Балдар, силер көп учурда трансформерлер менен ойнойсуңар. Ал оюнчуктардын мекени кайсы өлкө экенин билесиңерби?
1983-жылы оюнчуктарды ойлоп табуучу америкалык “Hasbro” фирмасынын жетекчиси Жорж Дансей роботтон машинага, машинадан роботко айлана турган оюнчукту ойлоп табат. Аны ойлоп тапканга кокустук жардам берет. Ал бир жолу япониялык кесиптештери менен жолугушуп, алардан роботтун машинага айланып жатканы тартылган эскизди көрүп калат. Ошол замат япон фирмасы менен биригип, 1984-жылы трансформер деген аталыштагы робот оюнчуктарды чыгара баштайт. Алгач Японияда, кийин АКШда таралып, анан тез эле дүйнөнү каптайт. Оюнчуктар дүйнөдө өтө популярдуу болуп, ага арналып мультсериал жана комикстер чыгып, кинолор да тартылууда.
Акыркы 20 жылдын ичинде Орусияга, андан соң Кыргызстанга жайылып, силердин да сүйүктүү оюнчугуңарга айланды. Трансформер танкага, машинага, жаныбарларга, үйгө айлана алат. Кийинки учурларда жумшак оюнчуктардан да трансформерлер жасала баштады.