БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ

Борончунун жоруктарынан

Кызыл-Тууга

Ыраматылык Манас экөөбүз концерт коюп жүргөнбүз. Күндөрдүн биринде Кызыл-Туу деген айылга концерт коюп жатсак, бир мас киши сахнага чыгып алып Манаска тоскоол боло берди. Манас ага алаксып сатирасынын кайсы жерине келгенин унутуп:
– Кайсы жерине келдик эле?- деп элден сурап калды. Анда бир кичинекей бала:
– Кызыл-Тууга, байке, Кызыл-Тууга!- деп ого бетер Манастын эсин оодарган эле.

“Жаткан жериң жайлуу болсун!”

Бир ирет Өзгөн районунун Мырзаке деген айылына концерт коюп барып калдык. Рыспек Жантөрөев деген куудул келбети, сүйлөгөн сөздөрү менен ыраматылык Манаска окшош. Сүйлөшүп турсак, бир бала оозун ачып, кечке Рыспекти карайт. Көрсө, ал Рыспекти куудул ыраматылык Манаска окшоштуруп жатыптыр.
– Сиз Манас акеге окшош экенсиз, ээ?- деди бир маалда ал.
– Ооба, ошол менмин да.
– Анда жаткан жериңиз жайлуу болсун!- деп качып кетсе болобу!

Мен балерина болгондо...

Балеринанын ролун аткармакчы болуп аялдар кийүүчү колготкини, андан соң балеринанын кийимин кийип жатсам, Манас ыраматылык жаныма басып келип:
– Ушинтип оокат кылгыча өлүп эле калбайсыңбы!- десе болобу.
– Бала-бакырамды сен багып берип жатасыңбы? Молчи, искусство требует жертв,- деп алып сахнага чыгып кетип калгам.

“ Таарынсаң козёлсуң”

МАИ кызматкери кармап алып тийише баштады.
– Кана, тамашаңдан айтчы?
– Тамаша айтсам эле таарынып калат экенсиңер.
– Таарынбайм.
–Точно, таарынбайсыңбы?
– Ооба.
–Таарынсаң козёл болосуң,- десем, таарынып калып жатпайбы.

Сатира

Алаа эмес салаанын ортосу
– Ай, ушул чиркейдин азабы өттү,- деп кейиген Омордун жанындагы досу:
– Ий, эмне болуп кетти анчалык?- дейт.
– О, кычышпай турган жериңди кычыштырып чагат да, бул түгөнгүр...
– Кайсы жериңди чакты?
– Экөөнүн ортосун.
– Эй, кемпай,- дейт беркиси борс-борс күлүп. – Анык кычыша турган жериңди таап чаккан тура...
– Эй, тантырабачы, бул жердин кычышканын мен көргөн да, сезген да эмесмин.
– Анда сен жыргалдын кайда экенин билбей эле бул жарыкчылыктан көзүң ачык өтүп бараткан турбайсыңбы...
– Ой, жыргалыңды ошол жерге байлап коюптурбу?
– Анык көр пенде тура! Ой, деги сен эки аланын ортосун айтып жатасыңбы?
– Тигини, тигини. Жармашканы эле алаа! Мен деген эки салаанын ортосун айтып жатам...

Кыдырдын таягы

Бир жигит шашып баратса, жолунан карыган кемпир чыгып:
– Балам, менин көзүм жакшы көрбөйт. Убактың болсо жолдун аркы бетине өткөзүп койчу,- деп суранып калат. Жигит “сообу тийсин” деп кемпирди жетелеп жолдон өткөрүп коймокчу болгондо, кемпир коюнунан бир таякты сууруп чыгып:
– Уулум, эртеден бери он чакты адамдан сурансам, ошолордун ичинен сен менин суранычымды аткардың. Сенин мага кылган жакшылыгың үчүн мына ушул таякты ал. Бул жөнөкөй эмес, сыйкырдуу таяк, көтөргөн сайын акча түшөт,- деп кемпир көздөн кайым болуптур. Көрсө, ошондо алгачкы МАИ кызматкери пайда болгон экен.

Оң жактагысы өкмөттүкү

Бир жигит үйүндөгү ууру токтон пайдаланып жүргөн экен. Ушундай күндөрдүн биринде үйүнө айылдан апасы конокко келип калат. Келинчеги экөө конокко кетип баратып апасына:
– Апа, мобул жерде эки точка бар. Эгер чай кайнатсаңыз, сол жактагысына сайыңыз. Оң жагына тийбеңиз. Анткени оң жагы өкмөттүкү, сол жагы биздики,- дейт.Ошентип, баласы конокко кетет. Арадан көп өтпөй электрик текшерип келип калат. «Счётчикти текшерип кетейин» десе, апасы үйүнө ээрчитип кирип, точканын жанына алып барып:
– Сол жактагысы биздики, оң жактагысы өкмөттүкү. Айланайын балам, биз өкмөттүкүнө тийген жокпуз. Өзүбүздүкүнө кайнатып ичип жатабыз. Биз деле законду билебиз, -деген экен жарыктык кемпир.

Кудай деген кур калбайт…

90 жаштагы аксакал 20 жаштагы бир келинге үйлөнсө, ал тогуз айдан кийин уул төрөп бериптир. Уулунун атын Токсонбай коюп, азан чакырганы айылдын молдосун чакырат. Азан чакырылып бүткөндөн кийин үйгө кирип чай ичип отурганда, абышка сырын айта баштайт.
– Молдоке, Кудай өзү колдосо 90го чыкканда да балалуу болууга мүмкүн экен. Өзүмө-өзүм ишенбедим эле,-дейт.
Анда молдоке сакалын сылап:
– Туура айтасыз, аксакал. Илгери мен дагы дары чөп издеп жайлоого чыгып, токойлуу капчыгайда адашып кеттим. Ошол маалда аюу пайда болуп, мага тап берип калды. Эмне кылышымды билбей “Кудай эле Кудай!” деп үнүмдүн болушунча кыйкырып жибердим. Аңгыча эле “тарс” деп мылтыктын үнү чыгып, аюу “тап” деп эле алдыма оңкосунан түшүп калса болобу! Сүйүнгөнүмдөн кудайга миң мертебе рахматымды айтып жибердим. Ошондо аркамдан бирөө далыма колун коюп “болду, өзүңдү карма” деди. Көрсө, Кудай атпай эле бир мергенчи жигит атыптыр. Анын сыңарындай, Кудай дей берсеңиз, Кудай деле боору ооруп жардамга бирөөнү жиберет тура, аксакал, - деген экен.

Борончу Кудайбергенов:

«Толик сынчыны атам дегеним тамаша»

Куудул, обончу, аткаруучу, тамада, айтор, түрдүү таланттын ээси Борончу Кудайбергеновду калктын көпчүлүгү тааныйт эмеспи. Учурда куудулдук өнөрүн өстүрүү максатында “Аралаштын азили” аттуу долбоордун курамын толуктап жүргөн кези. Ушул долбоор тууралуу кыскача маалымат алуу үчүн Борончу байкени кепке тарттык.

– “Аралаштын азили” аттуу долбоор ар бир айдын алтысында өткөрүлүп турары маалым. 6-мартта тамаша-шоунун өзгөчүлүгү тууралуу айта кетсеңиз...
– Бул ирет тамаша-шоу Аялдардын эл аралык майрамына туш келип калды. Ошого байланыштуу аялзатынын турмуштагы жетишкендигин, кемчилигин жана Ганси маселеси камтылган сатиралар менен интермедиялар элге тартууланмакчы. Бул жолку концертибизде куудул Жаңыл жана Токтор Бекбоевдер да конок катары келишип, өздөрүнүн жаңы сатираларын тартуулашат. Кыскасы, концерт жалаң жаңы сатиралардын курамынан турат. Буга кошумча фольклордук ырчылар менен катар бийчилер да сөзсүз болот.
– Кечиресиз, сөз кезеги келгенде Толик сынчы жөнүндө бир ооз кеп кыла кетсек. Бир кезде “Супер-Инфо” гезитиндеги Толик сынчыны атып кетем” деп каарданган элеңиз. Ошол оюңуздан тайган жоксузбу?
– Ха-ха, эми бул деген тамаша да. Ачыгын айтсам, ал кезде бир жыл бою даярданган концертимди жаңы эле өткөрүп бүтүп, ачууланып отургам. Себеби дегенде концертимде чачы узун айымдардын конкурсун өткөрүп, бул сынакка катышкандарды таарынтпай ар бирине кымбат баалуу белек бергем. Бул белектердин жалпы суммасы 100 миң сомду чапчыган. Анан да бир кыз сатып берем деп 89 миң сомго билет алып, мени кидайт этип качып кетип, орто жерден күйүп калгам. Ошентип, башымды мыкчып отурганда “Супер-Инфо” гезитинен жанагы Толик сынчынын концертимди сындаганын окуп калдым. Ошондо ачуум менен “Толик сынчыны атып кетем” деп айтып алгам.
– Борончу байке, маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Шарипа Бекташева
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Neo
2009-11-16 15:32:03
Баардыгы абдан жакшы жана кызыктуу
0
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан