АПАЛАР СҮЙЛӨЙТ...

Эки бети тултуйган, уурту жарылып шилекейи аккан, борсулдап күлө берген наристени ар бир эле адам моокуму кана жыттап эркелетээри турган иш. Сахна жылдыздарынын ошондой таттуу балалыгы туурасында апалары айтып берет.

Мирбек Атабековдун апасы Дарика:

«Таенесинин бүт терезесин талкалаган»

– Мирбек кичинесинде эки бети тултуйган, жоош бала болчу. Анан абдан көк беттиги бар эле. Алып бер дегенин сөзсүз алып берчүбүз. Анткени көгөрүп жатып баары бир көздөгөн буюмуна жетерин билчүбүз. Бир жолу 2-классты аяктагандан кийин жайында “көлгө эс алып кел” деп таенесиникине алып бардым. Баламды апама таштап, жумушка шашып шаарга кеттим. Мирбек менин кетип калганымды билип: “Эмнеге мени таенем алып калат экен?”- деп көгөрүп терезенин айнектерин бүт талкалап салыптыр. Апам мага телефон чалып: “Балаң терезенин баарын талкалап салбадыбы?!”- деп кейиген эле.

Азат Болотбектин апасы Лариса:

«Азатты эт чапкыч дечүбүз»

– Азатты кичинекейинде эт чапкыч дечүбүз. Буга Азаттын аябай толуктугу, анан атасынын эт чапкан досторундай болгон жүрүш-турушу себеп болгон. Ал өтө тың бала болду. Индия, Пакистандан товар алып келип, Дордойго сатып да иштеп калгам. Азат “мен дагы барам” деп таң атпай ээрчип алчу. Биз базардын ар кайсы жерине туруп сатып, Азатка да товар таштап өзүнчө койчумун. 6 жашта болсо дагы товарларды чоң адамдай жоопкерчилик менен сатып, баарын түгөтчү. Мактап койсоң “силер келбей эле койгула, эмкиде өзүм эле сатып коём” дей берчү.

Алихандын апасы Бактыгүл:

«Үйгө келгендердин баштыгын текшерип кетирчү»

– Алихан кичинекейинде көздөрү топтоголок, анан капкара бала болчу. 1 жашка чейин көп ыйлабай, жоош болду. Концерттин баары 1 жаштан ашканда башталбадыбы. Такыр тынчы жок, өжөр, ыйлаак болуп жатып арыктап да кеткен. Үйгө келгендерге “куру кетпегиле” деп сумкаларына таттуу салып берет эмеспизби. Ошону көрүп калган окшойт. Үйгө келген коноктор кетип бара жатканда баарынын баштыктарын текшерчү өнөр таап алыптыр. Сумкасынан биздин үйдүн тамак-ашы чыгып калса ыйлап жатып алып калчу. Ошон үчүн “кой айланайын, балаң баары бир алып калат”деп Алихандын сырын билгендер берсем да эч нерсе алышчу эмес.

Жылдыз Тутуеванын апасы Динара:

«Шпильканы розеткага сайып токко урунган»

– Жылдыздын балалыгы Орусияда өттү. Аны бала бакчадан сырткары 3 жашында сууда сүзүүгө, гимнастикага жиберчүмүн. Кичинекей болсо да баарын жөндөп алып кетти. Ал менин чачка таккан шпилькамды таап алып розеткага сайып токко урунуптур. Анысын биз билбейбиз. Токко урунган адамдын денеси капкара болуп кетет эмеспи. Жылдыздын колу да капкара болуп күйүп калыптыр. Колун жеңи менен жаап алып, бир жума бизге көрсөтпөптүр. Билип калгандан кийин кызыма катуу сүйлөбөгөн жаным колум да тийди окшойт.

Ильяз Андаштын апасы Атыркүл:

«Атасын атып кетсе бакырып ыйлаган»

– Балам кичинекейинде ак көңүл, боорукер болчу. Анан жыгачтан итке үй, пластилинден динозавр, Манас ата, Каныкей апаны жасачу. Атасынын кесиби актёр. Бир жолу Каракол театрында атасы катышкан спектакль болду. Спектаклде атасын атып кетчү. Атасын атып кетсе балам залды жаңыртып ыйлай баштаса болобу. Отурган эл “и-ий байкуш боорукер бала турбайбы!” деп кейишкен.

Дайыр Исмадияровдун апасы Роза:

«Шыпыргыны гитара кылып ырдачу»

– Дайыр кичинесинде таттуу да эмес, таптаттуу бала болчу. Аны бүт айыл жакшы көрчү. Бири жакшы көрүп көтөрүп кетсе, андан экинчиси талашып айылдын башына алып кетчү. Дайыр анда 4-5ке чыгып калса керек. Жумуштан чарчап келсем шыпыргыны гитара, таракты микрофон кылып алып ырдап жатышыптыр. Окуганды билбесе да «кечинде концерт болот» деп, барактарды үй­дүн дарбазасына афиша кылып чаптай берчү.

Кумар Асановдун апасы Абида:

«3 жашында “сүйүү” деп ырдачу»

– Кумар кичинесинде абдан сезимтал бала болчу. 3 жашка чыкканда Алишанын “Made in India”, Асел Турдалиеванын “Сүйүү” деген ырын дал өзүндөй ырдачу. 3 жашар бала сүйүүнү түшүнүп коюптурбу, элдин көзүнчө “сүйүү, сүйүү!” деп бакырып ырдаса кирээрге жер таппай калар элем. Кумар 3 эркектин улуусу. 6-7 жашында мен жокто үйдүн баарын таптаза жыйнап, нан жасап бөбөктөрүн менден жакшы карачу. Үйгө келген конокторду ваннага түшүрүп, аппапак шейшепке жаткырып койчу. Баламдын мындай сапатын көрүп: “Кийин келинчек алганда буларды жасаба, ээ?!”- деп суранчумун. Бирок чоңойгондо кичинесинде жасаган бир да ишин жасабай калды.

Асел Турдалиеванын апасы Алия:

«20 куту Индия чайын кийизге чачкан»

– Асел 4 килограмм 600 грамм болуп чоң салмакта төрөлгөн. 6 айга чейин эки бетинин тултуктугунан эки көзү көрүнчү эмес. «Мамлекеттик экзамен берем» деп Аселди кайненеме таштап окууга кеттим. Бир айдан кийин кайненем кызымды мага көрсөткөнү алып келиптир, эмчектен чыккангабы, айтор, катуу ооруптур. Баягы тултуйган Асел жок, аябай арыктап кетиптир. Ошентсе да аябай зирек кыз болду. Чукчуңдаган кыялы да бар эле. Заңкылдап ырдап алып сырттагы малга жем-чөп берип эркек баланын да, кыздын да жумушун бирдей аткарчу. Бир жолу кичүү иниси экөөнү үйгө камап коюп дүкөнгө чуркап кеттим. Келсем серванттагы 20 куту Индия чайынын баарын кийизге төгүп салышыптыр. Анда андай чайлар аз, анан кымбат эле. Кийизге төгүлгөн чайды канчалык шыпырсаң да майда бүрлөрү кетпейт экен. Азыр дагы Асел чачкан чайдын калдыктары ошол кийизде бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан