Президент Алмазбек Атамбаевдин “Орусиянын Канттагы аскердик майданы биз муктаж болуп турган маалда көмөк бербесе, эмне пайдасы бар?” деген сөзү Кремлди бир солк эттирген. Кийинчерээк өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов “Власти” басылмасына берген маегинде “Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат” деп ажонун сөзүн кайталады. Көп өтпөй Кремлдин чиновниктери "кыргызстандыктар мындан ары Орусияга ички паспорту менен киришпесин" деп мыйзам токумай болушту. Эмгек мигранттары аркылуу кысым көрсөтүү Орусия үчүн илгертен адат болуп калган.
Документтик басым жасоо жетишпеген өңдүү, өткөн аптада Кремлдин буйругун бузбай аткарган “Российская газета” басылмасы чын-төгүнүн билбей туруп, Ошто болгон кандуу окуя жөнүндө жазып, чуу чыгарды. Андан да кызыгы, чындыкка туура келбеген маалымат беришкенин билген соң тактоо киргизүүнү оюна да алышкан жок.
Окуя башынан болсун. Ош шаарында Орусиянын чек ара кызматкеринин үйүнөн 4 жашар уулу менен 2 жаштагы кыздын бычакталган денелери табылган. Кыз аман калып, мууздалган бала көп кан жоготкондугу үчүн көз жумган. “Российская газета” басылмасындагы “Ошский маскарад” деген аталыштагы макалада үйгө эки белгисиз киши кирип, эки баланын апасын катуу нерсе менен башка уруп, анан балдарды мууздап кеткени жазылган. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “эки баланын энеси психотроптук заттардын (баңгизаты) таасиринен улам бычактаганын моюнуна алды” деп айтылат. Расмий билдирүүнү кабыл алгысы келбеген “Российская газета” “орусиялык чек арачынын жубайынан алынган көрсөтмө шектүү” деп жазды.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев орусиялык ММКлардын субъективдүү маалымат таратканы үчүн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов менен жолугуп, жакын арада жаш баланын өлүмү боюнча иш Орусияга өткөрүлөрүн айтты.
Орусиялык ММКлардын мындай мамилесине чыдабаган тувалык журналист Саяна Монгуш минтип чыркырап өз пикирин билдирди: “Орусиялык ММКларда көтөрүлгөн макалалардан улам айыпсыз өлтүрүлгөн наристеге карата сүйүүнүн толкуну каптады. Эмнегедир баары "кыргыз өлтүрдү" деп жатышты. Анын эсебинен Кыргызстанды жок кылып салуу чакырыктары айтыла баштады. Бирок баланы кыргыз эмес, өз энеси өлтүргөндүгү билингенде баары унчукпай калышты. Эмне үчүн энесин жок кылып салуу сөзү айтылбайт?
Баарынан да мен үчүн “Новая газета” менен “Эхо Москвы” радиостанциясынын позициясы ачылыш болду. Маалыматты тактабай бергендерин моюнга алып, тууралап жазып коюунун ордуна алар оозуна талкан салып алгандай.
Мындан кийин мен ойлонуп калдым. Маселе баланын өлүмүндө эмес, Кыргызстанга кыр көрсөтүүдө экен. Бизге эне өз баласын өлтүрсө да боло берет окшойт”.