ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Судан

СУДАН: «ТҮШТҮК СУДАН – БИЗДИН ДУШМАНЫБЫЗ!»
2012-жылдын март айында башталган эки өлкө ортосундагы куралдуу тирешүүлөр чегине жетти көрүнөт. Судан парламенти мындан ары Түштүк Судан өлкөсүн душман катары эсептей тургандыгы тууралуу билдирүү жасады. «Түштүк Судан – бизге душман! Ошондуктан биздин өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары ошого жараша мамиле кылууга тийиш» деп жазылат билдирүүдө. Эске салсак, Суданда 1983-2005-жылдар аралыгында жарандык согуш жүрүп, соңунда Түштүк Судан бөлүнүп чыккан. Ошондон тарта эки өлкө ортосундагы чыр-чатактар тынчый элек. Бөлүнүүнүн кесепетинен нефти өндүрүшү гүлдөгөн аймак Түштүк Суданга өтүп, нефтини чет өлкөлөргө экспорттоочу тармагы Судандын өзүндө калган. Кечээ жакында Түштүк Судандын куралдуу күчтөрү Судандын дагы бир кен чыкчу жерин басып алып, буга жооп кылган Судан аба соккулары менен өзүн коргоду.

Түркмөнстан

УУЛУНУН АЙЫНАН МИНИСТР ИШТЕН КЕТТИ
Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун буйругу менен түркмөн студенттеринин жүрүш-турушуна чектөө коюлду. Эми алар университетке жеке унаасы менен же такси менен бара алышпайт. Ошондой эле студенттер түнкү клуб, ресторан, кафелерде эс алууну да унутмай болушту. Студенттерди минтип «тизгиндөө» жолу аткаминерлердин балдары катышкан жол кырсыктарына байланыштуу. Эске салсак, 13-апрелде Түркмөнстандын Энергетика министринин уулу жол кырсыгына кабылып, күнөөлүү болуп чыкканы үчүн атасы иштен айдалган. Президент өз сөзүндө Түркмөнстанда ким болбосун мыйзам алдында бирдей экендигин айтты. (Биздикилер ушундай иштерден үлгү алышса болор эле)

Тажикстан

РАХМОН ОРУСИЯЛЫК ММКЛАРГА НААРАЗЫ
Тажик лидери Эмомали Рахмон Орусия тарапка сөөмөй кезеп, маалыматтарды объективдүү чагылдырууга чакырды. Мамлекет башчы Орусия менен Тажикстандын кызматташуусун чагылдырган реалдуу маалыматтар жок, тескерисинче, чындыкка коошпогон маалыматтар басымдуу болуп жатканына нааразы. «Өкүнүчтүүсү, ММКларда Тажикстандын кайсы жерде жайгашканын билбеген адамдардын сөздөрү колдонулат. Биз өзүбүздүн стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусиянын кызыкчылыктарын сыйлайбыз. Бирок Орусия дагы бизди урматтоого милдеттүү»,- деди Рахмон.

Франция

САРКОЗИ КОЛ СААТЫН ЖАШЫРУУГА ШАШЫЛЫП...
Франциянын ажосу Николя Саркозинин адаттан тыш кылыгы жергиликтүү журналисттерге байкалып калып, учурда «Саркози өз шайлоочуларына ишенбей турганын далилдеп койду» деп кызуу талкууга алынууда. Окуя мындай болгон: Президент шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында эл менен жолугушуу иш-чарасына келген. Париждин чок ортосундагы «Макулдашуу» аянтына 100 миңге чукул анын жактоочулары чогулуп, Саркози менен учурашуу үчүн колдорун сунушуп алдыга умтулушат. Шайлоочулары менен жылуу маанайда кол кысышып жатып күтүүсүздөн колундагы кымбат баадагы сааты эсине түшкөн окшобойбу. Элге байкатпастан саатын чечип, көз ачып-жумганча чөнтөгүнө салууга жетишкен. Маалымат үчүн: Саркози бекиткен саат ак алтындан жасалып, баасы 50 миң евро турат. Аны жубайы Карла Бруни 2008-жылы тартуу кылганы айтылып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
maradona
2012-04-27 12:06:25
Азаматсын Рахмон копкон орустардан ылдый болбой сен дагы бизге окшоп аларга тен укуктуулугунду коргоздун!
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан