ПЕДОФИЛДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ, АБАЙЛАҢЫЗДАР!

«Эл жакырчылыкка батканда эң биринчи руханий жактан бузулуу башталат» деген кеп айтылып жүрөт. Ушул себептенби же башкаданбы, айтууга дитиң барбаган окуялар көп болуп жатат. Жаш балдарды зордуктаган педофилдер көп катталууда...

ЖАКАҢДЫ КАРМАТКАН ФАКТЫЛАР
1. Кадимки эле жумуш күндөрүнүн биринде биздин редакцияга алыстан телефон чалуу болду. Талас облусундагы бир райондук ооруканага 5 жашар кыз зордукталып түшкөн экен. Атын атагысы келбеген мээрман айым болгон окуяны бирде жинденип, бирде зээни кейип айтып берди:
– Ушундай кантип болсун, бүт ооруканадагылар шок болуп жатышат! Адам атка татыбаган акмак 5 жашар наристе кызды зордуктаган экен. Азыр акыбалы оор, Бишкекке жибергени жатабыз. Мен эне катары, аял катары бул акмакчылыкка жөн карап тура албай чалып жатам. Кыздын абалын ушундан билиңиз, заңы алдыңкы тешиктен чыгып калыптыр. Келечеги эмне болот?!- деп бир топ кейип-кепчиди (11-апрелде Манас районундагы айылдардын биринде 5 жаштагы кызды апасы үйдө жоктугунан пайдаланып, белгисиз бирөө зордуктаган. Эртеси күнү бул кылмышка шектүү деп 24 жаштагы жигит кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон).
2. Аргасыз баш чайкайсың. Андан 5 күн мурун эле ушуга жакындашып кеткен бир окуя болуп өткөн эле. 6-апрелде Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонунда жумуштан үйүнө кайтып келе жаткан милиция кызматкери көчөдө ыйлап жаткан 7-8 жаштагы кызды байкап калат. Кызды соороткон офицер анын курбусун бир адам шоколад берип мектеп тарапка ээрчитип кеткенин билет. Кыздын айтымы менен барып, курулуп бүтпөй калган имараттын аймагында 30-35 жаштардагы эркек ыйлап жаткан кичине кызды зордуктап жатканын көргөн. Зордукчуну кармоого аракет кылган учурда ал таш, таяк менен уруп, качат. Колу сынганына карабай милиция кызматкери зордукчуну кармап, милиция бөлүмүнө жеткирген.
3. Ал эми 16-март күнү болгон окуя элдин көбүн шок кылды. Арча-Бешик жаңы конушунда 8 жашар секелек кыз жоголуп кеткен. Эки күндөн кийин анын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси жакын жердеги суткага берилүүчү мейманкананын короосунан табылган. Наристени зордуктап өлтүрүп кеткен мыкаачы бүгүнкү күнгө чейин кармала элек.
Бишкек шаарында эле жыл башынан бери мындай 11 факт катталган. Айтканга оңой бул сандардын аркасында канчалаган талкаланган тагдырлар, ата-эненин, жакындарынын көз жашы... Бул үстүнө калкып чыккандары гана, ал эми биздин кулагыбызга жетпегени канча болду экен? Себеби көп фактылар жабык калып, көпчүлүгү коомчулукка жарыя кылгандан уялат. Жабыр тарткандардын мындай аракетинен улам канчалаган кылмышкерлер тиешелүү жазасын албай жүрүшөт?..

ПЕДОФИЛИЯ БУЛ – ООРУ
Педофилия – психикалык оору. Жынысына карабай жаш балдар менен жыныстык катнашка барууну каалоо. Изилдөөлөргө караганда, көбүнчө мурун өзү да ушундай кордукту көргөн адамдар педофил болуп кетишет. Педофилия менен камалгандардын жарымынан көбү курмандыгынын таанышы же тууганы болуп чыккан. Алар улуулар менен мамиле кура алышпайт да, балдардын арасында өздөрүн чоң, акылдуу сезишет. Педофилдер кызыктуу аңгемелерди айтып берип, ойноп, таттуу берип жана жакшы мамилеси менен баланын көңүлүн алат. Зордукчу наристенин апасынын ойношу болуп чыккан учурлар да көп. Бул кылмыштын рекордчусу катары Англияда өмүр бою абакта жатууга өкүм чыгарылган педофил-миллионер Уильям Гоудду атаса болот. 3500 жашы жете элек өспүрүм 10 фунт үчүн аны менен төшөккө жатып, Гоуддун курмандыгы болушкан.

«БАЛАНЫН ПСИХОЛОГИЯСЫНА КАТУУ ТААСИР БЕРЕТ»
«Эң коркунучтуусу, педофилдер катардагы адамдардан айырмаланбайт, биз менен катар эле жашап жүрө беришет»,- дейт психолог Гүлай Акбутина.
– Алардын көбүнүн билими, жумушу, үй-бүлөсү бар. Көпчүлүгү бала чагында ушундай окуяга кабылышкан. Эң коркунучтуусу бул – педофилиянын баланын психологиясына болгон соккусу. Ошол күн наристенин тагдырында өмүр бою кара так болуп калып калышы мүмкүн. Изилдөөлөргө караганда, андай балдардын ишеними сынып, көпчүлүк учурда жаман жолго түшүп, баңги, аракеч жана сойку болуп кетишет. Көпчүлүк учурда балдар да зордукталганын айтуудан коркуп, эч кимге билгизбей жүрө беришет. Мындай балдарда түнттүк, коркоктук, өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болуп, бардык эле чоң кишилер душман көрүнүп калат. Бул ойлор баланы көпчүлүк учурда жаман жолго түртүп, турмушу бузулгандай сезилет. Аны унуттуруу үчүн көп иштөө керек. Бул үчүн терапиянын ар кандай түрлөрү бар.

КӨП ӨЛКӨЛӨРДӨ ПЕДОФИЛДЕРДИ БЫЧЫП САЛЫШАТ
Эксперттер «педофилдерди бычып коюуда алардын укугу бузулат, бирок алардын укугуна караганда балдарды коргоо укугу алда канча маанилүүрөөк» деп белгилешет. Кээ бир өлкөлөрдө педофилдерге бала бакча, мектептердин жанында жашоого тыюу салынган.
АКШнын бардык эле жарандары мындай кылмышкерлер үйүнүн же жумушунун жанында жашайбы же жокпу, биле алышат. Штаттардын атайын сайттарында мурун соттолгон педофилдердин аты-жөнү, сүрөттөрү жана даректери чагылдырылган.
Чехияда педофил жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин аны психиатриялык ооруканага жаткырышат. Эгер ал бычтырууга макул болсо гана аны бошотушат.
Орус бийлиги да 2 ай мурун жашы жете электерге сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга баргандарга кылмыш жоопкерчилигин күчөттү. Педофил-рецидивисттер өмүр бою эркинен ажыратылып, «балдарды сүйүүчүлөр» химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынды. Ал эми бизде азырынча педофилдер үчүн атайын мыйзам жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу көптөн бери «педофилдерге карата жазаны күчөтүү керек» деп какшап айтып келет.
– Бул боюнча Эмгек жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Эмгек кодексине бардык эле соттолуп чыккандарды билим берүү тармагына жумушка албоо жана жумушка кирип жаткандар соттолгон эмес деген маалымат кат алып келүүсү, ал эми Кылмыш-жаза кодексине педофилдерди 20 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан сырткары мындай кылмыш үчүн жазага тартылган адамга карата шарттуу түрдө кесилиши жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн эмес деген маселелер каралууда. Бул мыйзам долбоору комитеттик кароодо жактырылган, эми кезеги жеткенде парламенттик кароого коюлат. Бул мыйзам долбоору жашы жете электерди дене, моралдык күч колдонуулардан, кемсинтүүлөрдөн коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


Супердин» сурак бурчу

ПЕДОФИЛДЕРГЕ КАНДАЙ ЖАЗА БЕРҮҮ КЕРЕК?


Бурул Ашырова, үй кожойкеси:
– Замандын бузулганын азыркы айрым эркектердин көчөдөгү оозунан сүтү кете элек секелектерди кордоп-зордоп жатканынан байкаса болот. Мындай акмактарды коомдон бөлүп, кыйноого салып, бычып же өлтүрүп салууну көпчүлүк колдосо керек.



Таалай Төрөгелдиев, менеджер:
– Айбан да мындай жийиркеничтүү нерсеге барбайт. Мен мындай эркектерди адам деп айта албайм, алар иттер! Аларды кыйнап өлтүргөндө гана бирөөнүн көз жашына калып, кичинекей кыздын өмүрүн талкалаганын, ата-энесинин күйүтүн түшүнөт.



Айпери Айтиметова, студент:
– Биздин мамлекетте оор кылмыштарга жазаларды катаалыраак кылуу абзел. Кылган кылмыш ишине жараша максималдуу түрдө эркинен ажыратып, катуу жазалоо керек. Ал эми педофилдерди асып коюш керек. Аны көргөндө коркуу сезими ойгонуп, айрымдар жаман ойлорунан да арылар.


