ӨЗ КОРООСУНА КОЛ САЛГАН «КАРЫШКЫРЛАР» КОЛГО ТҮШТҮ

Талас

Жакында Талас облусунун из кубарлары көптөгөн элдин мүлкүн уурдап-тоноп, каракчылык кылып келген деген шек менен кылмыштуу топту колго түшүрүштү. Алар эки жыл ичинде Кара-Буура, Манас райондорунда көптөгөн кылмыштуу иштерди жасашкан деп айыпталууда.
Тергөөнүн версиясына таянып, Талас ОИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Мындан азыраак убакыт мурун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Сүйүмкан Жаналиеванын үйүнө ууру кирип,
2 миллион сом акчасын уурдап кеткен. “Арам оокат аш болбойт” демекчи, милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп ошол эле айылдын тургуну, 1983-жылы туулган Тургунаалы уулу Манасбек жана Манас районунун Май айылынын 1986-жылы туулган тургуну Умарбек Бегалиев аттуу жигитти колго түшүрүшкөн. Иликтөө учурунда алар мындан сырткары да бир нече уурулук жана каракчылык фактыларына тийиштиги бар экендигин моюндарына алышкан.
Алар 2010-жылдын октябрь айында Кара-Буура районунун Молдо-Асан айылынын тургуну Ж.Кутманалиевге таандык 6 баш жылкысын кичинекей балдар жайып, кайтарып жүргөн жеринен айдап кетишкен экен. Ошондон баштап оңой акчага маарый түшкөн алар ишмердигин дагы улантышып, ошол эле жылы 27-ноябрда Манас районунун Май айылынын тургуну Б.Баялиевдин үйүнө бет капчан, мылтык көтөрө киришип, үй-бүлө мүчөлөрүн уруп-сабашып 11 миң казак теңгесин карактап кетишкен. 2011-жылдын 10-августунда Кызыл-Адыр айылынын тургуну М.Шайдалиевдин үйүнө киришип, 7 миң сом акчасын жана 2 уюлдук телефонун тартып алышкан. Алардын бул жолку “жортуулуна” ошол эле айылдык, 1986-жылы туулган Ринат Таштанбеков да кошулган. Ал эми 29-октябрда Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылынын тургуну Эргеш Жороевдин үйүнө бет капчан киришип, үй ээлерин сабап, 9 миң сомдон ашуун акчасын, алтын буюмдарын алып, изин суутушкан. Арам оокатка болгон аңчылыгын андан ары күчөткөн алар 30-ноябрда Кызыл-Адыр айылынын тургуну Б.Качкынбаевдин айыл сыртында жайгашкан мал сарайынан 9 жылкысын жана 1 топозун уурдап кетишкен.
Тургунаалы уулу Манасбек мындан 2 жыл мурун Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн кассасынан 850 миң сом акчаны уурдагандыгын да мойнуна алды. Ал “жортуулунда” айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Казакбай Өмүркулов да шерик болгондугу аныкталган. Ал Манасбекке кассага акча түшкөндүгү тууралуу телефон аркылуу билдирип, бул эмгеги үчүн 30 миң сом акча алган. Тургунаалы уулу Манасбек ал акчанын баарын иштетип ийгендигин билдирди. Алардын үстүнөн бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары толук аяктап, алардын ишин Кара-Буура райондук соту териштирүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Melis-Aruuke
2012-04-30 18:01:21
Тобо кылдым супер инфонун ар бир санында Таласта деп эле жаман кабар берип жатасынар,Таласка барыштан коркуп калдым
0
jhanibek
2012-05-04 16:40:41
Melis-Aruuke, келе бер мен карайм сени
0
Gul90
2012-05-02 12:10:15
булар неге кармалышкан эмес канча кишиги залалын тийгизген 2 бою бир кылмыш жазаганда эле кармаш керек болчу изин кууп!!!
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан