Ош шаардык Кеңешинин депутаттары акыры өз ишин баштамай болушту. Шайлоодон кийинки ыйкы-тыйкы көрүнүштөр токтоп, жаңы коалиция түзүлдү. Биринчи коалицияга 22 мандат менен “Улуттар биримдиги” жана КЭДПнын депутаттары, экинчисине 23 мандат менен КСДП, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Республика” “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” партияларынын өкүлдөрү киришкен. Кызыгы ушул жерде болду. “Замандаш-Современник” партиясынын жалгыз депутаты жетекчисине баш ийбей, “Улуттар биримдиги” коалициясынын курамына өтө качып, жаңы коалициянын тагдырын чечкен 23-добушун берди."Бул – менин жеке чечимим. Мени эл шайлаган. Демек, өз шайлоочуларымдын кызыкчылыктарын коргошум керек",- дейт Нурадин Жолдошев. "Замандаш-Современник" партиясынан "жакында саясий кеңеш бул иш боюнча аны депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин көтөрөт" деп билдиришти.
“Шаардык Кеңеште 2 коалиция түзүлүп жатат” деген маалыматтан соң КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынын 22 депутаты каршылык билдирип, сессиядан чыгып кетишкен.