Баланын таттуу тилин уккан адамдын жүзүндө сөзсүз түрдө жылмаюу пайда болот. Кезектеги быйтыйган коногубуз – актриса Асема менен Акжол Нишановдун уулу Адахан.
АДАХАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 2009-жыл, 24-июнь.
Үй-бүлөдө – Тун уул, Айлин аттуу карындашы бар.
Жактырган тамагы – ботко, “Чупа-Чупс”.
Апасынан чарчабай сураганы – Сагыз.
Жактырган оюнчугу – Топ.
Көп урушканы – Бала бакчадагы Талант аттуу бала.
– Чоң жигит, атың ким?
– Мен Адаханмын.
– Кимдин баласысың?
– Акжолдун баласымын.
– Апаңдын аты ким?
– Асема да.
– Канчадасың?
– 3кө толом жакында.
– Ырдаганды билесиңби?
– Ооба, ыйдаганды биле-ем.
– Кана, ырдап жиберчи...
– Мама, ыйдачы, сен ыйдап бейчи. Бутум ойуп атпайбы. Сен ыйдай бей, мен ыйдабайм.
– Сен ырдап берсең, биз сага “Чупа-Чупс” алып беребиз.
– “Чупа-Чупс”, живачка бейесиңби? Ай чыкты, калачы, айдан биз жалалдык. Ай нуйу төгүлгөн, айдан биз жалалдык. Күн чыкты, калачы, күндөн биз жалалдык. Ай, күн нуйу төйөлгөн, күндөн биз жалалдык.
– Эми санап бересиңби?
– Мен үйдөн санайм.
– Бул жактан деле санап берсең...
– Бий, эки, үч, төйт, беш, алты, жети, тогуз, он.
– Ой, азамат! Чо-оң жигит турбайсыңбы, ал эми жомок айтканды билесиңби?
– Жомок айтканды билем. Ийгейи өткөндө заманда бий кемпий-чал болуптуй. Таята Кайим (Карим), анан Жумагүл бойуптур. Анан нянюк (таене деген сөзү экен) сүт чай бейет экен. Таята Кайим болуптуй. Анан Адахан деген болуптуй.
– Анан Адахан эмне болуптур?
– Анан Адахан эмне болуптуй? Сүт чай ичкенде куйсагы чо-оң болуп калыптый. Эшке ойноптуй.
– Жакшы жомок экен. Сенин досторуң барбы? Алар менен кантип ойнойсуң?
– Достойум бай. Акниет менен ойнойм. Асема деген бай. Асема мени уйду. Сен Асеманы уйчу, ээ? Талант оозума бий тепти. Мен мамам менен ойнойм да. Мен топту тебем, мамам да тебет. Мама, папа менен телефондон сүйлөшөм (колуна апасынын телефонун алып). Кандай? Жаксы. Ало... Мама, папа жок экен. Эми таятага чалам. Ало, нанюк, жаксы, иштей кандай? Үй кандай? Жаксы. Мейли, пока.
– Кимди жакшы көрөсүң?
– Мама, папа жакшы да. Живачка бейчи, мама?
– Апаң сени кантип эркелетет?
– Адос дейт. Мамам сулуу.
– Чо-оң болгондо ким болосуң?
– Папа болом.
– Папа үйдө эмне кылат?
– Жумуш жасайт.
– Папа маманы урушабы?
– Папа маманы уйду. Анан мама мага "папа ойноду" дейт (таенесине ушинтип айтса, ал бушайман болуп "тынч элесиңерби, урушуп жатасыңарбы?" деп калат экен).
– Мама сага эмне тамак жасап берет?
– Каса жаксы көйөм. Дагы бойсок, тойт жасайт.
– Мультфильм көрөсүңбү?
– Актан, Акылай көйөм. Актан дос.
– Үйдө алдейиң бар, ээ? Айлин сага ким болот?
– Айлин – менин кайындашым. Ал ыңа-ыңа деп ыйлайт. Айлинге эмчек бейем да. Мама эмизет. Ой, лялюм дейм. Бетинен өбөм.
– Мамаң сен тентек кылганда эмне кылат?
– Чыбык менен сабайт. Мама телевизойдон ыйдайт.
– Азыр садикке барасыңбы?
– Жок, садикке байбайм. “Ташябатка” байам. Мен “Ташябаттан” секийем. Мен машина айдайм (колу менен айдап ), мм-м деп. Мама, кеттик “Ташябатка”.
Адахан менен таттуу маегибизде жооп бергиси келбегенде суроолорубузду кайталап туруп алганы эсте калды. Акыры апасын колдон жетелеп “кеттик Ташябатка” дей баштаганда маегибизди токтоттук.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg