«Супер-Инфо» гезити окурмандарын «Европада сезон аяктаса, «ЕВРО-2012ге» чейин футбол ааламы жымжырттыкка чулганат» деген ойдон качууга чакырат. Анткени жыл сайын туулган күнүндө байге сайып, футболдук таймаштарды өткөрүп келген гезитибиз 10 жылдык мааракесин да футболдун коштоосунда белгилемекчи.
Футбол сүйүүчүлөр арасында «Супер-Инфонун» Кубогу-2012» 31-май – гезиттин туулган күнүнө карата 26-27-майга белгиленди. Кимдер катышат, баш байге эмне болот деп кызыгып жатсаңыз, мелдеш тууралуу суроолорго кийинки сандарыбыздан жооп таба аласыз. Жеңүүчүлөр былтыр кой жешкен эле, быйыл, балким... :)