Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан менен мамиле өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Владимир Рушайлону кызматынан алды. Ал 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөт менен тил табышуу үчүн жөнөтүлгөн эле. Владимир мырза соңку эки жыл ичинде Кыргызстанга байма-бай каттап, парламенттик жана президенттик шайлоолордо таасирдүү талапкерлер, бийлик жетекчилери менен тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турган.
Владимир Рушайлонун кызматтан алынуусуна Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соңку салкын мамиле себеп болду дешүүдө.