Ысык-Көл
Ысык-Көл облусунун эс алуу жайларынын жетекчилеринин делегациясы быйыл ондон ашык адамдан түзүлүп, Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн “Турсиб-2012” жарманкесине катышты. Аталган жарманке дүйнө жүзүнүн 60тан ашык өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Мунун алкагында ден соолукту чыңдоо жайлары, пансионаттар маалымат буклеттеринен сырткары Ысык-Көл тууралуу тартылган видеоматериалдарды таратты. Ошондой эле Новосибирск шаарынын бир катар мекеме, ишканалары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 90дон ашык келишимдер түзүлдү. Бул өз кезегинде Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын санынын өсүүсүн камсыздамакчы.