Кыргызстан менен Түндүк Кипрдин ортосундагы мамиледен улам эл аралык чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Муну айтып бизге кайрылган окурман депутат Талант Мамытовдун Түндүк Кипрге атайын визит менен барып келгендигин, бул эл аралык келишимди бузуу болгондугун белгилейт. Түндүк Кипрди өлкө катары БУУга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Түркия менен Абхазиядан башкалар тааныбайт. Алардын катарында биз да барбыз. Муну ТИМ да ырастайт. “БУУнун резолюциясына ылайык, биздин мамлекеттик кызматкерлердин Түндүк Кипрге расмий иш сапарына жол берилбейт. Бирок ал жакта биздин мекендештерибиз бар. Депутатпы же башкабы, жеке чакыруулар менен ал өлкөгө барса, аларды кармап кала албайбыз”,- дейт министрлик. Депутаттын ал өлкөгө кандай максатта баргандыгын биле албадык, Талант мырза жооп берүүдөн баш тартты.