Аман Муратбек уулу, студент:
– Педофилдерди актап-жактабастан, дароо эле атууга кетирүү керек, соттоп, тергеп-иликтегенге убакыт коротпой. Анын кылган кыйноосун өзүнө да көрсөтсө, ошондо гана түшүнөт деген ойдомун.


Күнүмжан Кошалиева, пенсионер:
– Бирөөнүн мээнет менен чоңойткон баласын кордоп же зордогонго эч кимдин акысы жок. Андай акмакчылыкка баргандардын колу-бутун кесип, кыйнаш керек. Аянтка чыгарып элдин ортосуна салып, таш бараңга алып өлтүрүш керек.



Нурлан Дүйшенов, студент:
– Акыл-эси толук адам андайга барбайт. Бул акмактар кичинекей алсыз баланын гана тагдырын талкалабастан, ата-энесинин да психологиясына доо кетирет. Педофилдерди колдон келишинче катуу жазалоо абзел.

Нургүл Өмүракунова, үй кожойкеси:
– Бизде жаза катары өлүм жазасын киргизүүнү сунушташса, мен колдомок элем. Ал эми педофилдерди таш бараңга алып, кыйнап өлтүрүшсө же элдин ортосуна алып чыгып бычып салышса!

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (70)
almazikkg89
2012-04-27 09:42:23
жон эле олтурбостон,кыйнап олтуруу керек.
0
bba123
2012-04-27 12:35:13
Кудай өзүң сакта! Заман акыр болгону көрүнүп эле турат. Мындай акмактарды ЛЕЗВИЯ менен тилмелеп өлтүрүү да аздык кылат. Ошол нерсени өзүнүн наристесине бирөө кылып көрсүн, ошондо кандай болоорун сезет, Педофилдерге өлүм!!!
0
Likvidator
2012-04-27 14:56:07
Бычып кесип салуу керек . Омур бою ансыз жашап отуусу керек кыйналып .
0
zhamalidin.aika
2012-04-27 20:41:09
блииииииин я в шоке!!!!! кантип конулу чыдайт ошого??? айбандар)))*
0
Xan
2012-04-27 20:56:54
таш боор хишниктер,мумкунчулугум болсо,алигиси менен жипке байлап,асып таштайт элем!!!
0
Venita
2012-04-27 23:51:38
Бычып салыш керек, адам кейпинен ажыратып,тируулой комсо да жарашат андай айбандарга!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
jyrgal-2
2012-04-28 10:50:22
bizdin olkogo ,,OLUM,, jasasyn myizamdashtyrysh kerek,tez arada, bolboso kylmyshtuuluk abdan kuch aldy, baary butup emi kelechek muundardyn tagdyryn talkaloo bashtaldy... men deputat T. bAKIR UULUNA kairylat elem, jogorudagy sunushtuu myizamdashtyruunu, jalpy el koldoit"olum'jazasyn suranych,ushundai akmaktardy turmogo karmoonun kajeti jok. mamlekettin turmogo degen budjeti baldar uiuno jumshasak paidaluu bolmok...
0
Omurzak-17
2012-04-28 10:50:50
ммммм уккан кулагыма ишенбейм кантип ушундай жолго барышат аларды кудай озу жазаласын!!!
0
jyrgal-2
2012-04-28 10:52:10
kulmyshtuuluka chekit koiuu kerek,tuugandar...ansyz da jashoo kyiyn..........
0
eren
2012-04-28 18:25:44
алла таала аркы дуйнодо жазасын берсин колу менен кылганды мойну менен тартышсын айбанды жон эле олтурбостон кыйнап олтуруш керек жаны кыйналаганда тушунот бироону СУКИ
0
milashka90
2012-04-28 19:12:00
Ужас!я в шоке.не знаю даже че сказать.кантип наристелерге ошондой кылганы конулу барат.аларды олтуруш к.к.
0
Narynbek
2012-04-29 14:34:37
Кудай сактасын!наристелерди зордуктаган бул айбандарды,сурабай эле бычып же аттып өлтүрүү керек!
0
nuri1972
2012-05-01 12:57:44
Аларды олтуруп куноо албай эле карышкрларга салып бериш керек.карышкырга айыбын айтпаш керек жебей коёт.
0
iad_79
2012-05-19 23:23:12
андай эшектерди турмого кармабай эле сразу эле ташбаранга алып олтуруп салыш керек, аларды турмого кармап мамлекетке чыгым келтирип багып кереги не? ал эшектерге олум!
0
iad_79
2012-05-19 23:25:18
алигисин кесип элдин алдында тепкиге салыш керек,же озулорун да ошол наристелердей кылып зордуктап,мазактаса эшектерди...
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан