Жалал-Абад
19-апрелде Жалал-Абад шаарында ордо боюнча Жалал-Абад облусунун “Алтын томпой” кубогу жыйынтыкталды. Ага облустун 5 районунан 144 ордочу катышып, кармаштар 3 күнгө созулду. Жыйынтыгында атаандаштарын ат чабым алыс таштаган Аксы району биринчи болуп, КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин Улуттук оюндар борбору тарабынан 5000 сом жана кубок менен сыйланды. Ал эми экинчи орунду ээлеген сузактыктар 3500 сомго ээ болсо, үчүнчү орунга каралган 2000 сом Таш-Көмүр шаарынан келген ордочуларга буюрду. Муну менен облустун курама командасы 25-29-апрелде Ош облусунун Ноокат шаарында өтүүчү Кыргызстандын кубогуна даярдыкда көрүп алды. Эске салсак, аталган күндөрү ордо боюнча өлкөбүздүн бардык облустарынын курамако мандалары чемпиондукту талашат.