Баткен
Былтыр Лейлек районундагы Маргун айыл округунун төрт айылы биргелешип “Медиген-Маргун” жолун салышкан.
16-апрелде Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков аталган аймактын бөлүгүнө жол белгилерин белек кылып, маалымат коопсуздугу үчүн Маргун айыл округунун жетекчилигине 30 даана санариптик ресивер жабдыгын тапшырды. Элдин чек ара, жайыт, мектеп тууралуу арыз-муңун угуп, Маргун айыл округунун жашоочулары үчүн Кадамжай районунун Бүргөндү, ал эми Жаңы-Жер айыл округунун “Айкөл” массивдеринен атайын жер бөлүнөрүн, анны көзөмөлгө аларын айтты.