Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы курамына талапкерлерди бекитти. Жалпысынан 78 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 35 талапкер тандалып алынды. Алардын 10у президент, 10у парламент фракциялары тарабынан, калган 15и жарандык коом тарабынан көрсөтүлгөн болчу. Алардын катарында "Супер-Инфонун" негиздөөчүсү Кылычбек Султанов да бар. КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы курамына киргендер төмөнкүлөр:
Вячеслав Гончаров, Эрнест Абдыжапаров, Фархад Бекманбетов, Илим Карыпбеков, Мыктыбек Арстанбек, Жылдыз Бакашова, Тамара Жаманбаева, Кылычбек Султанов, Сабырбек Муканбетов, Тынчтыкбек Чоротегин, Рита Борбукеева, Нурбек Касымбеков, Анатай Өмүрканов, Абды Сатаров, Игорь Шестаков.