ЖЫЛДЫЗДАРДЫН БАЛДАРЫ АТАСЫНЫН АТАГЫНАН ПАЙДАЛАНЫШАБЫ?

Атактуу болгондун да өзүнө жараша түйшүгү болот. Бул ирет элге төбөсү көрүнгөн атактуу инсандардын суйкайган сулуу кыздары жана кыраан уулдары тууралуу маалымат бермекчибиз.

Ибрагим Жунусовдун уулу – ЭЛАМАН ЖУНУСОВ

Туулган жери – Ош шаары
Туулган күнү – 5-март, 1990-жыл
Хоббиси – Футбол
Учурда – КОСУнун 5-курсунун студенти
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Бойдок

– Эламан, экранда биз көрүп жүргөн кичинекей балакай кандай болуп эр жетти?
– Мүнөзүм токтоо, оор басырыктуумун. Шартка ылайык ар кандай болуп өзүмдү алып жүрө алам. Эң негизгиси, эки жүздүү эмесмин.
– Атаңдын атагы маселе чечкенге жардам берген күн болду беле?
– Жок, андай учур боло элек. Бизде бул тигинин уулу же кызы экен деп көтөрмөлөшпөйт да. Сабактарымды өз күчүм менен эле бүтүрүп келем.
– Ал эми ырчылыкка кызыгууң барбы?
– Бул чөйрөдөн, чынында, алысмын. Ырчылыкка талантым, шыгым жок деп ойлойм.
– Сени таанып калгандар болобу?
– Андай учурлар болуп калат. Баарынан да кызыгы, улуу адамдар менен таанышып, сүйлөшүп калганда мени көрүп, "ий, сен ушунча чоңоюп калдыңбы?" деп таң кала беришет. Алардын көзүнө дагы деле балакай көрүнсөм керек.

Күмөндөр Абыловдун кызы – ЧҮРӨК АБЫЛОВА
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы – 2-сентябрь, 1986-жыл
Хоббиси – Психологиялык китептерди окуу, аспаптарда ойноо
Учурда – С.Кийизбаева атындагы музыкалык мектепте пианино, комуздан сабак берет, Бишкек шаардык мэрия жана Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы Элдик аспаптар оркестринде музыкант-инструменталист
Үй-бүлөдө – Төрт бир туугандын улуусу
Бойдок

– Атасынын кызы эмнеге кызыгат болду экен?
– Мага эң жакыны искусство жана маданият тармагы. Кичинемден М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте, андан соң консерваторияны бүтүргөндүктөн, пианино, комуз, чопо чоор, ооз комуз жана саксофондо ойногонго кызыгам.
– Сахнада Күмөндөр байке элге күлкү тартуулайт, үйдөчү?
– Сахнада артист болсо эле баары "жашоосунда да ушундай тамашакөй" деп ойлошот экен. Атам үйдө абдан сүрдүү. Туугандардан тартып үйгө келген коноктор да сүрдөп турушат. Кыскасы, атам сахнада артист, үйдө болсо мээримдүү, боорукер, ошол эле учурда талапты катуу койгон адам.
– Музыкага жакын экенсиң, шоу-бизнеске аралашсам деген ой жокпу?
– Продюсер болсо буга бир ай да жетиштүү. Бирок мен мындай оңой жол менен товар сыяктуу болуп чыккым келбейт. Чыкканга жараша профессионал музыканттардын чөйрөсүндө жакшы деген баага арзышым керек. Ал көп убакытты талап кылат, ал үчүн мен көп нерсени жыйыштырып салышым керек болот.

Рахман Разыковдун кызы – ЧОЛПОН РАЗЫКОВА
Туулган жери – Ош шаары
Туулган жылы – 10-март, 1990-жыл
Хоббиси – Кийимдердин эскизин тартуу, кийим тигүү, саякатка чыгуу
Учурда – Кытайда Хунань провинциясында Цзяозуо шаарынын Педагогикалык университетинде 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын төртүнчүсү
Бойдок

– Чолпон, куудулдук талант барбы сенде да?
– Кызыгы, жолуккан адамдардын эң биринчи эле суроосу ушул болот. Досторум "куудулдук өнөр каныңда бар" деп тамашалап калышат. Демек, менде да чымын болсо керек.
– Качантан бери Кытайда окуп жүрөсүң?
– Быйыл окуп жатканыма 2 жыл болду.
– Кайсы тилдерди өздөштүрдүң?
– Түрк, англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөй алам.
– Үйүңөрдө ар дайым күлкү-шаң болсо керек...
– Эч эсимден кетпейт, бир жолу атам ашканага чакырып, «жүр, кызым, сага «ошский» аш басышты үйрөтөм» деп калды. Экөөбүз ашканага кирип, аябай даярдык көргөнбүз. Адаттагыдай эле майды кызытып, пиязды кууруп жатканбыз, атам "пиязды кызартып кууруп алыш керек" деп үйрөтүп жаткан. Бир маалда эле пиязы күйүп кетсе болобу. Азыр деле ошондо пиязды күйгүзүп салганын моюнуна албайт. Кайра сыр бербей «кызым, өзү ушунчалык кызартыш керек да» деп абалдан чыгып кеткен.

Эрнест Абдыжапаровдун кызы – ПЕРИЗАТ ЭРНЕСТ КЫЗЫ
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган күнү – 14-август, 1992-жыл
Хоббиси – Комуз, гитарада ойноо, кино
Учурда – Туризм академиясында 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын үчүнчүсү
Бойдок

– Атаңдын жолун жолдоп кино чөйрөсүндө жүргөнүңө канча болду?
– Эсимде, 5 жашымдан тартып атам мени кайда барбасын кошуп алчу. Мен да атамдан калбай кино дүйнөсүнө аралашып чоңойдум. Ошентип, кызыгуум күч алды. Былтыр атамдын 4-мастер-классына катышып, кыска метраждуу кино тарттым.
– Кошумча кандай өнөрлөрүң бар?
– Кичинекей кезимден тартып комузчу болгум келип, 7 жыл комузумду колумдан түшүрбөй жүргөм. Кийинчерээк ар кандай: чач жасалга, визаж боюнча курстарга бардым. Байкемден гитарада ойногонду үйрөндүм.
– Атаңдын атын пайдаланган учурлар болду беле?
– Жок, андай болбойт. Мен Эрнест кызы болуп жүрөм. Кээде билип калышса, "Абдыжапаровдун кызысыңбы?" деп таң калышат. Анткени атамдын атагынан пайдаланбайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Oimo
2012-04-30 11:45:51
Туура кыласын Эртенсттин кызы.Анан супер инфо эмне учун ата-энесинин атынан пайдалангандарды чыгарган жоксунар? Баарын ап аппак кылып корсотуп коюптурсунарго!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
antivir
2012-04-30 13:24:29
саясаттагылардын эркелерин чыгарсанар во!
+1
Elit
2012-04-30 18:35:44
antivir, ошо да мага да аявввааааааай кызык да.
0
maksimus
2012-04-30 17:44:04
ii desen da
0
Jamalym
2012-05-01 02:19:33
Иии эркетайлар саясатта да...
0
Gulnazi
2012-05-01 09:18:06
Мен Эламанды сыртынан тааныйм, айткандары туура, ии мен аны жакшы кором (суйом дегеним эмес), жакшы бала! Азаматсын Эламан-келечектеги КР Президенти!
0
jaina
2012-05-01 16:21:07
Мага Рахман байкенин кызы жакты, ушундай татынакай деп элестеткен эмес элем)))
0
Keisi
2012-05-04 14:19:10
пайдаланса да пайдаланбаса да, бактылуу болушсун.
0
shirin27
2012-05-05 03:31:17
rahman ayash atanin kaysi kizi bul, men 1 chi ayalini baldarin jakshi taaniyt elem,balasi kanibek kuudulgo, al emi chon kizi andan kiyinki kizi da irdachuu ele, munusu irdabayt okshoyt anda, bul kizi kaysi kizi eken interesno........................., kaysi ayalinan
..................... 5 bir tuugan dep jaziptir tan kalishtuugooo
.........................
0
nurlankg89
2012-05-06 13:17:11
Чын журоктон БААРЫ БИР
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан