Футбол
21-апрелде Испания чемпиондугунун 32-турунда “Барселона” мадриддик “Реалды” кабыл алды. Каталонияны билбейбиз, бирок атаандаштык Бишкекте катуу байкалып, аны түз алып берген кафелер, букмекерлик кеңселер күйөрмандарды батыра албай кыйналышты. Бул беттештин жеңүүчүсү эки нерсени колго алмак. Бири – быйылкы Испания чемпиондугу, экинчиси – тарыхтагы жеңиштердин саны. Тагыраак айтсак, буга чейин 219 ирет кез келген командалар 47 ирет тең чыгып, өз эсептерине 86дан жеңиш жазышкан. Оюн катуу сүрөөн астында башталып, 17-мүнөттө мадриддиктер Хедиранын голу менен алдыга чыгышты. Баштагы абалынан тайыган каталондуктар эсепти 70-мүнөттө теңешсе (А.Санчес), 3 мүнөттөн соң Лиганын башкы бомбардири, португалиялык Роналду жеңиш голун киргизип, оюнга чекит койду. Муну менен Криштик “Супер-Инфого” салам жолдоду. Анткени өткөн саныбызда “эль-классикону” утурлай гезитибиздин бетиндеги Месси-Криштиану эрөөлүндө жеңишти Мессиге ыйгарган элек :)
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg