СУЛУУЛУК КУРМАНДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ

Сулуулук курмандыкты талап кылат. Анын сыңарындай, дүйнөгө белгилүү атактуулардын арасында сулуу болуу үчүн хирургга кайрылгандар жок эмес. Анда эмесе, табигый эмес сулуу жылдыздардын хит-парадын сунуштайбыз.

Сексуалдуулуктун символу болгон модель жана актриса Памела Андерсон пластикалык операция аркылуу эмчегин чоңойткон алгачкы актрисалардан. Ал эле эмес, ушундай чоң көлөмдөгү силикон салдырган актрисалардан да эч кимди алдына салбайт.

"Моданын мыйзам чыгаруучусу" Донателла Версаче оозуна ботокс сайдырып, мурдун түздөтүп, эмчегин чоңойткон. Бирок Донателланын жүргүзгөн мындай эксперименттери басылмаларда дайыма эң ийгиликсиз жасалган операция катары талкууланып келет.

Анна Семенович "менин келбетим табиятынан ушундай" деп канчалык актанбасын, адистер "ырчынын бул билдирүүсү карандай калп, анткени аялдын эмчеги жаш өткөн сайын өзүн таштап бошой баштайт, ал эми Семеновичтики тикчийип турганы турган" дешет. Демек, мунун да бир мандеми бар окшойт.

Сара Жессика Паркер да бардык эле Голливуд жылдыздарындай пластикалык хирургдун кызматынан пайдаланган. Паркер мурдун жасаткандын ордуна, ээгиндеги калын алдыртып, бетиндеги бырыштарын тарттыртыптыр. Эмки кезек мурдунда окшойт.

Юля Волкова пластикалык операцияны чеги менен пайдаланса болот эле. Айрыкча соңку жылдары ырчынын эриндери тууралуу оозду ачырган уламыштар айтылып бүтпөй келет. Канча жолу оозуна ботокс сайдырганы алигиче белгисиз.

Женнифер Лопестин жамбашына суктанган Николь Кидман бетиндеги бырыштарды тарттырып, сурма жасатып, мурдун түздөткөн. Акыркы жылдары жасаткан пластикалык операциясы актрисаны такыр эле муздак робот-айымга айландырганын басылмалар айтышууда.

Кэмерон Диас мурдуна 4 жолу пластикалык операция жасаткан. Бирок жарашыктуу кылуу максатында эмес, кырсыктан улам. Диас сёрфинг менен машыгуу учурунда кырсыкка кабылып, мурдун кокустатып алып, бир эмес, бир нече жолу хирургга кайрылууга мажбур болгон.

Биринчи сүрөттө Виктория Бекхэм 18 жашта экен. Андан бери канча жолу пластикалык операция жасатканы белгисиз, бирок мурдун, жаагын оңдоткону байкалып турат. Виктория эмчегинин өлчөмүн да көп жолу чоңойтуп, кичирейтип турган.

Мексикалык актриса Сальма Хайек жыл өткөн сайын картаймак түгүл жашарып баратканын аңдоого болот. Мунун себеби, албетте, анын мыкты пластикалык адиске туш болгонунда. Сальма бетинин бырыштарын тарттырып, мурдун кичирейткени, анан, албетте, аркар төшүн чоңойткону байкалбай койбойт.

Оксана Фёдорова ичке эриндерин чоңойтуп, формасын өзгөрткөн. Эми көрүүчүлөр Оксананын алпаруусундагы берүүлөрдү эмес, анын ай чырай жүзүн, бүлдүркөндөй эриндерин эле тиктеп отурчудай болуп калган.

"Сонгюнгвандагы чатак" тасмасында роль жараткан корей актрисасы Пак Мин Ёнг мурдуна жана көзүнө 2 жолу пластикалык операция жасатканын моюнуна алган. Жыйынтыгын сүрөттөн көрүп турасыз.

Брэд Питтин экс-жубайы, актриса Женнифер Энистон мурдуна эки жолу операция жасатып, көлөмүн кичирейткен. Жыл өткөн сайын Энистондун бетиндеги бырыштар улам көбөйүп барат. Жакында 20 жашар кыздай жапжаш болуп чыга келсе, пластохирургдун кызматынан пайдаланды дей бериңиз.

Ырчы Фёржинин өзү жөнүндө "пластикалык операция жасаткан" деп жазган журнал менен соттошом деп чыкканы бар. А эксперттердин айтымында, Фёржинин мурунку жана азыркы сүрөтүн салыштырууда операциянын издери көрүнбөй койбойт. Анын жок дегенде пластиканын жеңил түрүн колдонгонун айтышат.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
maksimus
2012-04-30 15:09:51
alla alla
-1
AiTuShKa
2012-04-30 17:38:54
Ой господи!!! Я просто в шоке...
-1
Azaika.t.b
2012-04-30 18:37:15
ммм даааааааааааааа!!!
-1
gulperi.kg
2012-04-30 19:42:59
орус оюндагысын кылат
-1
Nona
2012-05-01 09:42:43
Owol bular operasiya jasatiwpasa minchalik suluu boluwpayyta jaratiliwtan
-1
Cyldyzka
2012-05-02 13:33:16
buga tan kaluunun keregi cok azır eldin baarı akçası barlar operasiya casatıp atışat
-1
nurzat
2012-05-03 05:27:43
ooi kozun da chongoitup jiberiptir. owo aitam koreisterdin kozdoru 4ongoigondon chonoiup jatat dep
+1
janylka
2012-05-03 17:34:33
кудай сакта.,.
-1
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан