Талас
Жакында Талас районунун Орто-Арык айылында 3 жашар кызды ит каап алган. Кутурма оорусунан шек саналган ал иттин башы кесилип, лабораторияга жиберилген. Натыйжада ит кутурма илдетине кабылганы билинген. Орто-Арык айылынан 194, коңшулаш Таш-Арык айылынан 64 ит атылган. Ал эми Ак-Жар айылында ит атуу иши жүрүп жатат.
Кутурма оорусу чыккандан кийин Талас районундагы Санитардык жана ветеринардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Долоно айыл округундагы 10 000 үйдүн ар бирине кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Азыр кыз дарыланып жатат, ооруга шектүү дагы бир адам дарыланууда. Кыз жашаган үй, ит көмүлгөн жер дезинфекцияланды” дейт район-шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жанболот Аскарбеков.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg