ҮНДҮК БАГЫП КИРЕШЕ ТАБУУГА БОЛОТ

Учурда үндүк этинин баасы кымбат. Андыктан атайын фермерлик кылып пайда табууга болот. Бирок балапан кезинде назик болуп, чоңойгончо эле көбү өлүп калып, эмгек текке кетиши мүмкүн. Анда үндүктү кантип багуу керек, чыгашасы жана пайдасы канча экенин эсептеп көрөлү.

БАЛАПАНДАРЫ НАЗИК БОЛОТ
Эгер балапандар энесинин жанында болсо, алардын жемин гана камдаганыңыз болбосо өзгөчө камкордуктун кереги жок. Анткени эне үндүк балапандарын жырткычтардан, сууктан коргоп, жем таап жегенди үйрөткөн үлгүлүү канаттуулардын катарына кирет. Энеси жок жетим балапандарды чоңойтуу бир топ эмгекти талап кылат. Алар өтө назик болуп, суук болсо же шамал, желге туруп калса, же буттары сууга малынып калса эле суук тийип өлүп калышат. Балапандарды жарыкка келген күнүнө жараша тоютту туура берип, кармоочу жайдагы температураны көзөмөлдөп туруу зарыл.

Температура
Жаңы чыккан балапандар 5-6 күнгө чейин +30 градустан төмөн эмес жайда болушу зарыл. Андан соң 6-10 күндүк кезинде кармоочу жайдагы жылуулукту 29-27 градуска дейре төмөндөтүү керек. 11-20 күндүк аралыгында 26-24 градуска, 21-30 күндүк аралыгында 23-21 градуска, 30 күндөн кийин жылуулукту 20-18 градуска чейин төмөндөтүү менен балапандарды салкын температурага көндүрө баштоо туура.
Балапандар кармалган жайга бир нече жылыткычка (грелка) ысык суу толтуруп коюуга болот. Алардын үстүнө балапандар жатып жылынышат.

Тоюттандыруу
Балапандарга жумурткадан чыккандан кийинки күнү сууга бышырылып, майдаланган жумуртка берилет. 3 күндөн кийин жумуртканын өлчөмүн азайтып, быштак, айран, майдаланган дан эгин жана майда тууралган чөп-чар бере баштаса болот. Алгачкы 5-6 күндө тоютту калыңыраак чүпүрөктүн үстүнө берүү зарыл. Себеби катуу нерсенин үстүндөгү тоютту тумшугу менен чокуп жейм деп тумшугун, башын жабыркатып алат.
5-6 күндүк балапан 1 күндө орто эсеп менен 10 грамм жем, 3 грамм чөп-чар жана 3 грамм жумуртка же быштак жейт.
Алгачкы 10 күндүктө балапандарды ар бир 3 саатта бир тоюттандыруу кажет. Кийин тоюттандыруунун маалын азайтып, кесегирээк тоюттар бериле баштайт. 1 айлык кезге жеткенде 3-4 маал гана тоют берилет.
Балапандарга көк пияз өтө пайдалуу. Бул ичеги-карын ооруларынын алдын алат. Ошондой эле капуста, чалкан, күн караманын жалбырактары да сиңимдүү тоют. Ал эми чоң үндүктөр кадимки эле дан эгиндери, чөп-чарлар менен тоюттандырылат.

Суу

  • Суу куюлуучу идиш чуңкур эмес болушу керек. Аны балапандар түшүп кетпегендей орнотуу зарыл.
  • Муздак эмес, жылуу суу берүү зарыл.
  • Балапандын ден соолугу үчүн күнүнө бир жолудан марганцовка аралаштырылган суу же чай (ачык кызыл түстө) берип туруу жакшы.
  • Чоң үндүктөргө да кышкысын жылуу суу берүү керек.

ЖАЮУ
Жарыкка келген балапандарды он күндөн кийин күн жылууда сыртка жаюуга болот. Алгач 15-20 мүнөт гана күн көрсөтүп, кийин улам убакытты узартуу туура. Эртең менен шүүдүрүмдө жаюуга болбойт. Суу – балапандын жан алгычы экенин унутпоо зарыл.
Чоң үндүктөр салкында өзүлөрүн жакшы сезип, активдүү болушкандыктан, алар үчүн эртең менен жана түш оогондон кийинки убак туура. Ал эми 25 градустан ашкан ысыкта чоң үндүктөр жүдөп, ургаачыларынын жумурткалашы азайып кетет.
Сыртта болгондо чөп-чар, курт-кумурска терип жеп, табигый витаминдер менен өзүн камсыз кылат.

ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАРДАМ
Кокцидиоз жана пуллороз бул – ичегиге кирип кеткен мителер козгоочу оору. Аталган оорулар менен көбүнчө 4-120 күндүк үндүктөр ооруйт. Тамактануусу начарлап, ичи өтөт. Мындайда антибиотик менен биовитаминдерди берүү зарыл.
Кнемидокоптоз – шыйрагынын терисинин сыртында карттар пайда болот. Бул оору кенеден жугат. Марганцовканы 30 градус жылуулуктагы сууга аралаштырып, буттарын чылоо керек.
Каннибализм – ачка калган учурда алсыз балапандарды жеп коёт. Андыктан ток кармоо зарыл.
Авитаминоз (витамин жетишсиздиги). Мында канаттуунун ички органдарынын иштөөсү бузулат. А витамини жетишпесе, балапандын өсүүсү жайлап калат (чөптөрдө, сабизде көп). В1 витамини жетишпесе, полиневрит оорусу (кыймылынын бузулушу) келип чыгат (балык, камыр ачыткы, сөөк унунда көп). В12 витамини жетишпесе, май жана белоктун алмашуусу бузулат (антибиотиктер колдонулат).
Иммунитетин жакшыртуу үчүн эмдөө. Бул үчүн атайын Н 120 вакцинасы колдонулат. Эки айлыкка чейинки балапандардын таноосуна бир тамчы тамызылат. Ал эми эки айлыктан жогоркулардын төш этине шприц менен куят. Эмдөө жылына 2 жолу жүргүзүлөт.

ҮНДҮККАНА
Бир үндүккө темир торлуу короодо 0,5-0,7 чарчы метр аянт туура келет. Ал эми конуп түнөй турган жайдын бийиктиги 70 сантиметр, туурасы 35-40 сантиметр болуусу керек. Жумурткалоочу уянын узуну 60, туурасы 40 сантиметр болсо жетиштүү. Мисалы, 20 үндүккө 10 чарчы метр аянттагы темир торлуу короо, кечкисин түнөй турган жай үчүн 5,6 чарчы метр аянт жана 1 чарчы метр аянт жумуртка уясына туура келет.

  • Үндүккананын аба алмашып туруучу вентиляциялык мору болушу керек.
  • Күл жана кум аралашмасынан турган ванна болуусу шарт. Бул үндүктөрдүн мите курттардан тазаланып туруусуна шарт түзөт.
  • Ай сайын дуст сээп, акиташ менен хлордун аралашмасын сууга чылап, кургак жер калтырбай чачып чыгуу керек (1 литр сууга 3 грамм кошулат жана ал 1 чарчы метр аянтка жетет). Бул үндүкканадагы мите курттарды жок кылууга жардам берет.
  • 4-5 үндүккө жумуртка тууганга бир уя жетет.
  • Үндүкканадагы 8-10 ургаачы үндүккө 1 короз үндүк жетет.

ПАЙДАСЫ КАНЧА?
Чыгаша
20 үндүктү багууга канча каражат кетет, ал эми пайдасы канча болот эсептеп көрөлү.
Орто эсеп менен 1 чоң үндүк бир күндө 150 грамм дан эгинин, 300 грамм жашылча керектейт. Мындан сырткары курт-кумурскаларды, чөп-чарды талаадан терип жегендиктен, булар сатып алына турган тоютка кошулбайт.
Жемдин түрүн (арпа, буудай, жүгөрү) сатып алгандыктан, алардын жалпы баасын орто эсепте 1 килограммы 10 сом деп, ал эми жашылчалардын килограммы (кызылча, сабиз, картошка, көк пияз) 8 сом деп алалы.
Ошондо бир баш үндүккө бир жылда 54 килограмм дан эгини,
109 килограмм жашылча сатып алуу керек.
Дан эгини 54 кг х 10 = 540 сом.
Жашылча 127 кг х 8 = 872 сом.
Жалпы чыгаша = 1412 сом.
Эми бул чыгашаны 20 үндүккө көбөйтсөк, 28 240 сом талап кылынат.
Эгер 6 айда эле семиртип сатам десеңиз, чыгашаны 2 эсе азайта аласыз.

Киреше
Базарда тирүү үндүктүн баасы семиздигине, чоң жана кичинесине жараша 900 сомдон 2000 сомго чейин болсо, союлуп сатылгандагы баасы 2200 сомдон 2800 сомго чейин турат. Жогорудагы 20 үндүктү бир жыл багып, семиртип сатыла турган орточо баасы 2000 сом деп белгилеп алалы.
Ошондо 20 х 2000 сом = 40 000 сом.
Жалпы киреше = 40 000 сом.
Эми мындан чыгашаны кемитебиз.
40 000 – 28 240 сом = 11 760 сом таза киреше.
Эскертүү: Эгер шаар четинде же айыл жергесинде баксаңыз, үндүктөрдү күндүз ээн-эркин талаага жайып, чыгымды азайтуу менен кирешени көбөйтүүгө мүмкүн. Себеби дан эгиндеринен турган жемди гана сатып алууга чыгым болосуз.

ҮНДҮК ТУУРАЛУУ

Үндүк алгач ирет Америкадагы индей уруулары тарабынан колго үйрөтүлүп багылган.
20-кылымдын экинчи жарымында аргындаштыруу аркылуу 25 килограммга чейин жеткен
салмактагы үндүктөрдүн породасы чыгарылган.
1524-25-жылдарда испандыктардын Америкага болгон сапарынан кийин үндүк Европага жайылган.
Салмагы боюнча 39,09 килограммга жеткен англиялык үндүк дүйнөлүк рекорд койгон.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үндүк багып киреше табууга болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
tea23
2012-04-30 23:18:36
Kaapyray jumurtka jep chonoigon induktor kannibal bolup kalat go anda. :(
0
Kitep
2012-05-07 01:28:11
Рахмат!
Ушундай иштоо,бизнес ыкмаларын коп-коп жазып тургулачы.
0
Jigitali
2015-01-28 13:42:11
видеону кантип кочуруп алса болот
0
admin_superstan
2015-01-28 13:57:54
Jigitali, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, видеонун ылдый жагында "Көчүрүү" баскычын басыңыз:
http://www.super.kg/media/stv/64985/
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан