КАРДАРЛАРЫН ОПУЗАЛАП АКЧА ИШТЕГЕН ФОТОГРАФ

Актриса же модель болуу ар бир кыздын кыялында болсо керек. Бир, эки, үч, чыйк! Болду, сен жылдызсың! Баары сенден кол тамга сурашат, сулуулугуңа суктанышат, сен жөнүндө сөз кылышат... Тилекке каршы, ошол кыялдардын баары эле чындыкка дал келе бербейт. Актриса, модель болуу үчүн да далай кыйынчылыктан өтүү керек. Мисалы, фотографтардан.

СҮРӨТКӨ ЖЫЛАҢАЧ ТҮШҮП ЖЫЛДЫЗ БОЛО АЛБАЙСЫҢ!
Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек ШИИБинин жетекчисинин интернеттеги кабылдамасына кат келип түшкөн. Ал катта борбордогу моделдик агенттиктердин биринде фотограф болуп иштеген жигит жашы жете элек өспүрүм кыздарды алдап өзүнүн батиринде сүрөткө жылаңач тартып жүргөндүгү жазылган.
Бишкек ШИИБинин кызматкерлери маалымат түшөр замат шектүү фотографтын фотосессия уюштурган батирин тинтүүгө алышкан. Көрсө, кармалган адам мындай ыплас иш менен көптөн бери шугулданып жүргөн экен. Экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгында анын "эмгектери" порнографиялык маанайда экендиги аныкталып, аны менен катар сүрөттөгү кыздардын биринин өздүгү такталган.
Милиция кызматкерлери ал кыздын апасы менен байланышканда чындык билинген. Ал кызын моделдик агенттиктердин биринин фотографы алдап сүрөткө жылаңач тартып, андан соң “сүрөттөрдү интернет барактарына чыгарып, жайылтып жиберем” деп 3000 сом өлчөмүндөгү акча талап кылып жатканын айтып берген. Ошондо гана милиция кызматкерлеринин мажбурлоосу менен кыздын апасы Ички иштер бөлүмүнө расмий түрдө арыз жазган. Эгер бул маалымат милиция кызматкерлерине жетпегенде бул порнофотограф дагы канча кыздын үстүнөн акча иштейт эле, ким билет...

“КЫЗДЫН АПАСЫ МУРДА ЭЛЕ БИЛГЕН”
  Бул кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Айгүл Давлетбаевага кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул тууралуу арыз түшкөндө Бишкек ШИИБинин кызматкерлери дарек боюнча барып, фотографтын Чүй көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жайгашкан батирине текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын үйүнөн далил буюм катары көптөгөн компакт-дисктер, ноутбук жана жылаңач кыздардын сүрөттөрү табылган. Далил буюмдар ошол замат экспертизага жөнөтүлүп, ал жактан “сүрөттөр порнографиялык маанайда” деген жыйынтык чыкты.
Кылмышкер 25 жаштагы Егор Дмитриенко (тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кармалган адамдын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Анын жашы жете элек 13 жаштан 18 жашка чейинки кыздарды "модель кылам" деп сүрөткө жылаңач тартып жүргөндүгү билинип, үстүнөн кылмыш иши козголду. Кыздардын ичинен бирөөсүнүн өздүгү такталып, ага биздин кызматкерлер байланышкан. Ал кыздын апасы бул кылмыш тууралуу мурдатан билсе да элден уялып, окуяны милиция кызматкерлерине билдирбей жүргөн экен. Андан соң гана ал расмий түрдө арыз жазып, фотографтын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) жана 262-беренесинин 1-бөлүмү (порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу) менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалган фотограф соттун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Албетте, кылмышкер өз жазасын алсын дейбиз. Бирок бизди ошол кыздардын өз каалоолору менен сүрөткө жылаңач түшүп беришкендиги, ата-энелердин кыздарынын кайсы агенттикке, кайсы фотосалонго барып сүрөткө түшүп жатканына кызыкпаганы таң калтырды.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кардарларын опузалап акча иштеген фотограф
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
sparkle
2012-04-30 12:43:46
кыздар оздору кунолуу да,эмнеге барып тушушот. Чала болуптур дагы кобуроок барып тушкуло.
0
gulperi.kg
2012-04-30 16:26:43
мындай нерсе москвада да бар екенин билдим!!бир орус бала агент аркылуу мага да айткан азият улутундагы кыздарды жыланач фотого тарткан мага кызыктуу деп келип тартылып бербейсинби саатына 5мин рубл и дагы сулуу кыз екенсин деп мен ишенбедим анын максаты емне екенин да билген жокмун!!!дегеле аябай коп мындай алдоолор!!
0
jhanibek
2012-05-01 18:39:46
gulperi.kg, тартылып койсон болмок. кыргыздын кыз келиндерин армяндар менен азербайджандар жакшы тартышат экен алар абдан таланттуу художник келишет окшойт тажиктер да кееде тартып атканын коруп калам. алла талаам кыргыз жигиттерине талант бербептир жыланач кылып суротко тартканды эмне дейбиз тушо бергиле кыйын болот бирок звезда болуп кетсенер
0
Shekerbek
2012-05-02 16:54:20
jhanibek, ошол тажик, азербайжандырдын патапараты чон болсо керек да ий бетим !
0
Love_kg
2012-05-03 14:23:17
jhanibek, ты не обобщай, не все девушки одинаковые..........
0
jhanibek
2012-05-04 16:41:50
Love_kg, не все но большинство
0
Kitep
2012-05-01 02:13:18
Гулпери анан бардынбы?
0
Gul90
2012-05-01 12:25:32
анан ал суротту эмне кылмак тушунбой жатам
0
boris8907
2012-05-02 17:09:45
Gul90, Ал суротту интернетке порно сайттарга жарыялайт да эмне кылмак эле а кыздар болсо МОДЕЛЬ болом деп тушуп жатпайбы
0
sadko_1992.kg
2012-05-01 18:06:11
Tushunosunoooor siler kyzdar.... fotograf tartpasa dele kyzdar ozdoru tushup alyshat jylanach surotko jana jarym jylanach bolup,kyzdarga oshentip tushkom ayabai ele jagatda ,baarybyz ele korup bilebizgo any
0
agent007kg
2012-05-02 04:25:01
gulperi.kg сенде кызыгуу бар окшойт ее?
0
maksb86
2012-05-03 01:51:09
Эмне кылмак еле,Ошол Азер,Армиян,Тажик тарткан суротторду сууга агызышат же Балдар уйуно ташташат да!Чындыгында Москвадв Кыргыз айылдык Кыздар башка улуттун балдары м/н коп журуп калышканы окунорлуу!Келип келип Тажиктер м/н журушот бала куруп кеткенсип. Тажиктерди коргондо АЛЛЕРГИЯ болом Москвада деле эн ТУПОЙ балдар ТАЖИКТЕР.
0
jhanibek
2012-05-04 15:22:17
maksb86, красава брат,
0
MiranA
2012-05-03 12:19:30
orobaev, AdReNaLiNe.93,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий талкуу иретинде жазылган учурда жетекчилик андай билдирүүлөрдү өчүрүп, колдонуучуну сайттан четтетет. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жөнөтүлүшү керек. 30 күн мончого!
0
MiranA
2012-05-03 12:30:03
Конкреттүү макалага конкреттүү комментарий жазылышы шарт. Эки башка макаланы бири-бирине чабыштырып, бул жакта оффтоп кылгандын БАНга айдалгандан башка эч кандай пайдасы жок. Бири-бириңердин оюңарды сыйлап, сабырдуулук менен комментарий калтырыңыздар!
0
jhanibek
2012-05-04 16:43:47
хорошо чон кыз урушпачы
0
arziev.n
2012-05-06 22:26:33
kyzdar silerge 1 sovet aitat elem:_ ushundai surottorgo tushup model bolup emne paida???__ modelderdin kele4egi jok!
Je model bolup pensi9ga 4ykkandardy korgonsynorbu?
0
Rayimberdi
2012-05-12 13:03:24
Кыздар оздору барып жаланач тушкон ал судуроп бармак беле кыздар озу айыптуго анда не айып андай жаланач тушкон кыздарды анданда коп акча сурап кыйнаш керек анан андай кыздар азаят беле деп ойлойм
0
shake
2012-05-21 17:08:30
Мен ошондой кыздарга тушунбойм.Кыл дегендин баарын эле кыла беришсе мээси жок немелер да.
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан