Атай Өмүрзаков: «ОКУУЧУЛАРЫМДЫН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШИН КААЛАБАЙМ»

Атай "Мен бийчимин" деген аталышта бий фестивалын өткөзөм деп ашыкча беш мүнөт таппай чуркап жүргөн чагы экен. Маек учурунда телефонунун жаагы тынган жок. "Мына ушундай жылдыз болуп кеткем" деп тамашалаган бийчинин эки саат убактысын алып маек курдук.

– Кандайсың, Атай? Экөөбүз мындан бир жыл мурун сүйлөшкөндө “чет элдик белгилүү ырчыларды алып келип чоң концерт берем” деп айттың эле. Ошол пландарың ишке ашканы турат. Бул тууралуу айта кетсең...
– Чехиядан жеңишке жетишкенден кийин мекендештериме жаңылык кылып чет элдик белгилүү жылдыздардын катышуусу менен фестиваль өткөрүүнү максат кылгам. Буюрса, ошол максатым ишке ашканы турат. Ал эми келчү коноктор тууралуу айта кетсем, жаштар арасында популярдуу болгон “Бир кадам алдыга” ("Шаг вперёд") тасмасындагы Лос деген каармандын ролун аткарган Адам Севани. Ал – белгилүү бийчи, актёр. “No Mercy”, “Morandi” топтору келет. Андан сырткары “Les Twins” аттуу бий тобу жана Salah аттуу бийчи да чакыруумду четке кагышкан жок.

– “Backstreet Boys” тобу да келет” дедиң эле...
– Ооба, башында планда бар болчу. Бирок ал топ Индонезияга чоң концерт менен кетип жаткандыктан, келе албай калышты.

– Чакырылган ырчыларга гонорар төлөп берүү маселеси кандай чечилди? Алардын алкымына чөнтөк туруштук берчүдөйбү?
– Албетте, чет жердик ырчылардын алкымы чоң эле. Болжолдуу түрдө айтканда, ар бир келчү жылдыздын гонорары 10 миң доллардан жогору болуп жатат. Негизи эле уюштуруп жаткан фестивалдын бюджети 200 миң доллардан жогору. Анын 100 миңин мен өзүмдүн уткан байгемден коштум.

– Демөөрчүлөрдү да көп тапкан окшойсуң...
– Башында бул фестиваль тууралуу айтып, демөөрчү издегенде эч ким ишенген жок, мыйыгынан күлүп, кантип эле дүйнөлүк жылдыздарды чакырганга алың жетсин дегендей түр көрсөткөндөр да болду. Качан гана алар менен келишим түзө баштаганда ишене башташты.

– Чакырылган жылдыздар менен келишимдер жүзмө-жүз отуруп түзүлдүбү?
– Мен бул фестивалды уюштуруунун алдында өзүм ишенген, күчтүү, креативдүү балдарды чогултуп “Атай продакшн” продюсердик борборун ачкам. Өмүрбек Андарбеков (ырчы Ома) биздин каржы боюнча директорубуз, бардык келишимдерди ал Москвага барып ишке ашырып келди.

– Тынбай эле чет мамлекеттерге учуп жатасың. Ал жактарды өздөштүрүп, Кыргызстандан кетиш үчүн шарт түзүп жүргөн жоксуңбу?
– Жакында эле Чехиядан келдим. Негизи, Европа өлкөлөрүндө келишимдер боюнча өнөрүмдү эле көрсөтүп келип жатам. Кыскасы, Европа боюнча турне десек да болот. Ошол себептен жума сайын барып жатам. Кыргызстандан кетүү тууралуу ойлоп да көргөн эмесмин.

– Бийдин да өзүнүн мыйзамдары болот эмеспи. Сен бийлеп жүргөн электрик-буги стилин 100 пайызга жеткизе бийлейм деп айта аласыңбы?
– Мен бийлеген стилдин 5-6 пайызын гана өздөштүрдүм десем болот. Бирок бийден алгачкы жеңиштерге жетиштим. Эми башкаларга да жол бошотуш керек. Азыр алдымда көп пландарым бар: кино тартуу, бийге шыктуу балдарды тарбиялоо. Эгер бийлеп жүрө берсем, келишим боюнча чет жерлерде жарым жылдап жүрүп калышым мүмкүн. Бул учурларда көп нерседен аксап калам.

– Кино жаатын да багындырам деп жатыптырсың, режиссёр катарыбы?
– Таланттуу, өсөм деген балдардын маселелери тууралуу, мисалы, чыгармачылыгын жакындарынын түшүнбөстүктөрү, демөөрчү издеп кыйналуу, дагы ушуга окшогон толгон-токой көйгөйлөрдү козгогон тасма тартайын деп турам. Тартуучу топтун курамына (режиссёр, оператор, сценарист) чет жерде жүргөн таланттуу мекендештерибиз чакырылат.

– Тасманын сценарийи өз жашооңдон алынат окшойт...
– Ошондой десем да болот. Эсимде, жаңы бийлей баштаганда досторум “бийден эмне тапмак элең?” деген учурлар болгон. Бирок азыр аларга жасаган иштеримдин жыйынтыгын көрсөтүп койдум да.

– Интернет булактарында тоокту кармап алып, анын башынын кыймылдаганын сенин бийиңе салыштырып, “Атайдын бийинин сырлары” деген маанидеги видеолор жайылып кетти. Мындай нерселерге кандай карайсың?
– Көпчүлүктүн алдында тартиптүү, салабаттуу көрүнгөнүм менен, аябай тамашакөймүн. Тамаша катары эле кабыл алам.

– Жакында эле “Тумар КР” деген бий тобуң Украинада өткөн бий сынагында жарым финалга өттү. Шакирттериңдин жеңишке жетишине болгон чамаңды жумшап жатсаң керек...
– Жок, мен алардын жеңишке жетишин каалабайм. Анткени биринчи орунга жетишүү менен өздөрүнө чек коюп, андан ары өнүгүүнү токтотуп коюшу да мүмкүн. Балдар бул сынактан тажрыйба алышып, башка сынактарга да катышып көрүшү керек. Мына жакында эле Англияга, Кытайга чакыруу алдык.

– Эми сенин жеке өзүңө байланыштуу суроолорго буралы. Акыркы күндөрү Атай кол жеткис жылдыз болуп кеткен өңдөнөт...
– Ооба, бул нерсени өзүм деле билип жүрөм. Бирок канчалык өзүмдү кармап, чек коюп турсам да, кээ бир учурларда туура эмес кылып коюп жатам. Чынында, аябай эле өзгөрүлдүм. Мага көбүрөөк азыркы эмес, 15 жаштагы Атай жагып жүрөт.

– "Апамдын колун узартып келиндүү кылайын" деген ой быша элекпи?
– Азыр андай нерселерди ойлогонго убакыт жок.

– Белгилүү болгондон кийин эле туугандарың көбөйө баштагандыр. Андайларга мамилең кандай?
– Чынында, акыркы күндөрү тууган көбөйдү. Бирок мен аларга тааныш адам катары эле мамиле кылам. Тууган деп дайым жанымда жүргөндөрдү гана эсептейм.

– Атаң тараптан туугандарыңа такыр катышпайт экенсиң, таарынычың катуу го...
– Атам тарап менен карым-катнашым жок. Мени бир жаштан баштап апам жалгыз тарбиялап келет. Байкем гана ал кишини көрүп калды. Кыскасы, Өмүрзаков болуп апамдын фамилиясына өтүп алганым эле баарын түшүндүрсө керек. Көп сурап калышат, “эмне байкең башка фамилияда, бир тууган эмессиңерби?” деп. Мен апамдын фамилиясын алганымды туура деп ойлойм.

КЫСТЫРМА

  • Балалыкта учууну кыялдана берчүмүн. Билчүмүн, бул адам баласы үчүн мүмкүн эмес экенин. Бирок болбой эле машыга бердим. Көкөлөп учпасам да, учуп жүргөндөй басканды үйрөндүм.
  • Чехияда жеңишке жетип, сыйлык тапшырарда толкунданганымдан тигилер колумду кысайын десе, мен биринчи чекти алып жатпаймынбы. Эл дуу күлүп жиберди. Ошондо алар эмне деп ойлошту болду экен?..
  • Мемиреген тынчтыкта уктай албайм. Бирөөлөр мени менен сүйлөшүп жаткандай сезиле берет. Уктаарда көбүнчө телевизор күйгүзүп жатам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атай Өмүрзаков: "Окуучуларымдын жеңишке жетишин каалабайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Taalaibek
2012-04-30 15:38:09
Жаманда болсо атан. Атанды эч убакта кайгыга алдырба жана атандын фамилиясын ал. Атай сага дагы да болсо ийгилик каалайм каалайм.
0
asil-08
2012-04-30 15:57:00
иштерине ийгилик апандын фамилясына отуп туура кылыпсын атан кабар албаса сен эмнеге аны атам дешин керек
0
zamko
2012-04-30 15:57:24
Azamatsin Atay senin menen siymiktanabiz!!!
0
Elit
2012-04-30 18:53:54
Азамат, Атай оркунун оссун!
0
elnnura
2012-04-30 23:53:13
Азамат,Атай ишине ийгилик,аман бол
0
eminem
2012-05-01 15:05:28
azamatsyn ATAY ushundai chon maktana turgan dolboordu bashtaptyrsyn))saga iygilik onorundu orkundoto ber))anan bilip jur artynda ar daiym seni koldop koshtop turgan seni menen syimyktangan elin turat_-)))andyktan ushul dolboorundu iygiliktuu otkorup alyshyndy biz kudaidan tilep turaly))... IYGILIIIIIIIIK!!!!!
0
Shery
2012-05-01 16:46:15
azamatsyn Atai! bul dolboorun iigiliktuu bolup ketsin, KGstandi orkundoto ber!
0
baarinbilem
2012-05-02 10:23:26
эркек!
0
Kroxa
2012-05-02 17:22:13
чыныгы элим деген патриот!!ишине ийгилик!!
0
Silk
2012-05-03 00:20:42
Den sooluk, omur jana iygilik kaalaym. Ar bir baskan kadamyna Kudayim ozu jar bolsun!
0
Nona
2012-05-03 09:11:46
MOlodes Atay, mi gordimsya s toboy. Udachi tebe :)
0
Asus84
2012-05-04 09:16:53
жакшы бирок жылдыз боло баштаганго мурдагы маектеринде жонокойлук коп байкалчу ммм.....?
0
Koreanka
2012-05-05 00:20:23
Asus84, Сага кошулам.
0
RossiKG
2012-05-04 15:46:29
Атай Алга, Иштерине Ийгилик!
0
jhanibek
2012-05-04 16:37:52
супер инфо аябай чагымчы. макаланын темасын жазыпсынар атай окуучуларынын женишин каалабайт деп. а окуп келсен такыр башкача ал окуучуларынын осушун ойлоп атат
0
missnelya
2012-05-04 17:58:19
азамат Атай,кээ бир биздин саясатчылардын оозду коптуруп суйлогонуно караганда сен чын эле ишин менен Кыргызстандын атын чыгармай болдун, азамат!Иштерине ийгилик,долбоорун ийгиликтуу отсун.
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан