"Чет өлкөдө жашоо жыргал" деген жомокко ишенип канча деген жарандарыбыз башка өлкөлөргө кетип, ийгилик кушун кармаганы саналуу гана, калган далайы кордук көрүп жүрүшөт. А биз бул жактан алардын жашоосуна суктанып, "мен да барып иштеп келсемби?" деген ойго арбалабыз. Бүгүн Италиянын Неаполь шаарында 9 жылдан бери жашап-иштеп келаткан Даниел аттуу мырза ал жакта жашоо кандай экендигин айтып берет...
УЛУТЧУЛДАР БАШЫН ЖАРЫП...
"Мен деле эл катары мектепти аяктагандан кийин бир кесиптин ээси болууну көздөп, КГУСТАнын экономика факультетине тапшырып, 2001-жылы бүтүргөм. Дипломум колго тиери менен эле жумуш маселеси башыма түштү. Экономист катары мага 2000 сомдон жогорку айлык маянаны эч ким сунуштаган жок. Сураштырсам, 5 жылдык эмгек тажрыйбам болгондо гана айлыгым 5 миң сомго жетет экен. Аны укканда эле Кыргызстандан кетүү керек деген чечимге келдим",- деп баштады өз сөзүн мекендешибиз Даниел Базарбеков.
Ошентип, ал Орусияда иштеп-жашап жаткан эжеси менен жездесин көздөй жол тартат. Жетип иштей баштаган алгачкы күндөрдөн тартып эле "акчаны сузуп табам" деген үмүтүн тааш каап, оюндагыдан алда канча кыйын турмушка туш болот. Жайында кыйналып курулушта иштегени аз келгенсип, айлыгы да убагында берилбейт. Анын үстүнө курулушта иш мезгил-мезгили менен болот эмеспи.
"Жайы менен тапкан акчаңды кышы менен иш жокто коротуп коюп куру жалак кайра отуруп калмай. Орусияда жадакалса кенен дем алуу да кыйын. Качан мени милиция кызматкерлери кылдан кыйкым таап кармап кетишет деп коркуп турасың",- дейт каарманыбыз. Анан да бир ирет орустардын улутчулдарына кабылып калгандыгын эскерди.
Каралбай калган бир пансионатты аралап барып сууну суктана карап турса эле, артынан орустун 4 жигити жетип келет. "Эмне турасың? Сен кимсиң?" деген сыяктуу суроолорду жаадырып келип эле байкатпастан баштан ары уруп калат. Кепке- сөзгө келбей төртөө жабылып Даниелди башы жарылганча сабап кетишкен экен. Ансыз да бөтөн элдин азабына бышып турган эле. Ошентип, кыргыз жигити Орусиядагы эки жылдык жашоосунан кийин "бул өлкөнү желкемдин чуңкуру көрсүн" деп башка өлкөлөргө кетүүнү чечет.
БИР КИЛОГРАММДЫК НАН 122 СОМ ТУРАТ
Элдин айтымында да, өзүнүн баамында да өнүккөн Европа тарапта жашоо жеңил. Аз иштеп, көп акча табасың. Бирок Даниелдин алгач Англияга же Кореяга кетем деген тилеги орундалбай, тагдыр ташы Италияга ооптур. Алдын ала аны "8 сааттык иш күн, айлыгы 1000, 1500 евро (91 миң 500 сом)" деп жумушка чакырышат. Баргандан кийинки жашоо иш жүзүндө таптакыр башкача болуп чыгат.
Бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке орношуп, күнүнө алдын ала айтылгандай 8 эмес, 14 сааттан иштеп, айына 1500 эмес, 400 евро чыгат. Болгону, бир жарым ай иштеген соң чогулган айлыгын ала албай, кожоюндар күн сайын эртең, бүрсүгүнү дей бергенинен түңүлүп башка иш караштырууга аргасыз болот. Ал жактагы кымбат жашоону элестете бериңиз. Бир килограммдык нан 2 евро (122 сом) турат. Жумасына бир адамга тамактануусу үчүн эле 25-30 евро (1830 сом) сарпталат.
"Бул аябай үнөмдүү жашагандардын көрсөтмөсү. Биз майдын, эттин эң арзанын жеп, чайдын, сүттүн эң арзанын ичебиз. Жашаган батир, коммуналдык төлөмдөр бар. Учурда деле эскилиги жетип калган батирде турам, үч адам жашайбыз, 400 евродон төлөп. Анан да көп нерселерге кол жетпейт",- дейт бул тууралуу Даниел.
"Ал ресторандан кеткенден кийин Африкага жөнөтүлчү секонд-хенд кийимдерин чогултуучу болуп иштедим. Мурункуга караганда бир аз дурус эле болду. Жок дегенде айлыгым колума тийип дегендей. Анда жарым жыл эмгектенген соң өз алдымча иштейин деп базарга чыгып кеттим. Ар кандай кийим-кечек сатам. Тапканым өзүмө жетип турду. Базарда дагы жарым жыл иштеген соң кайрадан дагы бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке киргем. Бул жолу кожоюн жактан жолум болуп, анда 8 жылдан бери иштеп келем",- дейт каарманыбыз.
