Күрөш
Күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) "Лондон-2012" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу эки гана мелдеш калды. Алардын жакынкысы бүгүн, 27-апрелде Кытайдын Тайвань шаарында старт алмакчы. Бардык өлкөнүн балбандарынын көзүнөн Лондондун карааны учуп, атаандаштык катуу жүрөрү турган сөз. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн балбандарыбыздын күжүрмөн курамы катуу камданууда. Бизге маалым болгондой, Кытай жергесине төмөнкү курам аттанды:
Грек-рим күрөшү боюнча Калыбек Жолчубеков (55), Атай Койчулуков (60), Канатбек Бегалиев (66), Жанарбек Кенжеев (84), Азамат Эркинбаев (96), Мурат Рамонов (120) барса, эркин күрөш боюнча Алтынбек Алымбаев (55 килограмм салмакта), Базар Базаргуруев (60), Азат Мирахимов (66), Айбек Усупов (84), Магомед Мусаевдер (96) жөнөшөт. Ал эми кыз-келиндерден Мехринисо Нурматова (48), Алтынай Анарбек кызы (67), Яна Панова (72) бармакчы. Өткөндө алгачкы жолдомону казак жергесинен Данияр алып келди эле, бул жолу анын артынан кезектеги жолдомону күтмөкчүбүз. Жуңгого сапарыңар ийгиликтүү болсун!