакозиевдин башкаруусундагы «Юнитрейд Компани» ЖЧКсынын ортосундагы келишимди жокко чыгарды. Бул кылмышты айгинелеген бардык документтерди Башкы прокуратура сунуштады. Урматтуу депутаттар, «боз» схеманы ачкан фактылар көз көрүнөө.
4. Депутаттык комиссия И.Пирматовго карата кылмыш ишинде саясий түс жок экендигин тааныды. Бул адилеттүү бүтүм. Бирок депутаттык комиссиянын 2-3-пункттары менен макул болуу мүмкүн эмес. Анткени депутаттык комиссия сот эмес жана адамдын айыптуу же айыпсыз экендигин аныктай албайт. Кеп анын кол тийбестигин алуу жөнүндө гана жүрүп жатат. Эгер Исхак Пирматов чындап эле күнөөлүү эмес болсо, анда муну сот чечсин. Коррупциялык иштерибизди депутаттык кол тийбестик менен жашырсак, эч кимибиз элдин ишенимине жана колдоосуна ээ боло албайбыз.
Коррупционерлерди жазалоого эркибиз жана бекемдигибиз жетпесе, анда коррупция менен күрөшүүнүн мааниси барбы? Өзүңөр чечкиле. Бирок адамдар баарын көрүп, баарын түшүнүп турганын унутпагыла.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nurtilek82
2012-04-23 14:40:53
Азыркы бийликтегилерди жана опозициядагыларды корсом кускум келет озумчо эле раздражения боло берем тынч олтурган кыргыз калкыма ушунчалык коп кайгылуу нерселерди алып келгени учун. Керек болсо ушулардын баарын айдап ийип жаныдан жаштардан бийлик тузулусун каалайт элемин.
0
Danijarov
2012-04-24 02:08:32
Туура айтат Текебаев мырза!
0
Danijarov
2012-04-24 02:10:07
Текебаев президент болуш керек болчу озу,Атамбаев эмес..Атамбаев коруп тургандай эшеги суудан откондон кийин баарын унутуп калды(((
0
Jyrgal_msk
2012-04-24 14:23:38
Ушул киши президент болуш керек эле.Текебаев президенттикке талапкерлигин койгон кезде,бул кишиге каршы ушак-айындар кобойуп кеткен.Талапкерлигин алып таштады эле ошол ушактар да тынчыды.Ошондуктан азыркы бийликтегилерге да ишенбейм.
0
adis_kgz88
2012-04-24 18:16:27
tuura aitat zamanbap korrupsionerlerdi karap bilip turup ushundai jakshyna adam oshondoi korrupsiaga malynyp kalgan dep oiloi albaisyn! Omurbek Ake men sizdei adam bolgum kelet!!! birok chyndykty ozumun bir tuuganyma da aityshtan korkom! sizge taazim!!!
0
nurkq100
2012-04-24 21:18:57
Текебаев ушундай гана ишти жакшы билет
0
kgboy3239
2012-04-25 20:05:42
Азаматсыз Алар эми Акыретте жооп берсин.Эгер чын болсо акыретте азабын тартаар!
0
aksy
2012-04-25 21:19:09
Jogorudagy koldonuuchu aitkandai,azyrky biiligi jana oppozisiasy dagy ech nerse kylbait,eldi aldagandan bashka,bulardy 38-jyldagydai repressiaga tartysh kerek baaryn,anan janydan jashtardan tyzysh kerek.Oshondo da onolbosok,anda ech kachan biz oz aldybyzcha mamleket bolo albaibuz,Allahym egemendikti da berdi biroodyn kozyn karabai,oz aldyncha jasha dep ushul mymkynchylykty koldon chygarsak anda biroodyn kozyn karap jashaganga tatyktuubuz Kg eli.
0
mek-81kg
2012-04-27 09:55:32
Кудай бар экенин Текебаевга дагы бир жолу эскертти бир жакшы адамды ушунчалык жамандап эмне кереги бар болбосо ошол куну иниси отуп кетеби
0
mek-81kg
2012-04-27 09:56:36
Текебаев Президент эмес губернатор болуп иштей албайт
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан