ИНТЕРНЕТ-ДҮКӨН

“Үйдө отуруп эле интернеттен баарын сатып алса болот” дегенди уксаңыз керек. Өзүңүз интернет аркылуу бир нерсе сатып алып көрдүңүз беле? Соода жүргүзүүнүн бул жаңы ыкмасы Кыргызстанды кучагына ала баштады. Андыктан биз “интернет-дүкөн деген эмне жана андан кантип товар сатып алса болот?” деген суроого жооп издедик.

ИНТЕРНЕТ-ДҮКӨНДӨР КҮЧ АЛУУДА
Учурда көптөгөн дүкөндөрдүн соода тү­йүн­дөрүнөн тышкары интернетте түз бай­ла­ныштагы өкүлчүлүктөрү бар. Ошол өкүлчү­лүктөрү аркылуу дүкөнгө барбай эле товарга заказ берип, үйүңүзгө алдыртып алсаңыз болот. Бул тууралуу кененирээк төмөндө сөз кылсак. Алгач интернет-дүкөндүн тарыхына кыскача назар салалы.
Интернет-дүкөн (англ. “online shop” же “e-shop”) – интернетте товарлар менен соода жүргүзүүчү сайт. 1990-жылы Тим Бернерс Ли биринчи дүйнөлүк интернет тармагынын серверин жана браузерин түзгөн. Ал ресурс коммерциялык колдонууга 1991-жылы берилген. 1994-жылы биринчи интернет-дүкөн “Пицца Хат” (“Pizza Hut”) онлайн пицца дүкөнү ачылган. Ошол эле жылы Германиядагы “Интершоп” (“Intershop”) компаниясы элди өзүнүн биринчи онлайн соода системи менен тааныштырган. 1995-жылы америкалык “Амазон” (“Amazon”) компаниясы интернет-дүкөнүнүн сайтын ишке салып, 1 жылдан кийин эң популярдуу “иБэй” (“eBay”) интернет-дүкөнү пайда болду. 2011-жылдын статистикасына таянсак, дүйнөдө интернет ресурстарын колдонуучулар 2 миллиарддан ашкан. Бул сандар эмнеден кабар берет? Албетте, учурдагы интернеттин жана ошо менен бирге электрондук дүкөндөрдүн күч алуусун. Мисал катары айта кетсек, “иБэй” интернет-дүкөнүнүн бир жылдык таза кирешеси – 3,2 миллиард доллар.

КАНТИП САТЫП АЛАБЫЗ?
Интернет-дүкөндөн бирдеме сатып алуу үчүн 3 нерсени аткаруу зарыл: тиешелүү сайтка кирип товарга заказ берүү, төлөө түрүн жана кантип жеткирип берүүсүн тандоо. Айрым сайттарда заказдар телефон, электрондук почта жана башка маалымат алмашуучу кызматтары аркылуу кабыл алынат. Ал эми төлөөнүн кеңири тараган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

Банк картасы – накталай эмес төлөөнүн түрү.
Банктык которуу – банктын төлөө табыштамасы аркылуу дүкөндүн эсептик счётуна товар үчүн акча которулат.
Накталай – курьерге төлөнөт.
Моменталдуу төлөм терминалдары – төлөм көчөдө же имараттардын ичинде орнотулган терминалдарда жүргүзүлөт.
SMS-төлөмдөр – кардар системде көрсөтүлгөн реквизиттер жана төлөмдү тастыктоо менен sms жиберет.

МЫЙЗАМСЫЗ ДҮКӨНДӨР ДА БАР
Интернет-дүкөндөрдөн тамак-аш, чарба буюмдары, техника, кеңсе товарлары, косметика жана башкалардын баарын сатып алса болот. Тилекке каршы, дүйнөлүк интернет желесинде интернет-дүкөндөрдүн мыйзамсыз сайттары да жок эмес. Ал жактан тыюу салынган ок атуучу куралдарды, жасалма документтерди, уурдалган банктык карталарды, баңгизаттарды тапса болот. Бул коомго тийгизген терс жагы.

“ХАКЕРДИК ЧАБУУЛДАР БОЛУП ТУРАТ”
 Кыргызстанда интернет-дүкөндөрдүн иш­мердүүлүгү тууралуу “Svetofor.kg” интернет-дү­кө­нүнүн кожоюну Азиз Солтобаев менен маек курдук.

– Саламат­сызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Мен Бишкекте туулуп-өскөм. Эки кесиптин ээсимин. Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин экономика факультетинин каржы жана экономика, андан кийин бизнести башкаруу адистиктерин окуп бүтүргөнмүн. Окууну бүткөндөн кийин ар кандай компанияларда иштедим. Инвестиция, эл аралык журналистика жаатында да эмгектенгенге жетишкем. 2004-жылдын 31-августунда “svetofor.kg” интернет-дүкөнүн ачып, жеке ишкерлик менен алектенип келе жатам.

– Интернет-дүкөндү ачууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек...
– Кыйынчылыктар дүкөндү ачканга чейин бир топ мурда, билим алуу учурунда болгон. Жумушсуздук күч алган 90-жылдары үй-бүлөбүз менен оор турмушту баштан өткөрдүк. Акчанын тартыштыгынан окуу үчүн 3-4 чакырым аралыкты жөө басып барып келчүмүн. Жумалап нансыз шорпо ичкен күндөр баштан өткөн. Ага карабастан иним экөөбүз тырышып окуп, билим алганбыз. Бир учурда окуп да, иштеп да жетишиш керек эле. Анткени окуума контракт акысын өзүм төлөчүмүн.

– Интернет-дүкөн Кыргызстанга качан келген?
– Кыргызстанда алгачкы интернет-дүкөндөр 2000-жылдан кийин ачылган. Бирок бир-эки жыл эле иштеп, кайрадан жабылып калчу. Азыркы учурда деле жылына беш-алты дүкөн ачылып, кайрадан иштөөсүн токтотушат. Анткени алар тапкан акчасын кайра айландырбай башка нерсеге сарпташат. Кыргызстанда учурда 50дөн ашык интернет-дүкөн иштейт.

– Кадимки дүкөндөн айырмасы кандай?
– Дүкөндөн соода кылыш үчүн ал жакка сөзсүз түрдө барыш керек. Ал эми интернет-дүкөндө үйдөн же кеңседен чыкпастан каалаган нерсеңди сатып алууга мүмкүн. Муну менен кардарлар убакыт жана жол киреге кеткен каражатты үнөмдөйт. Эгерде товардын наркы 7000 сомдон жогору болсо, анда жеткирүү акысыз.

– Кокустан кардарга жакпай же товар жараксыз болуп калсачы? Ушундай окуялар болду беле?
– Болгон эмес деп айта албайм. Андай учурлар 100 учурдун биринде гана болот. Андай болсо товарды алмаштырып беребиз.

– Бизде интернет-дүкөн жөнүндө мыйзам барбы? Салык төлөйсүздөрбү?
– Бул ишмердүүлүккө тиешелүү мыйзамдар иштелип чыккан эмес. Жалпы мыйзамдын негизинде иш жүргүзөбүз. Албетте, салыкты Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде индивидуалдык патентке төлөйбүз.

– Мисалы, сиздердин дүкөндөн эмнелерди сатып алса болот? Төлөмдөр кандай жолдор менен ишке ашырылат?
– Бизде 12 миңден ашык электроника товарларынын түрлөрү бар. Алар: телефон, фото-видеоаспаптар, компьютер жана ага тиешелүү нерселер, үй тиричилигине керектүү техникалар. Бишкек шаарынын ичинде накталай, ал эми аймактарда банк аркылуу акча которуу менен төлөмдөр кабыл алынат.

– Кардарларыңыз, негизинен, кимдер?
– Белгилүү бир жаштагы же болбосо коомдун өкүлү деп айта албайм. Анткени биздин кардарлардын арасында 12 жаштагы окуучудан баштап пайгамбар жашынан өтүп калган ата-апаларыбыз да бар.

– Хакердик чабуулдар болду беле?
– Ооба, хакердик чабуулдар болуп турат. Мына жакында 4-9-апрелде сайтыбыз жайгашкан серверге кардарлар тууралуу маалымат алуу максатында чабуул жасалды. Хакердин IP-дареги такталып, коргоо органдарына тапшырдык.

– Дүкөнүңүздү эмнеге “Светофор” деп атадыңыз?
– Анткени дүкөнүбүз кардарларга багыт берип, жол чырак болсун дедим. Биздин бааларды базар баасына салыштырып, андан кийин өздөрүнүн тандоосун жасашат.

Аксуубай Жуматаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Нукура кыргызка
2012-05-05 14:35:16
Мен,ар дайым интернет аркылуу кийим заказ берем. Жаман жагын коро элекмин...Кудай сактасын хакерлерге жолуга элекмин
0
ulukbek_bioss
2012-05-13 23:38:35
Силер жанылдынар хакерлер жакшы, алар адамдарга жардам беришет мен буга кошулбайм, вот крекерлер жаман
0
ulukbek_bioss
2012-05-13 23:41:23
Мен кыргызстандын хакерлери менен таанышкым келет!!!
+2
zara-919
2016-01-29 15:31:36
интернет дукондон соода кылган болбойт. мен жакында эле куртка заказ кылган болчум. суроттогудой эмес.. сапаты да начар. эч жакпады.
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан