Ырчы Сыймык Бейшекеевдин демилгеси менен “Уютку” деп аталган коомдук уюм түзүлүүдө. Аталган уюм Орусиядагы кароосуз калган кыргыз балдарын Кыргызстанга алып келүү менен алектенмекчи. Сыймык мырза бул тууралуу: «Кыргыздар эч качан балдарын бөтөн өлкөгө ташташкан эмес. Алардан келечекте мыкты окумуштуу, космонавт, профессорлор өсүп чыгышы мүмкүн. Эгер Орусияда калып калышса, донор катары колдонулуп кетиши толук ыктымал деген чоң коркунуч бар. Азыр эңсегенибиз саясат, каалаганыбыз бийлик болуп калды. Минтип отурсак, бизди кылым кечирбейт. «Кыргыздын келечеги эмне болот?» деген суроо жүрөгүбүздү канатып, каңырыгыбыз түтөп турат»,- дейт. Баштаган ишиңиз оң жагына чечилип, ошол балдардын сообун алыңыз!