ТУУЛГАН ЖЕРДИН ТУРПАГЫ
Э.Ибраев
Бабалардан келе жаткан уланып,
Ар бир элде каада-салт бар, бул анык.
Булак өңдүү бирден миңге куралып,
Өмүр менен өмүр болуп тур агып.
Булак сууга, суу дайрага кошулат,
Дайра көлгө, көл деңизге созулат.
Ал сыңары бизге жеткен ыйыктын,
Эң ыйыгы делет бир ууч топурак.
Мейлиң жакын, мейлиң жаша алыста.
Милдеттүүсүң үлгүрүшкө, барышка.
Же жердешиң, же жек-жаатың көз жумса,
Бейитине бир ууч топо салышка!
ЭМИГРАЦИЯ
Т.Бекболотов
Улуйт чөөлөр, ташта баарын, кеч эми,
Биз бул жерден эптеп чыгып кетели.
Эмнегедир сезип турат жүрөгүм,
Жүрө берсек жакшы бүтпөйт этеги.
Чөөлөр улуйт, кабарыбы, коогадан,
Кеттик ылдам көтөрүнүп жөө-жалаң.
Бир жерлерге батар биздин башыбыз,
А сен кайда баратасың, оо, заман?!
СЕН КИМСИҢ?
С.Байгазиев
Тарыхыңды неге сен, эй, унуттуң?
Тегиң кайсы, кайсы сенин улутуң?
Өзгө тилдин желбиретип байрагын,
Өз жериңде эне тилиң куруттуң.
Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?
Карагын, эй, камгак болуп кайда учтуң?
Темселейсиң таалай издеп чет жактан,
Мекен туруп, мекениң жок байкушсуң.
"Мальборо!" экен калпагыңдын урааны,
Кытай тамга – көйнөгүңдүн далысы.
Көөдөнүңдө христиандар символу,
Ары жок, эй, кайда, кыргыз, намысың?!
Коломтоңдо ыйык туткан эмнең бар,
Эмнең менен атуулусуң улуттун?
Кайда Манас, ата-бабаң туу кылган,
Кайран тоолук, кай тагдырга тушуктуң?!
САГЫНДЫМ, ТУУЛГАН ЖЕР, СЕНИ!
Б.Алыбаев
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансыз да,
Сагындым, туулган жер, сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар!
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg