Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде да жүргүзүлөрүн билдирди. 15-апрель күнү “Кыргыз жаштар Кеңеши” уюму жогоруда аталган министрликтин алдына республикалык тестирлөөдөн өзбек тилин алып салуу талабы менен митингге чыккан. Алардын айтымында, өзбек тилинин тестке киргизилиши мыйзамды бузуп жатат. “Тест өзбек тилинде да болот. Анткени өзбек тилдүү элдердин укугун биз тебелей албайбыз”,- деди министр Канат Садыков.
Жалпы республикалык тестирлөө биринчи жолу 2002-жылы башталган. Учурда өлкөдө 91 өзбек тилдүү мектеп бар.