“Ата Журттун” “танкасы” атыккан Жылдызкан Жолдошеванын үнү барган сайын басаңдап барат. Жыйындарда кайра-кайра микрофонго чыгып, сөз талашып, өкмөт менен президентти сындап өтүүгө сөзсүз жетишчү. 1-мартта Оштогу биринчи митингде да өкмөттү "бомбалап" өткөн. Андан кийинки Баткен менен Жалал-Абаддагы митингдерге катыша тургандыгы жарыяланса да, Жылдызкан айымдын карааны көрүнбөдү.
“Ата Журттун” депутатынын үн катпай калганына эмне себеп болду? Жаз таасириби же өкмөткө сатылып кеткениби? Балким, Бабанов Жолдошеваны ийге келтирип, тилин тапкандыр.