Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы Энелер күнү тууралуу” буйрукка кол койду. Эми мамлекетибизде бул күн май айынын үчүнчү дем алыш күнү белгиленип турмакчы. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп калмакчы.
“Коомдо аялдарга болгон сый-урматсыз биздин мамлекет үчүн алдыга жылуу оор болот. Акыркы болгон окуяларга, саясий кырдаалдарга байланыштуу айымдарга көңүл бурулбай калды”,- дейт президент.
Эске салсак, дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде Энелер күнү белгиленет.