БАЙГЕ ЭЭЛЕРИ КУБАНЫЧТА!

“Супер-Инфо” гезитинин 10 жылдык мааракесине карата уюштурулган байгелүү оюн өз кызуусунда. Апта сайын аймактагы окурмандарыбыз баалуу белектерге ээ болуп жаткандыгы бизди кубандырат.

Талас району боюнча жеңүүчү Айзада Сурабалдиева: “БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨ “СУПЕР-ИНФОНУН” ФАНАТЫ”

– Айзада, сенин белегиңди алып кеткени келген агаң Улукбек менен баарлашып жатып анын “Супер-Инфонун” чыныгы фанаты экенин байкадым...
– Ой, эже, ал эле эмес, биздин үй-бүлө толугу менен “Супер-Инфонун” фанаты. Гезиттеги “Тамашалуу табышмак”, “Икс-фото” рубрикаларынын активдүү катышуучусубуз. “Супер-Инфонун” логотиби түшүрүлгөн кружка, футболкалар бар. Гезиттин бир да санын калтырбай окуп, чогултабыз. Башында чогултчу деле эмеспиз. Бир күнү “Түнкү канал” берүүсүнөн “Супер-Инфо” тууралуу репортаж көрсөтүп калышты. Ошондо бир кызматкериңиздер шкафты ачып, “бул биздин архив” деп толтура гезиттерди алып чыккан. Ошондон кийин бизде да кызыгуу пайда болуп, чогулта баштаганбыз.

– Суроолорго жооп табуу кыйынга турган жокпу?
– Бул жагынан мага агам Нурбек жардам берди. Экөөбүз тең кат жөнөткөн элек, бирок мен жеңүүчү болуп табылыптырмын. Биринчи жолу кат жөнөтүп жаткангабы, чынында, конверттин кайсы жерине эмне деп жазарыбызды билбей кыйналдык. Почта кызматкерлеринин “ушуну да билбейсиңерби?!” деп бизге жасаган корс мамилесине капа болдук. Бирок капабыз минтип кубанычка айланып, ашкана комбайнына ээ болуп турганыма кубанып турам.

Ак-Талаа районунан жеңүүчү Жазгүл Абдымамбетова: “СУПЕР-ИНФОНУН” ЭЛГЕ ЖЕТИШИНЕ САЛЫМ КОШСОМ ДЕЙМ”

– Эже, “Супер-Инфону” качантан бери окуп келесиз?
– 2005-жылдан бери бир да санын калтырбай окуйм. Мурун Казарманда турганыбызда ал жактан 25 сомдон сатып алчумун. Азыр Ак-Талаадан 20 сомдон алып жатабыз. “Супер-Инфо” менин эрмегим десем болот. Бизге дүйшөмбү күнү жетет. Ушул күндү күтүп жатып эле убакыт өтүп жатат окшойт. Азыр колумда кичинекей кызым бар. Аны бастырып алсам, анан “Супер-Инфо” сатып иштеп, анын элге жетишине салым кошсом дейм.

– Белегиңизди өзүңүз колдоносузбу же...
– Жок, катып коём. 4 кызым бар. Биринин артынан бири чоңоюп келе жатат. Буюрса, кыздарымдын биринин себине кошуп берем деген жакшы тилектемин.




Тоң районунан жеңүүчү Жолдошбек Кулматов: “СУПЕР-ИНФО” – БИЗДИН АЙМАКТАГЫ ЭҢ ОКУМДУУ ГЕЗИТ”

– Жолдошбек, купондогу суроолорго жооп табуу кыйынга турган жокпу?
– Акыркы суроонун жообун билбейт экенмин. Бишкектеги эжекем жардам берди. Андыктан бул белекти ага ыроолойм. Ал да бул гезитти тээ башынан бери бир да санын калтырбай окуйт. Биздин аймактагы эң өтүмдүү гезит. Жума күнү таң атпай жетет. Ошол күнү жалаң эле “Супер-Инфону” көтөрүп бараткан адамдарды көрөсүң. Ар тармактуу, кызыктуу гезит. Мага “Пайдалуу кеңеш” рубрикасы аябай жагат. Мындан ары да сиздерден кызыктуу макалаларды күтөбүз.


Баткен районунан жеңүүчү Арзыбек Аманов: “СУПЕР-ИНФО” БӨБӨГҮМӨ ДА БЕЛЕК БЕРИП КУБАНТКАН”

– Арзыбек, качантан бери “Супер-Инфо" гезити менен достошуп келесиң?
– Гезит 16 бет болуп чыга баштаган мезгилден бери бир да санын калтырбай окуп, чогултуп келем. Атайын текче жасаткам, гезиттин баары ошол жерде сакталып турат. Зериккенимде мурдагы сандарын кайрадан окуп чыгам. Мен эле эмес, үйдөгүлөрдүн да сүйүктүү гезити.
“Супер-Инфо” гезити мени гана эмес, бөбөгүмдү да белек берип кубанткан. Бишкекке каникулга барганымда байкемдин баласын дарбыздын ичине салып сүрөткө тартып, “Бал-балакай” фотосынагына жөнөткөн элем. Жеңүүчү деп табылып, жумшак оюнчук утуп алган.

– Байгеге ээ болгонуңду билгениңде кандай абалда болдуң?
– Албетте, сүйүндүм. Анан Бишкектеги агам Айбекке чалып, андан белегимди алып, салып жиберүүсүн өтүндүм.
Негизи, бул ай мен үчүн абдан жемиштүү болду. Бир күн мурун эле “Баткен мырзасы” наамынын ээси болуп кубанып тургам. Эртеси сиздердин гезиттен эт туурагыч утуп алдым. Буюрса, бул апама менден чоң белек болот деп турам.

Аксы районунан жеңүүчү Дилноза Юсуббоева: “ГЕЗИТТИН БИЗДИН АЙЫЛГА ЖЕТПЕГЕНИ ӨКҮНДҮРӨТ”

– Дилноза, байкең редакциядан белегиңди алып кетти эле, өз дарегине жеттиби?
– Ооба, каттагандардан берип жибериптир. Сиздерге чоң рахмат! Чаң соргуч алсам деп жүрдүм эле, тилегимди сүйүктүү гезитим орундатып отурат. “Супер-Инфону” үзбөй окуп келе жатканыма 5 жылдын жүзү болуп калды. Биз Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш аймагында, Торук айылында турабыз. Ошондуктанбы, гезит биздин айылга жетпейт. Ушул нерсе мени өкүндүрөт. Айылыбыздан 15 чакырым алыс жайгашкан аймактан 20-25 сомдон сатып алам. Кээде Бишкекке каттагандардан заказ менен алдыртып окуйм.

– Гезиттеги кайсы рубрикалар жагат?
– Акыркы убакта гезиттин 40 бет болуп чыгып жатканы да бизге жагып жатат. Ар бир макаланы окуп чыгам. Өзүмө керектүү кеңештерди күнүмдүк турмушумда пайдаланам. Мындан ары да окурманыңыздар көбөйүп, нускаңыздар өсө берсин.

Тогуз-Торо районунан Айнагүл Машаева: “БАЙГЕМДИ КАЗАРМАН ЭЛИНИН КЕРЕГИНЕ ЖАРАТАМ”

– Айнагүл эже, байгелүү болом деп ойлодуңуз беле?
– Жок, оюма да келбеген. Катты жөнөтүп жатканымда Казарманды суу каптап, элдин баары ызы-чуу түшүп жаткан убак болчу. “Катым гезиттин дарегине жетпесе деле керек” деген ойдо элем. Ошентсе да үзүлбөгөн үмүт менен гезит колго тиери менен эле 10 жылдыкка арналган бетти ачып, аты-жөнүмдү окуп аябай сүйүндүм. Негизи, бизге гезит ишемби, жекшемби күндөрү араң жетет.

– Ашкана комбайныңыз бар беле?
– Жок болчу. Айылда үй-бүлөм менен кафе иштетем. Эми бул белегимдин жардамы менен ар кандай даамдарды жасап, Казарман элинин керегине жаратам. Жумуштагылар да “белегиңизди качан алып келесиз?” деп чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Барганымда ашкана комбайнымдын жардамы менен жакшы даам даярдап, аларга майлап берейин деп турам. Сиздерге чоң рахмат! Ар дайым окурмандарыңыздарды кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылып жүрө бериңиздер.


Бакай-Ата районунан Айгерим Эрботоева: “ЖЕҢЕМЕ БЕЛЕК КЫЛАМ”

– Айгерим, редакциябызга куш келипсиң.
– Рахмат. Атайын түнү менен жол жүрүп келип калдым. Көптөн бери “Супер-Инфонун” редакциясын көрсөм” деген ниетте жүрчүмүн. Сиздер менен бетме-бет маектешип отурганыма кубанычтамын.

– Байгеге ээ болгонуңду кимден уктуң?
– Өзүм гезиттен окудум. Анан үйдөгүлөргө сүйүнчүлөдүм. Байкем жакында эле үйлөнгөн болчу. Аларга эмне белек кылсам деп жүрөт элем. Чаң соргуч айымдарга эң керектүү буюм. Андыктан муну жеңеме белек кылам.

– Окурман катары айтсаң, “Супер-Инфо” гезити башка басылмалардан эмнеси менен айырмаланат?
– “Супер-Инфо” башка гезиттерден ар тармактуулугу жана маалыматты өз учурунда элге жеткиргендиги менен айырмаланат. Мындан ары да ушул калыбынан жазбай, кыргыз элинин сүйүктүү гезити болуп жүрө берсин.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан