АТ ЖАНДУУ САЯСАТЧЫЛАР

Учурда колунда күлүк ат кармоо саясатчылар арасында модага айланган. Кээ бири муну кадимки хобби катары караса, башкасы бизнес же жөн эле кыргыз болгону үчүн багып жатканын айтат. Ат жалындагы айрым саясатчыларды тизмектеп көрөлү.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ САДЫР ЖАПАРОВ ДА АТ ЖАНДУУ САЯСАТЧЫЛАРДЫН КАТАРЫН ТОЛУКТАЙТ.
Учурда – Таза кандуу бир жоргосу бар.
Породасы – Орус породасы аралашкан асыл тукум.
Байгелерге чабылып, улак тартышка түшпөйт.
“Мен аны байгелерге түшүп биринчиликти алсын, мөрөй утуп алайын деген ой менен алган эмесмин. Өзүм үчүн кармайм. Бирок өз сынын бузбай чыкыйып турушу үчүн азыр спорттук жайларда таптап жатам”.

– Жылкы сиз үчүн?..
– Кыргызды жылкысыз элестетүү кыйын. Бишкектин чет-жакасын эле карайлы, жылкысыз бир дагы айыл жок. Кышы-жайы дебей улак тартып жүргөндөрдү көрөсүң. Кыргыздар үчүн ат – абдан ыйык жаныбар.

“КӨК БӨРҮ” АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АРДАКТУУ ПРЕЗИДЕНТИ АСКАР САЛЫМБЕКОВДУН 6 КҮЛҮК АТЫ БАР.
Учурда – 2-3 аламан байгеге катышуучу жана күлүк аттардын ээси.
Убактысы болгондо Зурали аттуу жакшы көргөн күлүк атын минип сейилдейт. Зурали Кыргызстан боюнча эле эмес, Казакстан боюнча да аламан байгелердин ээси экенине сыймыктанат.

– Күлүк аттарыңыздын санын көбөйтөйүн деген оюңуз барбы?
– Эки-үч аткана ачып, аны кармоону көздөбөйм. Мага өзүмдүн аттарым эле жетиштүү, анын үстүнө акыркы учурда аларга барууга убактым да аз болуп калчу болду.


ЖЫЛКЫ КАРМОО ЖАГЫНАН БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ ИСА ӨМҮРКУЛОВ АЛДЫНА ЭЧ КИМДИ САЛБАЙТ. АСЫЛ ТУКУМ КҮЛҮКТӨР МЕНЕН 1987-ЖЫЛДАН БЕРИ АЛЕКТЕНЕТ.
Учурда – Жылкы сарайында 100дөн ашык ат байлануу.
Таза кандуусу – 30га жакын.
Породалары – Англис породасындагы асыл тукум жылкылар.
Ийгиликтери – 18 жылдан бери ат чабыштардын бирин да калтырбай күлүгүн кошуп, дээрлик көпчүлүк учурда баш байгени жеңип аларын айтат Иса мырза.
Бош күндөрү күлүгүнө ыргып минип, бир топ жерге чаап келмей адаты бар.
«Менин чоң атам жылкы багып, күлүк таптачу. Ошол сапат бир туугандарымдын ичинен мага өттү. Жылкы мен үчүн – эс алуу. Анын сулуулугуна суктанам».

ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ НУРБЕК АЛИМБЕКОВ КӨК БӨРҮДӨН КАЛБАГАНГА АРАКЕТТЕНЕТ. СЕБЕБИ БУЛ ОЮНДУ НУКУРА КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРДИН ОЮНУ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ.
Атайын көк бөрүгө деп 6 жыл мурун ат сатып алган.
Учурда – 10го жакын асыл тукум жылкысы бар.
Породасы – Сүйүктүү аргымагы таза кандуу англиялык-араб породасынан.
«Анда-санда байгелерге да илинип жүрөт, айына орто эсеп менен 5000 сомдун тегерегинде акча жумшалат. Чынын айтсам, аттарымды байге алуу үчүн таптабайм, аларды кароо, кичинекей болсо да байгеге жетишкендиги мага кубаныч тартуулайт»,- дейт эл өкүлү.
– Ат багуу сизге эмне берет?
– Кыргыздын жигити болгондон кийин ат үстүндө жүрүү керек деп ойлойм. Жашымдан жылкыга жакын өскөндүктөн, аларсыз жашоомду элестете албайм.

Азыркы эл өкүлдөрүнүн да, мурунку бийликтин өкүлдөрүнүн да жок дегенде бирден аты бар. Алардын бири ЖКнын экс- депутаты Бегалы Наргозуев бала кезинен жылкы артында жүрүп чоңойгон.
Учурда – бир аты бар, бир үйүр жылкысын инисине берип койгон.
Породасы – Жаңы кыргыз тукум.
“Кээде күн сайын, кээде дем алыш күндөрү ат минип бастырганды жакшы көрөм”,- дейт.
– Күлүк багуу саясатчылар арасында модабы же жаныбарларга болгон чыныгы сүйүүбү?
– Кандай болгон күндө да бул жакшы жөрөлгө. Кыргыздар «ат – адамдын канаты» деп коюшат эмеспи, кыргыздын кимиси болсо да, атка жакын жүргөнү жакшы, арак ичип, саунада эс алгандан көрө.

P.S. Улак тартыштарда үзөңгү теминип, күлүк камчылаган ат сүйүүчүлөрдүн дагы бири – Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов. Канча күлүк таптап келгенин билбедик, бирок жылкыны жандай көрөрү талашсыз. “Ар бир кыргыз жигити ат үстүндө ойногонду билиши керек. Улактын сезону – кыш, бирок мен мезгил тандабай, дем алыш күндөрү барып турам. Бул оюнда эки жолу бутум сынса да, баары бир токтоткум келбейт” деп айтканы бар.
Мындан сырткары баш бакан Өмүрбек Бабанов, депутаттар Канатбек Исаев, Феликс Кулов, Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев жана Бакыт Төрөбаевдин жылкы күйөрмандары экени айтылып келет.

Автандил Добулбеков,
Мальвина Уметбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
tolik
2012-04-30 11:30:14
Соз жок азаматсынар!
0
matazim
2012-04-30 19:10:27
мен аргымака кызыкан эркекти эркек деп баалайм
0
eduardali
2012-05-01 15:32:30
Ат адамдын канаты деген соз барго.Мен да ат жалында чонойгом.
0
aziattita
2012-05-07 03:17:08
менин кыялымдагы иш
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан