АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Үйүнө баргысы келди көрүнөт.
– Бечара, мында жатканына жарым жыл болуп кетпедиби. Акыркы күндөрү жолдошу да негедир балдарын алып келбей калды.
– Бул келин өлүмгө эрте эле моюн сунуп койду го.
– Өткөн жумада каза болгон 5-палатадагы сексенден ашкан кемпирчи, өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин күрөштү го, чиркин. “Жашагым келет, менин айыгып кетишиме жардам бергиле” деп жүрүп өтүп кетти. Ар бир адам жашоону ошол кемпирдей сүйгөн болсо, бул ооруканадагылардын бир тобу айыгып, жок дегенде көбүрөөк жашайт беле дейм да.
– Элестет, сен деле жакында өлөрүңдү алдын ала билсең...
– Ким билет эми...
Алсыз жаткан Жаннатты палатасына алып келишип, керектүү жардам көрсөтүштү. Ал эсин жыйгыча эки медайым жанында ушинтип сүйлөшүп отурушту. Жаннат кыйлага чейин кайда жатканын баамдай албай, же өңү, же түшү экенин ажырата албай унчукпастан жата берди. Кайра көшүлүп уктап кетти. Ойгонгондо жанында өзүнүн дарыгери, жолдошу Жаныбек, балдары Самат менен Айжамал бар экен. “Апа-а...” дешип экөө тең Жаннатты кучактап ыйлап калышты. Бул сагынычтын, кусалыктын, эненин мээримине зар болуунун ыйы эле. Апасы аны туюп, жүрөгү жүз жарылып турду. Айла жок...

ХХХ

Тумар курбусунун балдары менен бат эле тил табышып кетти. Мына бүгүн бала багуучу болуп ишке орношконуна эки жуманын жүзү болду. Бирин мектепке жөнөтмөй, экинчисин бала бакчага алып бармай, күндүзү курбусуна барып аны менен убактысын өткөрсө, кечкисин балдарын кайра үйүнө алып келмей деген түйшүктөр менен алышып, күндүн кантип батканын, таңдын кантип атканын байкабай калып жатты. Дем алыш күндөрү болсо балдарды ойнотуу, аларды жуунтуу, сабактарын кайталоо менен өтөт. Жаныбек экөөнүн мамилеси азырынча мурдагыдай эле. Акыркы күндөрү курбулардын сөзү Жаныбек жөнүндө гана болуп калды.
– Жаныбек суюк тамактарды жакшы көрөт, ак түстү жактырат, тазалык болбосо капа болот, жарык күйүп турганда уктай албайт.
– Ооба, баарын эске алам. Анын кулк-мүнөзүн өздөштүрө баштадым окшойт.
– Баса, анан да Жаныбек футбол көрүп отурганда ага эч убакта жолтоо болбогонго аракет кыл. Мындай учурда мен балдарды ээрчитип сейилге чыгып кетчүмүн.
– Болуптур. Футболдун күчтүү күйөрманы экендигин өткөндө мен да байкагам.
Мына ушул сыяктуу баарлашуулар күн санап көбөйө берди. Жаннат Тумарга Жаныбекти мактаса, Жаныбекке Тумарды отко-сууга койбой мактайт. Курбусунун жетишкендиктери, анын жакшы мүнөзү, баскан-турганына чейин мактай берет. Кантсе да пенде эмеспи, бир туруп ичи тызылдай балдарын, күйөөсүн кызганып кетет. Жатып алып көпкө ойлонот, кайра-кайра эстеген сайын ыйлайт. Бирок кайра өзүнүн өмүрүн улантып, балдарына мээримдүү эне болчу адамды тапканына ичинен кубанып коёт.
Тумар болсо, Жаннаттын айткандарын эске алып, балдарына кийим же үйгө бир нерсе сатып алуу керек болсо, дайыма ак түскө басым жасайт. Көбүнчө үйдө суюк тамак бышырат, кечкисин балдардын бөлмөсүнөн тышкаркы жарыктардын баарын өчүрөт, үйдөгү тазалыкка күндөгүдөн да көбүрөөк маани берип калды. Жаныбек болсо курбулардын эмне планды ишке ашырууну каалап жатышкандарын сезген да жок. Тумардын кылган иштерине, өзүнө жасаган мамилесине ичинен абдан ыраазы. Кандай гана иш аткарбасын дайыма "так эле мен каалагандай, менин оюмду окуп койгондой иш жасайт экенсиң. Экөөбүз көп жагынан окшош экенбиз" деп калат. Тумар андайда сыр бербей тымпыят.
Ошентип жүрүп экөө бири-бирине көнө башташты. Жаныбек иштен кеч келген күнү Тумар кадимкидей күтүп, сарсанаа болуп, үйдүн коңгуроосунун кагылышын сак-сактап калат. Жаныбек үйгө келгенде балдары менен Тумар жок болсо, канчалык ачка келбесин ашканага да киргиси келбейт. Кадимкидей ээнсиреп, таарынган баладай барып жатып алмай адаты бар. Экөө тең үйдө болгондо балдары менен ойноп, өткөн-кеткенди эскеришип үйдө аз да болсо шаң пайда болот.
Тумардын жан дүйнөсүндө тынчтык жок. Өткөндө кызынын кайда, эмне кылып жүргөндүгүн угуп, иштин чоо-жайын өзүнөн угуу үчүн айылдан апасы келген. Бул ирет да калп айтууга мүмкүн эмес эле. Баарын төкпөй-чачпай айтып берүүгө туура келди. Бирок апасы экөө келишпеди. Таарыныч менен кош айтышкан.
– Апа, мен курбумдун аманатын кантип аткарбай коём? Анын балдарын да кыя алган жокмун. Анын күйөөсүнө турмушка чыгууга макулдугумду бергем.
– Кантип эле ошондой болсун, катыгүн?! Сенин башыңды айлантып алгандан сообу өзү? Кантип эле ушундай сунушка макулдугуңду бердиң?
– Апа, айла жоктон.
– Айла жоктон имиш. “Ушунча жашка келгенче курбусунун өлүмүн тилеп турмушка чыкпай жүргөн экен да” дебейби элдер. Элден уялсаң боло жок дегенде? Беш баласы болсо да, ажырашкан бирөөгө турмушка чыксаң да, деги бирөөнүн токолу болуп алсаң да, ал Жаныбегиңе тийбейсиң, мен каршымын. Сөз бүттү!
– Апа...
– Апа деп коёт. Эгер сен курбуңдун күйөөсүнө чыкканга камынып алсаң, сөзүмдү угуп артка кайтпасаң, экинчи мени апа деп атабай эле кой. Кудай урган турбайбы буларды!
Тумар бул жолу апасынын айтканына көнө албастыгын, курбусуна берген сөзүнөн артка кайтууга жол жок экендигин түшүндүрүүгө бир топ эле аракеттенди. Эч кандай жыйынтык чыкпаган соң:
– Апа, мага таарынбаңыз. Менин кылыгым үчүн биротоло жерип таштаарыңызга ишене албайм. Акыры мени түшүнөсүз. Мончоктой болгон эки баланын көзүн кыя албадым, курбум Жаннаттын жалдыраган сөзүн кыя албадым, жубайына жалооруй карап, жалгызсыраган жолдошун кыя албадым. Азыр болбосо да кийин мени сөзсүз түшүнөсүз.
Экөөнүн маеги ушуну менен токтогон. Апасы эч кандай түшүнүү мүмкүн эместигин, кызы эл караган бетин жер караткандыгын айтып, таарынган бойдон айылды көздөй жол тарткан. Апасынын таарынычы Тумардын түйшүгүнө түйшүк кошуп, тынч уйку көрө элегине көп болду.
Бүгүн дем алыш күн. Жаныбек да, балдары да үйдө. Тумар эртең менен эрте туруп, ашканада нанүштө даярдоо менен алек. Балдарга күрүчтөн ботко бышырып, апельсинден шире чыгарып койгон. Жаныбек астыңкы кабатка түшүп, ашкана тарапта Тумардын жүргөндүгүн байкады. “Кенен үйдө, анан да ашканада аялзатынын жүргөнү кандай сонун. Чыныгы берекени сезесиң” деп сүйлөнүп алып, ошол тарапка бет алды. Тумар байкаган жок. Качан гана:
– Оо, таң эрте ашканадан мындай жагымдуу жыттын чыкпаганына көп болду эле,- дегенде чочуп кетти.
– Апей, байкабай калыптырмын. Кел, отур. Колумдан келишинче аракет кылдым.
– Азыр, балдар туруп жатышат. Кийинип, жуунуп келишсин. Ашкананын көркүн ачып, баарыбыз чогуу отуруп тамактаналы. Сен тамакты даамдуу жасайт экенсиң.
– Рахмат.
– Ий, баса, унута электе айтып коёюн. Бүгүн кечке Орусияда иштеп жүргөн иним Улан келет экен. Балдарды ал карап турса, сени бир жерге кечки тамакка чакырсам дедим эле. Эртеңден баштап эки жумага чейин менин да убактым болбойт экен. Анын үстүнө сен келгенден бери жакшылап сыйлай албай уят болдум.
Ичинен Тумарга суктанып, анын кичи пейилдигине, адамгерчиликтүүлүгүнө, анан да сулуулугуна баа берип турду. Адамдын оюнда чек жок эмеспи. Жаннат ооругандан бери алгачкы жолу башка аялзатына суктанып тиктегени ушул болду.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
A.Almaz
2012-04-23 13:25:28
Jakshy jakshy
0
Саби
2012-04-23 13:51:11
ий-ий баягы эле кутмой дагы 1 жума
0
777bazamat
2012-04-23 14:17:01
бул сапар ката жок )))
0
nurlikbrat
2012-04-23 16:16:46
бул окуя чындыкпы? абдан ыйлагым келет, окуганда.
0
Mondur
2012-04-23 18:38:02
Эхх..Курбулук сыйдын отосуно чыга билген адамдар аз эмес экендигине далилдин бири мына!
0
Azura
2012-04-24 07:42:35
Mondur, азырынча баары алдыда... азыр жакын курбу болуп жургон Тумардын жашоосу эмне менен аяктаарын ким билет....
0
Argymak
2012-04-24 05:04:15
Армансыз отткон жан барбы.
Рак деген оорудан айыгып кетткен жан барбы.
Чиркин омур балдай таттуу.
Коз жумарга келгенде эн бактылуу кундорду эске алчуу.
0
gulia
2012-04-26 11:57:35
Баарынарга салам!мен башынан баштап окуйун десем таппай жатам,мурун ошентип окуйт элек азыр жок болуп калганбы?эгер билсенер айтып койгулачы.
0
maksimus
2012-04-26 17:33:26
a eger Jannat aiygyp ketse ne bolot. iya bul chigarmadan degi baarin kutso bolot. men ozumchole oilonup kettim uwuncha baarin jakindawtirip baari ozgorulup ketkenden kiyin aiygyp ketse, anda bilbeim. ekoo esli chto jakindawip baratat
0
temiralieva
2012-04-27 00:18:35
мынча кайгылуу жазылган, журогунду эзет экен.
0
jonne
2012-04-27 00:33:20
бир кем дуйно!баары болсо да бир жеринен кемчилик болот бул жашоонун.....
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан