«Көпчүлүк билбей калат» деп жасаган шылуундугун расмий булактар аркылуу аныктап, Кыргызстанда «Танхам» деген ырдын аткаруучусу Раминмин» деп жүргөн ирандык жигиттин чыныгы жүзүн ашкере кылган элек. Ошол макалалардан кийин ал жигит (чыныгы аты Расул Абади) менен продюсери «Ирандан айтылуу рэпер Бибакты чакырып, Расулдун ырчы экенин далилдейбиз» деп чыгышкан. Эми кандай айла таап чыгышар экен деп кызыгып турганбыз. Концерт Спорт Ордосунда өтөт деп жатышкан. Анан эле «Расулду сабап кетип, концерт артка жылды» деген маалымат келди. Концертти уюштурмакчы болгон Мирлан Муратов «Расулдун да, Исламдын да телефондору өчүк, таппай жатам» дейт.
Ирандык жигитти чындап эле сабап кетиштиби же элди алдап жүрүп, калптарынан суурулуп кетүүнүн айласын таба албай учурган өрдөгүбү, айтор, ким билсин... «Кырсык каш-кабактын ортосунда» дейт, эгер чындап кырсыкка кабылса, эртерээк сакайып кетишине тилектешпиз.