“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев мындан кийин митингдерди уюштурбай турганын маалымдады. Буга жооп катары премьер-министр Өмүрбек Бабановдун басма сөз кызматы оппозиция каалагандарын кылса болорун, бирок баары мыйзамдын чегинде болушу керектигин белгиледи. "Мен мындан кийин өкмөт башчы менен жолукпайм. Мындан ары кандайдыр бир революция же төңкөрүш болсо, буга бизди күнөөлөп чыкпагыла",- деди Камчыбек мырза.
Эл үчүн күйүп-бышып жаткан оппозиция лидери эмне үчүн теңирден тескери билдирүү таратып отурат? Кечээ эле "Бишкекте чоң митинг өткөрөм" деп чамынып турбады беле? Чындап эле акчанын тартыштыгы себеппи же Өмүрбек Бабанов тилин тапканбы, кыскасы, убактылуу акциялар токтоду.
Айтмакчы, 25-апрелде Кара-Балтада митинг уюштурулмакчы болуп, бирок эл ага келбей койду. Кээ бири “бул – оппозициянын кылган иши” деп айтууда. Айта кетсек, митингдин башкы уюштуруучуларынын бири – Кара-Балта шаарынын экс-мэри Оомат Казакбаев.
Буга чейин оппозиция өкүлдөрү Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда митингдерди уюштурушуп, бир канча талаптарды коюшкан. Алардын эң негизги талабы өкмөттүн отставкага кетүүсү болгон.