Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаменти кенелердин активдүү сезону башталганын билдирет. 2011-жылы кенелердин чагуусу боюнча 639 окуя катталган. Кененин чагуусу вирустуу энцефалитке алып келет.
Табиятка чыкканда дене ачык калбагандай жабык кийим кийип, чөп үстүнө жатканда сак болуу кажет. Бишкектин чеке-белиндеги кене көбүрөөк кездешкен жерлер болуп Ала-Арча менен Кегети капчыгайы, Ысык-Ата эсептелет.
Чагып жаткан кенени байкап калганда аны кыпчуур менен кармап, денесин бир айландыруу менен сууруп чыгуу же башын жип менен байлап, тартуу керек. Эгер башы үзүлүп калса, анда төөнөгүчтү же ийнени отко ысытып, тикенек алгандай алып, ордун йод же спирт менен сүртүү зарыл.