БАБАНОВ-ОППОЗИЦИЯ: КИМИСИ ЖИГИТЧИЛИКТЕН ТАЙДЫ?
Кыргыз “сөз бердиңби, аткар” деп бекеринен какшабайт өзү. Оппозиция Жалал-Абадда “Бабанов кетсин!” деген ураан менен митинг өткөргөн күндүн эртеси Өмүрбек мырза “оппозиция өкүлдөрүн телеканалда тегерек столдо сүйлөшүүгө чакырам” деген. Кокустан айтылдыбы же чын эле бетме-бет жолугууну кааладыбы, айтор, Ташиев, Мадумаров жана Келдибеков үчөөнү “дуэлге” чакырган өкмөт башчы. Бабановдун бул сунушуна оппозиция тарап макул болуп, эки тараптын расмий түрдө маңдай-тескей отуруп ачык сүйлөшүүсү 18-апрелде өтмөй болгон.
Ал күн да келди, оппозиция лидери Камчыбек Ташиев таң атпай журналисттерге маалымат жыйын куруп, жолугушууга 100 пайыз даяр экенин ырастаган. “Биз бүгүн Бабанов менен КТРКнын түз эфиринде жолугушууга даярбыз. Оппозиция лидерлеринин жашынып алып жабык эшик артында сүйлөшө турган сөзү жок. Баары ачык-айкын өтүшү керек. Эгер Бабанов келбей койсо, анын корккондугу болот”,- деди Ташиев. Бирок Бабанов каршылаштары менен КТРКда түз эфирде эмес, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолугушууну сунуш кылды. Оппозиция буга көнбөй, баары күткөн сүйлөшүү ишке ашпай калды. Көптү үмүттөнүп барган журналисттер өкмөт башчынын кооз сөздөрүн угуп алып, келген жолубузга түштүк.
4 министрин жетелей келген премьер мамрезиденцияда: “Биздин жолугушуубуз конструктивдүү пикир алышуу болушу керек, ал түз эфирде өткөргүдөй шоу-программа эмес. Алардын айтып жаткан күнөөлөрү жалаң ушак болгондуктан, бул жерге келе алышкан жок”,- деди.
Ал эми оппозиция: "Биз Бабанов менен түз эфирде жолукмакпыз. Мамрезиденциядагы жолугушууну видеого тартып, анан элге жарыялайбыз дешти. Өкмөт ЭлТР же КТРК аркылуу монтаждап, каалагандай өңүттө бере алат. Биз кандай жол менен элге таратмак элек? Ошондуктан түз эфир дегенбиз",- деп билдирди К.Ташиевдин кеңешчиси Н.Шакиев.
Бабановдун түз эфирден кача турган деле жөнү жок болчу. Өзү сунуштап, анан неге баш тартканын түшүнө албадык.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
ха ха ха ха кыргыздар бири бирин жеп коюшту
Салам Баарын бул жерде да жанагы бир кандан, тараган кыргызым болунуп жатабы дагы деле. Бири Тундукту жаакатас Экинчиси Туштукту жаактап. Чындыкты бирок эчким тактабайт. Бийлик эл учун иштесе, турган кундан баштап иштеши керек эле. Буга чейин эл учун иштейм деген адам Буга чейин да иштесе болмок. Кана бирин бири чукугандан башка булардын иш жок. Сен билбейсин буларын дагы эмнени сатсак. Эмне жесек дегенден башка иш билбеген адамдар. Эл учун иштейм дегенди баш котортпо жок кылып атса. Биздин кырг
ооба мындай азыр сырттан карасан Бабановдун аркасы шахмар экени билинип турат.Бабановдун назик жерин Ташиев билчудой.Бийлике ким келсе да ал эч убакта элди ойлобойт,оздорунун капчыгын кенейтууго аракеттенишет.Неужели байлыка тойушпаган болсо?Эртен аркы жака барганда ал байлыктын бирин да алып кете албайсынго...
кыскасы мындай........ келгиле мени эле шайлап койбойсунарбы жашым 26да жогорку билимдуумун, акыл эстуу, башкарам десе эле жарага береби ыя
баарына
Шайлайлы,Ташиев да Бабанов да тушунбой калсын.=))
Бугун КТРда Бабановтун отчетун корсотту,7чи каналдан дагы корсотту,бирок ктрда Бабанов белый и пушистый,а 7де кооп парламент депутаттарынын туздуу критика суроолорунун арасында чомуп кете жаздады,кана эми ктрде ачык айкын эртен отчетун жаап жашырбай,толук корсото бекен,чогуу коробуз.
кудай кыргыз элибизге бекем ыйман бер пайдалуу илим кенен ырыскы бер аллах сакта жашоого куч кубат бер жаратуучу. адам алсызбыз (у нас последний возмаожность )время мало братья надо работат
азыр саясатка аралашпагандар туура кылат
убакыт болот кыргыз учун куйгон адам келет окмот башына.бирок жакынкы убактарда эмес азыркы саясатчылардын ичинде жаны адамдар жок баары акаев бакиев менен иштешкендер президенттин иши кыйындап калганда оппозицияга ото качышат андан кийин кайра бийлике келишет биз эл учун революция кылдык деп.мен кичинемден бери телевизордон эски рожаларды коруп чарчадым хочется что то нового
бийлик менен оппозиция рингге чыкканда карапайым элге эмне пайда,баягы эле таз кейпибиз да.Акаев отургузуп кеткен,Бакиев жаткызып кетти,а жаткызып кеткенден кийин азыркы президентибиз эмне кылат озунуздор билесиздер.
uwuntip birindikin 4ukulap jurup kununor oto ekenda aa?kyrgyzstandy oilosonor bolo!!!tawiev myrza ubagynda jakwy bol4u azyr vawe siz dagyn olupsuz uje e4 kimge iweni4 kalbay kaldy ar kim ozuno iwen!!!
Кыргыздар бир туугандарым эч кимге ишенбегиле.Ар кимибиз озубузго ишенели.Эртен булар деле качат коросунор.
Бабанов туз эфирден качыптыр анда ага айтылган сын-пикирлер кынгыр иштери ырасго дейм
Oimo, KG-Bishkek, jansezim26, сен түндүк, мен түштүк деп бөлүнүп-жарынып, бири-бириң менен кайым айтышыштан тажаган жоксуңарбы?! Баарыңарга эскертүү, эмоциаларыңарды ичиңерге каткыла! Мындай көрүнүш кайталанса, сайттан биротоло четтетилесиңер!
KG-Bishkek, jansezim26, сен учообун кокуйсунар. эмне тундук туштуко болосун конкобай. кокуй деген соз тан калыштуу адамды айтат. нааданды айтат нааданга соз бекер. нааданга соз тушундуром деп озуно зыянга учуратып аласын. болунбо кыргыз болунбо. кокуйлар болуно берсин бору жейт