«ОШМУ ПЕРИСИ» АНЫКТАЛДЫ

Ош

Керме каш, кара көз сулуулар кыргызда көп экенин далилдеп, Ош мамлекеттик университети 18-апрелде “ОшМУ периси” сынагын өткөрдү. Аталган окуу жайдын факультеттеринен чыккан 12 бийкеч сынакка катышты. Алгач бийкечтер Лимузин автоунаасы менен келип түшүп, көпчүлүктүн көз астында алып баруучулардын тааныштыруусу менен кызыл килем аркылуу театрга кирип жатышты.
Сынакта кыздар бой-келбетин, сулуулугун гана көрсөтүшпөстөн, интеллектуалдык деңгээлин, талантын да көргөзө алышты. ОшМУнун тарбия жана жаштар департаментинин директору Замирбек Божонов “кыйкырык-сүрөөндүн аз болушу кыздардын купальникчен чыкпаганында” деп тамаша иретинде сөз айтып өттү.
Окуу жайдын ректору баш болгон профессордук жамаат, жаштар комитети, студенттер келип катышып, күбө болуп кайтышты. Калыстар тобунун берген баалары менен бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти, ай чырайлуу Айгерим Анарбаева “ОшМу периси-2012” наамын жеңип алды. 2-орунга искусство факультетинин таланттуу бийкечи Айназик Мукаш кызы, 3-орунга өзүнүн шамдагайлыгы, айрыкча Ош калабасына байланыштуу айтылган монологу менен келгендердин көзүнө жаш алдырткан медицина факультетинин сулуусу Гүласем Ормонова татыды. Мындан сырткары сынакка катышкан ар бир сулууга өзгөчө наамдар ыйгарылып, баарына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.
Кыскасын айтканда, сынакка катышкан ар бир кыз өзүнчө сулуу, өзүнчө ийкемдүү, таланттуу. Бар болгула, кыргызымдын сулуулары!

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
otin
2012-05-04 10:27:09
А мага баарибир озумдун ишим башымдан ашып жатат .................
-1
AFRODITA-89
2012-05-04 11:11:42
otin,
0
AFRODITA-89
2012-05-04 11:09:42
Албетте туура тандалыптыр. Татыктуу кыз экен. Бар бол АЙГЕРИМ!!!
0
cosmopolit
2012-05-04 18:03:23
Кызыкча, чачы озунуку болду бекен?
0
jhanibek
2012-05-04 20:24:50
cosmopolit, жок отунбаеваныкын кыркып алыптыр
0
TROYA
2012-05-04 20:42:27
Bilsenizder jazyp koiunuzdarchy kai jerinen eken OSH jergesinin eger men taanygan Aigerim bolso al Ozgondon boluw kerek ele.
0
veneraaalieva
2012-05-04 22:56:18
Хм ооба сатып алышат кобунчо Ош Муда.2009 жылыда точно ушундай болгон.туштук перисинда Му дагылар ар дайым сатып алышат алардын же бир нерсеге шыктары жок.
0
arzuuular2012
2012-05-05 01:52:38
Куттуктайм Айгерим азаматсын
0
zoro21
2012-05-05 17:04:02
ай корунот козуно эмес,,мурок...албетте соонун денгээлде отту...Ош шаары кыргызстандагы кооз шаарлардын биринчиси.ишенбесен келип кет...
0
zoro21
2012-05-05 17:05:10
Ош шаары сулуу,,,касиеттуу тез арада эле оз калыбында...коз тийбесин эми т ф уууууууу......кооз шаарым оз нурун чачат сулуулары кыздарыыы эххх баары ынтымактууу
0
zoro21
2012-05-05 17:07:11
кана кайсы жерде лимузин менен келип конкурс уюштурду деп уктук...ким айтат...???демек ош шаарынын сулуулары оскуло!!!ураааааааааа!!!!т фу ээ коз тийбесин....
0
miso
2012-05-05 21:27:49
Этот jhanibek сначала имя свое правильно писать научился бы,хренов писак,еще нестесняясь фото Айтматова вставил,урод.Тебя в Москве видимо прилично поднатожила жизнь,что своих же земляков обсмеиваешь "грузчик" блин недоделанный.Мен кыргыз инсанымын,кичинекей жениш болсо да оз элимде,суйунуп кубанамын.Сага окшоп керсинип,коро албай,жургондор темселеп,толтура,бирок суйлосон да ойлонуп суйло кыргыз.
-1
Aselayka
2012-05-06 15:18:07
zoro21 Туура айтасын Ош шаарыбызга эми коз тийбесин,кыздарына да!!!Дегеле кыргызымдын кыздарына!!!
0
Aselayka
2012-05-06 15:20:20
miso Молодец!!!адебин бердин мен да колдойм созунду
0
akylai1992
2012-05-09 17:08:17
12-майда ОшТу периси болот анда ФКиИТ факультетинин сулуусу Эляга эч ким жетпейт,ЭЛЯ алга дос биз сен менен.
0
ajostal
2012-05-21 11:18:50
Сынактын калыстары таразаны туура эмес тартканын жазбапсынар. БиМдин, медицина факультетинин, искусство факультетинин кыздарын ото эле котормолоп коюшту го. Алар эч кандай эрежени сакташкан жок. 4 муноттон ашпасын деген болсо, алар 15-20 мунот убакытты уномдоп аткарышты. Жыл сайын эле ушундай корунуш жанды кейиткени кейиткен. Кыргыздар качан туура баалаганды уйронобуз билбейм?
0
mirba_91
2012-05-22 13:04:02
Калыстар тартып атышты, сатып алып койгон!
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан