“Туңгуч” театры Кытайда өтүүчү Эл аралык театр фестивалына үчүнчү ирет чакырылып, сүйүнүп турган чагы. “Негизи, үчүнчү жолу эмес, экинчи жолу да мындай фестивалга катышса болбойт. Биз былтыр, мурдагы жылдары барып келгенбиз. Быйыл да чакыруу келгенине таң калып отурам. Биз аларга жагып калган окшойбуз”,- дейт театрдын жетекчиси Жамал Сейдакматова. Кытайлыктардын жердештерибизди кайра-кайра фестивалга чакырып жатканы бизди да кубандырат.