"ЖУМАСЫНА 7 КҮН ИШТЕЙМ"
Иш күнү кандай өтөрүн сураганыбызда: "Жумасына 7 күн эки нөөмөттө иштейм. Эртең менен ресторанга келип эки чоң залды жууйм, андан соң эки ажаткананы тазалап чыгам. Ал жумуштар бүткөн соң ашканага жардам берем, тамактарга керектелчү азыктарды аарчып, туурап дегендей. Башкы ашпозчу келген соң менин ишим жалаң гана идиш жуумай. Ал эми кечки нөөмөттө идиш жуугандан башка милдетим жок. Түнкү онго чейин иштейм",- деди Даниел.
Эң жаманы, адам ооруп калабы, башка болобу, аны менен эч кимдин иши жок, дене табың 40ка чыгып турса да ишке келишиң керек экен. Себеби мененби, себеби жокпу, айтор, эки күн иштен калсаң ордуңду жоготтум дей бер. Ал жакта да жумушсуздук күчөп тургандыктан, "мен иштейм" деп жумуш издеген эле адамдар экен. Даниел жанында иштеген 70 жаштагы абышканын жоругун айтып таң калтырды. Ал эртең менен бутуна операция жасатып, кечинде жумушка чыгып алыптыр, жумуш ордун жоготуп албайын деп. Кемпири болсо 68 жашта экенине карабай ал дагы ден соолугуна байланыштуу операциядан кийин бир жумага жетпей кайра ишке чыккан экен.
КАЙДА БАРСАҢ МАМАЙДЫН КӨРҮ
Италияда деле кечкисин сыртка чыгуу коркунучтуу. Көчөдөн колуңдагыны жулуп кетүү бул жакта турсун, үйүнө келип деле коркутуп тоноп кетишет экен. Анан да жергиликтүү тентек балдар кыргыздарды көргөндө Орусиядагыдай "жылчык көз" дебесе да, "кытай" деп басынтышат. "Кытай эмеспиз, биз кыргызбыз деп коюп басып кетебиз" деп күлүп алды каарманыбыз.
Ал жактагы кыргыз жердештери туурасында кеп козгогонубузда мекендешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Бизди бул жакта акча санаган кассирликке, жадакалса айдоочулукка да алышпайт. Жалаң гана кара жумуштар берилет. Кыз-келиндер көбүнчө карыларды, оорулууларды карап, жаш балдарды багып иштешет. Алардын иши деле оңой эмес, үй жыйнап, тазалап, кары-картаңдардын памперстерин алмаштырып дегендей. Өткөндө бир кыргыз кыз бир аялды багып жүрүп белинен грыжа болуп калыптыр. Көрсө, ал аялды көтөрүп унитазга отургузчу экен. Мындан бир топ жыл мурун бир окуя болгон.
Кыргыздын үч кызын жумушка алдык деп ээрчитип барып, сойкулук менен иштөөгө мажбурлашыптыр. Алар каршылык көрсөтсө, тамак бербей камап коюшкан экен. Бактыга жараша кыздар качып чыгып кутулушкан. Кыскасы, кооз шаарларда, деңиздин жээгинде күлүп сүрөткө түшүп, сүрөтүн Кыргызстанга жөнөтүп коюп, чындыкты айткандан уялып "мен тиги жумушта иштейм, бул жумушта иштейм" дегени менен, чындыгында, дээрлик көпчүлүгү кара жумушчулар".
"КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАМ. БУЛ ЖАКТА КЕЛЕЧЕК ЖОК"
"Мен 19га чыкканда 47 жаш курагында апам, кийин 2001-жылы 58 жашында атам дүйнө салып кетти. Ошондон тартып чет элде жүрөм. Балким, ата-энем бар болгондо мынчалык кыйынчылыкка чыдап алыста жүрбөйт элем. Көп жыл сыртта жүрүп Кыргызстанга былтыр гана барып келдим. Бул жерде калгым келбейт. Бул жакта келечек жок. Жакынкы келечекте Кыргызстанга кайтам го деп турам.
Жердештерибиз бирөөдөн 2-3 миң доллар карызга алып келишет. Бирок бул жакка келери менен эле иши жүрүшүп кетет деген кепилдик жок да, кайра кайта албай түйшүккө малынгандары канча. Кыскасы, антип кыйналгандар ого эле көп. Мекендештеримден жардамымды аябайм, келер алдында төмөнкү электрондук дарекке кайрылып маалымат алсаңыздар болот: daniel555@mail.ru",- деп сөзүн жыйынтыктады Даниел Базарбеков.