АТАКТУУ «ЗОЛУШКАЛАР»

Адатта көпчүлүк атактууларды эч көйгөйү жок, жыргал турмушта жашайт деп ойлошот. Чынында, алар деле бардык адамдар сыяктуу турмуштун ачуу-таттуусун татып ушундай деңгээлге жетишкен. Өмүр жолун оор турмушта баштаган атактуу «Золушкалар» кимдер?..

АТАСЫНАН ТҮЙҮЛДҮКТӨ, ЭНЕСИНЕН ЭКИ ЖУМАДА «АЙРЫЛГАН» МОНРО
Өткөн кылымдын эң сексуалдуу айымы Мэрилин Монро сүйүү жаатында жөнөкөй жумушчудан баштап Американын өлкө башчысы Жон Кеннединин сүйүктүүсү болууга чейин жетишкен. Бүткүл дүйнө жүзүн суктанткан бул сулуунун балалыгы өтө татаал болгондугу белгилүү.
Мэрилиндин атасы актриса төрөлө электе эле жоопкерчиликтен качып, изин суутуп таптырбай кеткен. Ал эми энеси Глэдис Монрого эки жума болгондо кызын бакма үй-бүлөгө карматып жиберет. Актриса жети жашка чыкканда апасына кайра келет. Бирок анын бул бактысы көпкө узабайт. Анткени апасы психикалык ооруга кабылып, бейтапканага жатып калат. Монрону көпкө чейин апасынын курбусу тарбиялайт. 1935-жылы апасы турмушка чыгып, Монро дагы бир ирет жетимдикке кабылат. Себеби өгөй атасынын талабы менен аны апасы балдар үйүнө тапшырат.
Мэрилин 16 жашында кадимки карапайым жумушчу Жеймс Доэртиге турмушка чыгып, окуусун таштап коёт. Үйлөнгөндөн бир жылдан кийин күйөөсү соода флотуна, ал эми өзү авиациялык заводго жумушка орношот. Кокусунан заводго аскердик фотограф келип, Монрого ар кайсы позада сүрөткө түшүүнү сунуш кылат. Бул кызматы үчүн актрисага беш доллардан төлөнчү. Карьерасын модель болуудан баштаган Мэрилин Монро жүрүп отуруп ааламдын теңдешсиз сулуу айымына айланган.

ӨГӨЙ АТАСЫНАН ТАЯК ЖЕГЕН ЖУЛИЯ
Америкалык актриса Жулия Робертс да атактуу болгонго чейин жупуну, жетишпеген турмушта жашаган. Жулия төрт жашында ата-энеси эки айрым жолго түшүп, көп өтпөй актриса жаңы аталуу болот.
Робертстин бир тууган агасынын айтымында, өгөй атасы аларга көп кол көтөрүп зордук көрсөтчү. Үй-бүлөсүндөгү зордук тууралуу сураганда актриса «ал күндөрдү эстегим келбейт» деп жооп берет.
Робертс жашынан баштап окуудан кийин балмуздак сатып, дүкөндөрдө кардарларга кийим кийгизип акча тапчу. 13 жашында кафеге официант болуп жумушка орношуп, өз арабасын өзү тартканга умтулган. Актрисанын бир тууган агасы Эрик ошол мезгилде популярдуу актёр эле. Жулиянын бул кесипке кызыгып калгандыгынын себеби да ушунда. Бирок Робертс карьерасын модель болуудан баштап, атактуулук менен бардар турмушка жол ачылган.

15 ЖАШЫНДА ҮЙҮНӨН КУУЛГАН ПИНК
Ачык-айрым, эркек мүнөз, орой Пинктин балалыгы да татаал турмушта өткөн. Эркиндикти чексиз сүйүп, оюндагысын кылганды жакшы көргөн Пинктин ата-энеси ал алты жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Апасынын колунда калган Пинк ашыкча тентектигинин айынан көп жеме укчу. Ырчынын балалыгы дайыма апасы менен урушуп, актанып жүргөнү менен эсте калган.
9 жашында тамеки тартып, 11 жашында баңгизатынын даамын татып, 14 жашында түнкү клубдардын эшигин «жыртып» калган. Эч кимди көзүнө илбеген корс Пинкти 15 жашында апасы үйүнөн кууп чыгат. Жашай турган жери жок, ырчы ар кайсы курбусунукуна бир күндөн түнөп, кыйынчылыкты көп көргөн. Кара курсакты тойгузуу максатында тез тамактануучу жайда тейлөөчү болуп, клубдарда рэп окуп акча таба баштайт. Ал 1995-жылы «MCA Records» компаниясы менен иштешүүнү баштап, ошондон кийин атактуулукту багынткан.

БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИНЕ КИРЕ АЛБАЙ ЫЙЛАГАН ВЕРА
Ырчы Вера Брежнева да көп балалуу үй-бүлөдө чоңоюп, эрте акча тапканга үйрөнгөн. Вера 11 жашында өзү теңдүү курдаштары менен шаардагы эс алуу жайларын иретке келтирип, бассейндерди тазалап, базарда томат сатып, кафеде идиш жууп тапкан акчасын үйүнө алып келчү.
Брежнева акчасы жок мектептеги бүтүрүү кечесине катышпай калганын: «Мен салтанатты кайтарып тургандардан «мени киргизгилечи, эчтеке жебейм, ичпейм, жөн эле көрүп отурам» деп сурансам да киргизбей коюшкан»,- деп эскерет.
«ВИА Гра» тобу менен 2002-жылы Украинада таанышкан. Концерт учурунда солисттер залдагы каалоочуларды чыгып чогуу ырдаганга чакырышат. Ошондо топтун «№5-аракет» («Попытка №5») деген ырын топтогулар менен чогуу ырдаган. Көп өтпөй топтун кастингине катышып өтүп кеткен.
2007-жылы аталган топтон биротоло кеткенине карабастан, орус шоу-бизнесинде алдына эч кимди салбай келет.

КУРДАШТАРЫНЫН ШЫЛДЫҢЫНА ЧЫДАГАН ЙОВОВИЧ
Актриса Мила Йововичти курдаштары теңине албай көп кемсинтишкен. Украинадан жаңы көчүп барганда калифорниялык классташтары аны коммунист деп катарына кошушчу эмес. Америкалык курбулары Миланын Кытайдын машыгууга кие турган шымын кийгенин көрүп күлүшчү. Анан да түшкү тамактанууда эч ким анын жанына отурчу эмес. Ошол убакта жетишсиз турмушта жашаган Милага апасы түшкү тамакка атайын борщ жасап берчү. Эң эле көңүлгө катуу тийгени, актрисаны жигиттер кечеге, жолугушууга чакырбайт эле.
Миланын 11 жашында италиялык «Lei» журналынын биринчи бетине түшкөн сүрөтү америкалык ток-шоулордо көп талкуу жаратып, «Жашы жете элек кызды шоу-бизнес тармагына аралаштыруу туурабы?» деген суроону кабыргасынан коюшуп, буга анын апасы Галина Йововичти күнөөлөшкөн.
Мындай сындарга карабастан, моделдик карьерасында бир топ ийгиликтерди багынтып, атактуу киноактриса болгонго да жетишти.

ЖЕР-ЖЕМИШ САТЫП ИШТЕГЕН ВОДЯНОВА
Орус «Золушкасы» Наталья Водянованын балалыгы да суктанарлык эмес. Жети жашка чыккыча Наталья апасы, чоң энеси менен чогуу жашаган. Апасы кайра күйөөгө чыгып кыздуу болот. Тилекке каршы, наристе майып эле. Ошентип, Наталья эртеден-кечке ошол сиңдисин карап бала багуучуга айланат. 1997-жылы апасы үчүнчү кызын төрөп үйдө отуруп калганда, Наталья тартыштыктан улам көчөгө чыгып жер-жемиш сатып иштей баштайт. Анын айынан окуусуна барбай калган күндөрү көп болгон.
15 жашында досу Натальяны Евгений Чкаловдун моделдик агенттигине алып келет. 100 талапкер кыздын ичинен Евгенийдин көзү дал ушул Водяновага түшөт. Натальяга ал «англис тилин үйрөнүшүң керек» деген талап коёт. Азыркы орус «Золушкасы» мына ушундай татаал турмушту башынан кечирип жер шарына таанымал болгон.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Love_kg
2012-04-24 14:57:02
обожаю Брежневу
0
arziev.n
2012-04-29 22:20:50
кудай берет деген ушул да
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан