ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-апрелден 29-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ишиңизде ийгилик жаратам деп жакындарыңызды унутта калтырбаңыз. Апта ортосунда айрым аракеттериңиз купулга толбой, жетекчиңиз нааразы болушу мүмкүн. Аптанын акырында тагдыр белек кылып, бойдоктор болочок түгөйүн таба алышат. Стресстердин алдын алыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
“Алма, быш, оозума түш” деген бул аптага ылайык эмес. Көп эмгек жумшоо менен гана баштаган ишиңизди аягына чыгара аласыз. Үй-бүлөдө акча маселеси жаралышы мүмкүн. Бирок аптанын аягында баары жай-жайына келет. Убактыңызды туура бөлүштүрбөсөңүз, жеке жашооңуз аксап калышы ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Баш айландырган ийгиликтерди күтө берсеңиз болот. Бардык маселени чечүүдө ички туюмуңузга таянганыңыз оң. Ишке орношо албай жүргөндөргө фортуна жылмайып, маянасы көп ишке кириши ыктымал. Ал эми сүйүү жаатында оор кырдаалдар жаралып, сүйүктүүңүздөн ажырап калуу коркунучу бар. Апта аягында туугандар арасында болуп, жылуу маекке аралашасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр тараптан келишим бузуулар болуп, иштериңиз аксашы ыктымал. Ага карабастан жыйынтык жакшы болоруна ишене бериңиз. Сезимдерди билдирүүгө, баш кошууга аптанын ортосу ыңгайлуу дешет жылдыздар. Тамактан уулануу, суукка урунуу коркунучу жогору, абайлаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Чыгармачылык эргүү жаралып, жаңы идеяларды ишке ашырууга киришесиз. Аптанын ортосунда ишиңизге байланыштуу майда чырлар күтүлүүдө. Ошол эле убакта башка булактардан киреше түшүшү ыктымал. Керексиз чыгымдарга жол бербеңиз. Ашыкча салмактан арылам десеңиз, жеген тамак-ашыңызды ылгап, спортко жакын болууга туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишке байланыштуу маселелерди аптанын башында чечип алганыңыз оң. Айтылган сындарды жана кеңештерди туура кабыл алып, учурунда абалды оңдоп кетүүгө аракеттенүү зарыл. Алыскы туугандар тарабынан кээ бир идеяңыз колдоого арзыйт. Жашооңузда жаңы адам пайда болуп, сүйүү оту жанышы ыктымал. Аптанын аягында досторуңуздан кечеге чакыруу аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жакшы нотада башталган апта аягына чейин сизди кубанычтарга батыра бермекчи. Көптөн бери бүтпөй келген иштериңиз ийгилик менен аякташы анык. Аптанын орто ченинде өзүңүздү чарчаңкы сезип, маанайыңыз чөгүшү ыктымал. Буга таза аба, китеп жана музыка даба боло алат. Апта соңунда жакындарыңыз менен мейманга барышыңыз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Келерки апта сиз үчүн кызыктуу учурларды камдап койгондой. Бирде ийгилик коштосо, бирде кылганыңыздын акыбети кайтпай капа болушуңуз мүмкүн. Айланаңыздагы адамдар сизди алдап жаткандай туюлушу ыктымал, бирок бул жалган сигнал. Акча жаатынан маселе чыгып, анын чечилишине досторуңуз көмөкчү болушат. Апта аягында сүйүктүүңүз менен сейилге чыкканыңыз туура.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында документ толтурууга кылдат мамиле жасаңыз. Эски таанышыңыз түбөлүк сүйүктүү адамыңызга айланып кетиши ыктымал. Апта ичинде ден соолугуңузга кам көрүп, витаминдүү тамак-ашка басым жасаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыйынчылыктарды жеңе билүү менен ийгиликке жете аласыз. Жалган жалаа менен айыпка тартылып калуу коркунучу бар. Андыктан ар бир кылган ишиңизге так болуңуз. Сапарда баратканда уурудан сак болууну унутпаңыз. Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Апта аягында жакын адамдарыңыз менен көңүлдүү эс аласыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Мурдатан белгисиз болгон таланттарыңыз ойгонуп, чыгармачылыгыңыз ташкындоосу ыктымал. Апта ичинде достор арасында кечелер, көңүл ачуулар көп болмокчу. Бул учурда ишиңизди унутка калтырып, башчылар тараптан тил угушуңуз мүмкүн. Бойдоктор аптанын аягында эски тааныштарына жолугуулары ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жаңы дос күтүшүңүз ыктымал. Жумушуңузда да, үй-бүлөдө да бейпилдик өкүм сүрмөкчү. Жалпысынан апта чоң ийгиликтерди алып келбегени менен, чоң маселе да жаратпайт. Ал эми сүйүктүүңүз менен, тескерисинче, уруш чыгышы мүмкүн. Апта аягында кошумча булактардан акча келиши күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан