Айбек Замирбек уулу, «Супер-Инфонун» версиясы боюнча «Жыл жаңырыгы-2011» наамынын ээси: «АТАМДЫН ДОСУ ТАМЕКИ ТАРТКАНДЫ ҮЙРӨТКӨН»

Айбек Замирбек уулу Арсен менен бирге Юрмалага барып келгенден кийин атактуу болуп чыга келди. Жадакалса ошол кездеги президент Роза Отунбаева Арсен экөөнү Лондонго окууга жөнөтүүгө сөз берген эле...

– Куш келипсиң, Айбек. Алма бактан алыс түшпөптүр да, ээ?
– Туура айтасыз, атам Замирбек Сооронбаев менен апам Калича Сейдалиева белгилүү актёрлор, азыркыга чейин Кыргыз драма театрында иштеп, кинолордо роль жаратып келишет. Апам кээде опера ырларын заңкылдатып созуп калса, атам кулагын баса “ай, акырын” деп калат.

– Тубаса талантты деле таптабасаң чыкпаса керек...
– Мен 3 жашымдан 14кө чыкканга чейин “Ак шоола” хорунда, андан кийин кафелерде ырдап жүрдүм. Мунун баары мен үчүн чоң тажрыйба болду. Негизи эле ырчылар үчүн кафеде иштеген чоң мектеп, көп нерсени үйрөнүшөт. Вокалдан билимим жок болсо да, азыр жакшы эле такшалып калдым деп ойлойм.

– Балалык чак кызыктар менен коштолгондур, актёрлордун үйүндө...
– Ата-энемдин достору баары чыгармачыл адамдар болгондуктан, такыр зериктиришпейт. 6-7 жашымда болсо керек, атамдын шеринелештери үйгө келишкен. Кабат үйдөбүз, ашкананын эшигинин алдында бир досу келип, мага тамеки тартканды үйрөткөн. Аны апам көрүп калып, “ай, бул эмне кылганың?” деп аябай урушкан эле.

– Жалгыз бала экенсиң, эрке чоңойгондурсуң...
– Үй-бүлөдө экөөбүз, эжем, анан мен. Ата-энеңе канча жашта болсоң деле кичинекей көрүнөсүң да. Апам кез-кезде эркелетип калат. Анткен менен эрке өскөн жокмун. 15 жашымда эле ата-энеме жүк болгум келбей, өз алдымча иштеп, өзүмдү-өзүм багып баштагам.

– Кандай жумуштар менен алек болдуң?
– Алгач кафеге официант болуп барсам, “жашың жете элек, сенден кайдагы официант чыкмак?” деп албай коюшкан. Эптеп тааныштар аркылуу орношуп, анан бармен болуп, кийин ырдап баштадым. Ошентип, 8-9 жыл болуптур, кафелерде ырдап жүргөнүмө. Эми болсо биротоло жыйыштырып, чыгармачылыкка киришейин деп чечтим.

– Сени тартынчаак дей беришет...
– Досторумдун арасында эч нерседен тартынбайм, уялбайм дагы. Шайырмын, компаниянын “душасы” деп койсом болот. Алар да айта беришет, “эмнеге сен сахнада ушундай эмессиң? Сахнага чыкты дегиче өзгөрө түшөсүң” деп. Чындыгында, эл алдында өзүмдү алып жүргөнүмдү адамдар уялчаак деп туура эмес кабыл алышат экен. Ал тартынчаактык эмес, “скромность”. Мага сахнага чыкканда мени суктанып карап тургандары жагат көрөрмандардын. Ошого өзүмдү да татыктуу, токтоо алып жүргөнгө аракеттенем.

– Өз алдыңча эмес, продюсер менен чыгайын деп чечипсиң, продюсерсиз сахна дүйнөсүнө аралашуу кыйын бекен?
– Эми кафелерден башым чыгып, Гүлмира Бейшеналиева аттуу продюсер менен иштешип баштадым. Сахнага чыгуу кыйынчылык деле жараткан жок. Аны менен 2006-жылдан бери таанышмын, эжемдей эле болуп калган. Ортобузда сыр жок, үйлөрүбүзгө барып катташып турабыз. Келечекте деле түшүнбөстүк болбойт деп ишенем.

– Шоу-бизнестен кимдер менен жакшы мамиледесиң?
– Баары менен эле жакшы мамиледемин. Ар кимдин өз чөйрөсү болот эмеспи. Жалпы тема жок болсо деле жабышып өзүңдү мажбурлай албайсың да бирөөлөргө. Ал эми азыр чогуу дос болуп жүргөн Арсен менен бир кафеде таанышып калгам, 3 жыл мурун. Экөөбүз бат эле тил табышып кеткенбиз.

– Юрмаладан келгениңерде Роза Отунбаева "Лондонго окууга жөнөтөм" деди эле...
– Ооба, андай сөз болгон. Бирок расмий түрдө айтылып, документ жактан эч жерге кол коюлган эмес. Андыктан мен үмүткөр болбойм деле. Ал эми чын эле жөнөтөбү-жокпу, белгисиз.

– Жеке жашооңо келсек, бойдок жигиттин жүрөгүн ээлеген айым барбы учурда?
– Бир нерсеге токтолуп калган деле болбойт экен. Өзүңдүкүн тапканда гана меники ушул деп түшүнөсүң дароо. Ушул кезге чейин 3 кыз менен 3 жылдан сүйлөштүм. Сүйүү эмес экен, тойго жеткен жок. Менимче, үйлөнөр алдында 2-3 ай сүйлөшсөм болот. Жүрөгүм бир жыл болду, бош.

– Турмуш куруу үчүн 2-3 ай жетиштүү деп ойлойсуңбу?
– Бат тажап кетем көп нерседен. Кыздардын “кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?” деген суроолору чарчатат. Ошондуктан кээде кыздарды көп убакыт кетирип изилдеп отурбай эле үйлөнүп алсамбы деген ой келип кетет. Мамилелерим дайым элдикиндей курулбайт. Алгач бири-бирибизди жактырбай, сөздөрүбүз келишпей, бирок көп өтпөй эле карасаң, экөөбүз тил табышып, тим эле укмуш болуп калабыз. Артист болгондуктанбы, бул жөн жүрбөйт деп эле суракка ала беришет кыздар.

– Кыздардан кандай комплименттерди жана сындарды угасың?
– Көбүнчө "үнүң коңур" дешет. Андан да кызыгы, биринчи таанышканда "көз карашың такыр жакпайт" деп айтышат. Ага мен күлүп калам, "эмне, көзүмдү башкача кылып өзгөртүшүм керекпи?" деп.

– Кафеде иштебей калсаң, каражатты кайдан аласың?
– Ар кандай корпоративдик кечелерге чакыруулар көп болот. Өзүмө жетиштүү эле акча табам.

– Кечелерге барып, ырчылар үйдө деле көп турбаса керек...
– Бизде режим ар кандай. Кээде түнкү саат 3төрдө келем. Күндүз 2ге чейин уктайм. Бирок сөзсүз апамдын колунан тамак жебесем башым ооруйт. “Апа, тамак жылытып бериңизчи?” дейм туруп алып. Апам "өзүң жылытып алчы" дейт. Билбейм эмнеге, апамдын колу тийсе эле тамак мен үчүн даамдуу боло калат.

– Ата-энеңдин жолун улап актёр болуп кетүү кыялың жокпу?
– Негизи, өзүмдү бул чөйрөдө сынап көргүм келет. Сунуш түшсө байкап көрмөкмүн.

– Кыздарга жаккан романтик мырзалардын катарын толуктайсыңбы?
– Романтикмин деп айта албайм. Чынын айтсам, гүл тартуулаганды билбейм. Майрамдарда бериш керек деп берем. А мындай жөнөкөй күндөрү такыр андай жорук кыла албайм. Ал деле өзүнчө искусство турбайбы, гүлдү да эптеген берет экен. Гүл берсем да эптеп эле "карма" деп бергенче шашам.

– Кандай кыздар көңүлүңө жагат?
– Ыймандуу, акылдуу кыздар. Туура эмес, кызыгы жок, ойду-тоону сүйлөгөн кыздар жакпайт. Кээде болот го, сүйлөшүп отурганда сөз чыкпай, “аа, жакшы-ы, мм...” деп каласың, ошондо дароо ал меники эмес экенин билип, мамилемди үзөм.

– Анча-мынча шашылышта тамак жасап курсагыңды тойгуза аласыңбы?
– Мурун жакшы эле жасачумун. Азыр такыр колдон келбей калыптыр. Жакында эжем Түркиядан келгенде өзүм картошка кууруп берем деп сковородканы толтуруп жасап, аным ботко болуп калса болобу?! Эт кууруганды такыр үйрөнө албай койдум. Качан көрбө капкатуу болуп калат.

– Жиниңди кантип чыгарасың?
– Жөндөн жөн эле жинимди чыгара бербейм. Кээде досторум менин көңүлүмдү көтөрөбүз деп кечке ар нерсени бир сүйлөп башташат. Бирок аягында кайра өздөрүнүн нерви чыдабай кетет, мага жинденип. Кээде өзүм жалгыз, эч кимге айтпай клубдарга барып бийлеп келем. Ал жактан жаңы тааныш таап, аны менен алаксыйм.

Маегиңе рахмат. Сенден жакшы ырларды күтөбүз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айбек Замирбек уулу: "Кубанганда ичим дискотека болуп кетет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bektyrbi
2012-04-23 16:32:14
Жакшы адам, досунун баласына тамеки чеккенди уйротмок беле.
0
Nura
2012-04-24 08:51:04
Азаматсын Айбек!!! Сен сонун ырдайсын, мага жагат... Эми бир ган алга, алга, алга...АЙБЕК!!!
0
smailik
2012-04-24 11:43:34
Чыныгы талант ушул адамда, фестивальда Оснокуловдун "Ай баратат" деген ырын ырдап чыкканда жандуу ун менен, Ырыскелди Осмонкулов ишенбей койгон эле... коп адамга жакын эмес аз суйлогон адам. Бирок жандуу ун менен ото таза ырдайт, чыныгы талант жана ийгилик Айба! эркертуу атасы ото строгий адам, баарбызы коркчуу элек =)
0
Nona
2012-05-13 03:11:09
Iygilik!!!
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан