ТИШТИ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖАНА «ӨСТҮРҮҮ» ЫКМАЛАРЫ

Тиштер да оңдоп-түзөөгө муктаж. Сынган же жаш өткөндөн улам кетилген, ал тургай сынып отуруп дүмүрү гана калган тиштерди калыпка келтирүү, тубаса кыйшык тиштерди да оңдоого болот.

КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА «ӨСТҮРҮҮ»

Булар тууралуу "Strong" стоматология борборунун врач-стоматологу Айчүрөк Жороева баяндайт.

Фотопломба менен тишти калыбына келтирүү
– Четтери сынып же кариестен улам чоң болуп оюлуп кеткен тишти сактап, аны калыбына келтирүүдө фотопломбалар кызмат кылат.
Четтери сынган же кариеске учураган жер алгач тазаланып, түбүнө атайын зат төшөлүп, үстүнө фотопломба коюлат.
Айта кетчү нерсе, фотопломбанын өңү пациенттин башка тиштеринин өңүндө тандалат. Акысы материалынын арзан, кымбаттыгына карайт. Мисалы, 500, 700, 1000 сомдугу бар. Материалдары Германиядан, Америкадан, Япониядан жана башка жактардан алынып келинет.

Штифтти колдонуп тиш «өстүрүү»
Штифт бул – тиш "өстүрүүдөгү" башкы металл тирөөч десек жарашат. Штифт (көрүнүшү болтко окшош) дат баспай турган бекем материалдардан (кобальтохром, титан жана башка) жасалат. Тиштин көп бөлүгү сынганда, кетилгенде же кариес болуп, пломба кармабай калган учурларда колдонулат. Алгач тиштин нерви алынып, тиштин каналдары тазаланып, ал жер атайын паста менен толтурулат. Даяр каналга анкердик (тамырлуу, дүмүрлүү деген мааниде) штифт бекитилет. Штифттин сыртта калган бөлүгүнө тегерете фотопломба коюлуп, тиштин формасына келтирилет.
Айта кетчү нерсе, пломбанын сакталуу кепилдиги 2-10 жылга чейин. Бирок адам айтылган талаптарды аткарбаса (катуу нерселерди жеп, кемирсе, тиштин гигиенасын сактабаса), 2 жылга деле жетпей сынып калуу коркунучу бар. Андыктан бекем, узакка чыдоочу (10 жылга дейре) тишке ээ болом десеңиз, үстүнө коронка каптатуу оң.
Штифт менен тишти "өстүрүүнүн" баасы: азуу тиш болсо 1500 сом, маңдайкы тишке 1000 сом (рентген, тишти дарылоо ичинде).
Сыртына металлокерамика коронка кийгизилген 1 тиштин баасы 2300 сом, алтындан болсо 3000 сом.

ВИНИР – ТИШ КАП

Винир ыкмасы тууралуу Бишкектеги "Адмира" стоматологиялык борборунун жетекчиси Жанаркуль Дайырказиева айтып берет.
– Винир үчүн композиттик (фотополимер) материалдар жана фарфор пайдаланылат.
Кайсы учурда колдонулат? Тиштин өңү абдан саргайып же карайып, агартууга мүмкүн болбой калган учурда, эски пломбадан тиш жаман көрүнүп калса, жаш өтүп тиштер жешилгенде, тиштин формасы калыптагыдай болбогондо, тиштер арасында ачыктар болгондо жана башкада. Ошондой эле тиштин флюороз оорусунда (организмге суу жана тамак-аш аркылуу фтор көп киргенде жаралчу оору, тиштерге так түшөт) колдонулат.

Композиттик материалдан винир жасоо
Бул – тиштин бетин пломба материалы менен каптоо (пластинка сыяктуу кылып). Бул үчүн Америкадан, Түштүк Кореядан жана көбүнчө Германиядан алынып келинген фотополимерлер колдонулат. 1 тишти каптоо материалына жараша 1500 сомдон 2500 сомго чейин.
Алгач тиштин кариеси же башка оорусу бар же жок экени текшерилип, оорусу бар экени аныкталса, дарылайт. Эми тиштин бети атайын заттар менен тазаланып, анан пломба материалы чаптала баштайт. Акырында тиштин бети жылмакайланып, тегизделет.

Тиштин бетин фарфор пластинкасы (жарым-жартылай коронка) менен каптоо
Бул үчүн эки адистин кызматы ке­ректелет. Винир коюлуучу тишти текшерип, эгер керек болсо дарылоо, тиштин өлчөмүн алуу ортодонттун иши болсо, тиш техниги ошол өлчөм менен фарфордон винирди жасайт. Даярдоого 1 апта керектелет. Винир даяр болгондо пациент алгач кийип, өлчөп көрөт.
Мунун деле материалдары көбүнчө Америкадан, Түштүк Кореядан жана Германиядан алынып келинет. 1 тиш үчүн баа материалдын арзан, кымбаттыгына карата бычылат. Мисалы, Америкадан алынып келингени 2000-2500 сом болсо, Германия фарфорунан жасалганы 1000-1500 сомду чапчыйт.
Мындан арзан материалдар деле бар, бирок алардын өңү кийин тамак-аш, суусундуктагы боёктордон улам өзгөрүп кетет.

БРЕКЕТ СИСТЕМИ ЖЕ ТИШТЕРДИ ТЕГИЗДӨӨ
Бишкектеги "Royal Dent" стоматологиялык клиникасынын врач-ортодонту Рахима Юсупова айтып берет.

Брекет деген эмне?
– Орсоюп чыгып турган же кыйшык, биринин үстүнө бири өсүп калган же аралары ачык тиштерди брекет системи менен оңдоо бул – ортодонт-адистин милдети. Брекет бул – жөнөкөйлөтүп айтканда, ар бир тишке атайын клей менен бекитилип коюлуучу металл, керамика, жасалма сапфирден жана башкалардан жасалган кичинекей кулпулар. Ортодонттук жаа (дого) ар бир кулпу аркылуу өткөрүлөт. Ортодонттук жаа (ийри темирге окшош) кыйшык, орсок, кичине, чоң тиштердин формасына, жайгашуусуна карап ылдый-өйдө ийилет. Бирок убакыттын өтүшү менен ал заводдон чыгарылгандагы жаа формасына кайтып келүү жөндөмүнө ээ. Тагыраак айтканда, ал калыбына келүүгө аракеттенип, түрдүү жайгашып калган тиштерди керектүү ордуна коёт. Мында врачтын да салымы зор. Мисалы, тиштердин арасы ачык болсо, врач убакыттын өтүшү менен баягы ортодонттук жааны тартып, тиштер бири-бирине жакындап өсүүсүнө кам көрөт.
Брекеттин тиштердин сырткы жана ички беттерине тагылуучу түрлөрү бар. Бирок бизде ички жагына тагылчу түрү азырынча колдонула элек. Элибиздин чөнтөгүнө көбүнчө металл (никелотитан) брекеттер туура келет. Кемчилиги – көрүнүшү анча жакшы болбогондугу.
Брекеттер ал­дыңкы же үстүңкү тиштерге толук коюлат. Ошондуктан "брекет системи" деп аталат. Кээде тиштердин абалына жараша астыңкы, үстүңкү тиштерге да тагылат. Пациент 1 айда бир келип, коррекция жасатып турат.
Металлдан жасалган брекеттин баасы орточо эсеп менен 700-800 доллар, ал эми сапфирден жасалганы 1600 доллардан өйдө.

Канча жаштагыларга тагылат?
12-13 жаштан баштап 50-60 курактагыларга чейин тагылат. Бирок жаш кезде тиштерди жылыштыруу жакшы жүрөт.

Канча убакыт зарыл?
Орточо эсеп менен 12-18 ай. Бирок чечкенден кийин деле тиштер жылышып, мурунку ордуна келип калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Андыктан тиштерди жаңы ордунда кармоо үчүн бир топ мезгил тиштердин ички бетине атайын клей менен жабыштырылып коюлуучу зымды – ретейнерди тагуу керек. Же түнкүсүн пластмассадан жасалган каппа тагып жатуу керек.

Тагып жүрүүдө ооруйбу?
Алгач оорутууну, жагымсыз сезимди жаратат. Бирок адам бара-бара көнүп, оорубай калат. Брекет тагынып жүргөндө катуу нерсени жегенге, чакканга, тишке жабышып калуучу чоюлчаак, жабышкак азыктарды жегенге болбойт. Газдалган суусундуктарды ичкенге да уруксат эмес. Булар брекет системинин иштөөсүн бузат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тишти оңдоп-түзөө жана "өстүрүү" ыкмалары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Shekerbek
2012-05-03 13:04:25
биздин жашта ондотсо болобу экен 24-25 жаш?
0
2012-05-04 07:30:27
Жакшы екен бирок кымбат екен
0
Asus84
2012-05-04 09:02:05
ий ушу тиш оорудан кудай сактасын чачынды бирден тургузат барсан дырылдатып ууф ичикий
0
NARYNGRAD
2012-05-04 17:22:33
Jurnalist kyz jakshy syiloptyr ee, tuugandar. Maga jakty, ishine iigilik. Aty jonyn jazyp koisonor jakshy bolot ele.
0
arzuuular2012
2012-05-05 02:24:09
биздин жерде алган айлыгыбызга жараша эле башка олколордо аябай кымбат тишим оорубаса экен деп тилейбиз кыргыстанга кеткенче
0
tilekbek
2012-05-05 22:16:23
arzuuular2012, туура айтасын оорубай эле коелук
0
nazgul8076
2012-05-06 16:04:42
Ох тиштеримдин туптору зырылдап кетти.
0
Kymarbek
2012-06-30 22:52:10
каттуудан тиш, жумшактан ич оорубасын.
0
jasminka
2012-07-08 23:47:16
азыр эле барып тиштеримди даарылаткым кеип кетти.
0
Venita
2012-08-30 23:03:24
тишти туздотуу эмне мынча кымбат арзанырагы жокпу? 700-800 $$$ кашмар го?
0
mederinchik
2012-10-06 13:54:13
мандайкы тиштердин ортосу ачык болсо жасатса болобу?
0
mmDens.asus
2013-05-15 00:19:28
И силерге ушул кымбатпы ээ керек болсо москвада бир тишти тазалап пломба басып берген 5000рубль турат кайра кыргызстанда арзан
0
Rostov-on-Don
2013-09-20 18:28:03
Ооба мен бардык тиштерими кариес,каменьдерди тазалаттым.2 тишиме каронка тактырдым 3500р дан экоо 7000р болду.2 тишимдин нервин удалить этти.Общий 30 000 ашык акча жумшалды. Зато тишим тегиз ,аппак сонун болу турат.
0
tilek88.88kg
2014-01-27 00:07:10
тишти дарылонуда жазсанар мисалы краватичение тиштин эти шишу ириндоо личениеси кобурак керек окурмандарга акчасынан бери жазгылачы рахмат
0
myrzagul.86
2014-07-30 23:15:34
кайсыл жерде адресинер.анан тел номеринерди жпзсанар жакшы болмок.
0
Patriot92
2014-09-16 17:51:33
Мммм менда тиштериме бала чагымда жакшы конул буруп карабагангабы кариестер кобойуп кеткен.кыйын оорутуп уктатпоочу кееде..бирок азыр жакшы алтын тиштерди салып ондотуп алгам. азыр ташты да чайнайм.
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан